Өзүңдүн Ошуңду Open Osh менен ач!
Open Osh – бул жөн гана гид эмес, шаарды жаңыча жана күтүүсүз тараптан ачып берген уникалдуу маршруттар жана жайлар дүйнөсү.
Автордук турларды колдонуп, кызыктуу жерлер тууралуу кеңеш ал, өзүңдүн кызыгууларыңа жана жашоо темпиңе жараша маршрутуңду түз. Оштун жашоочулары жана маданияты менен таанышып, анын чыныгы жан дүйнөсүн жана атмосферасын сез!
Tурлар
Локациялар
-

Көркөм сүрөт музейи
Тургунбай Садыков атындагы Ош облустук көркөм сүрөт музейи жергиликтүү музейлердин эң жашы. Ал 2014-жылы жергиликтүү сүрөтчүлөрдүн демилгеси менен ачылган. Бул укмуштуудай музей кол өнөрчүлөрдүн тарыхый кварталында жайгашкан жана Абдулла-хан IIнин тарыхый жума мечит-рабатына чектешет.
-

Темир усталардын катарлары
Темир усталардын катарлары миң жыл мурункудай эле Ак-Бууранын жээгинде, эски базардын эң колориттүү бөлүгүндө жайгашкан. Ар бир күнү эртең менен бул жерден дөшүгө тийген балканын катуу үндөрү угулат. Темир устачылык көп жылдык салт менен көбөйгөн тактык, эпчилдик жана чыдамкайлуулукту талап кылат, бул сапаттарсыз темир уста болууга болбойт.
-

Нөлдүк километр. Сулайман-Тоонун этеги
Сулайман-Тоонун түндүк этегинин алдындагы аянт дайыма ачык жана адамдар көп жүргөн жай болчу. 1970-жылдарга чейин мурунку жаңы музейдин, фонтандын жана аянтчанын ордунда кадимки махалла, ылай топурактан курулган үйлөрү бар шаар кварталы бар болгон.
-

Кол өнөрчүлөр кварталы
Оштогу сүрөтчүлөрдүн шаардагы эң сүйүктүү кварталдарынын бири. Жергиликтүү пейзажисттердин арасында Сулайман-Тоодон кийинки эң белгилүү локация. Илгери мечит жана медреселер көп болгондугуна байланыштуу, Оштун бул бөлүгү кээде “шейхтердин кварталы” деп аталчу.
-

Памирге болгон жол Оштон башталат!
Оштогу өзгөчө эстеликтердин бири! Памир тракты – дүйнөдөгү эң бийик тоолуу жолдордун бири, 1894-жылы Россия империясынын армиясынын саперлору Мицкевич, Бураковский жана Зараковский тарабынан эски кербен жолдорун бойлой салынган.
-

Шишкебектер!
Кыргызстандын башка эч бир жеринде Оштогудай шишкебектердин түрү жок. Дээрлик ар бир кафеде шишкебектин бир нече түрүнө буйрутма берүүгө болот. Алар койдун кабыргасынан, куйрук майы кошулган кой этинен, койдун боор этинен, уй этинен, тоок этинен жасалат жана люля-кебабдын бир нече түрү бар.
-

Башталыш. Ош конушу
1967-жылы Ош облустук край таануу музейинин советке чейинки тарых бөлүмүнүн башчысы Елена Дружинина Сулайман-Тоонун түштүк этегинен теги жана жазуусу боюнча чуст маданиятына окшош керамика буюмдарынын фрагменттерин таап алган. Бул археологиялык табылгадан Оштун 3000 жылдык тарыхын эсептөө башталган.
-

Таш бетиндеги сүрөттөр
Оштун миң жылдык тарыхынын айкын күбөсү болгон петроглифтер Сулайман-Тоонун дээрлик бардык жеринде кездешет. Алар көбүнчө бардык беш чокунун түштүк, чыгыш, түштүк-чыгыш жана түштүк-батыш капталдарында кездешет.











