
Сулайман – Тоо
Сулайман-Тоого кош келиңиздер! Сулайман-Тоо – Оштун визиттик картасы. Шаарга кайсы тараптан кирсеңиз да, тарыхый борбордон анын сыймыктануу менен көтөрүлүп турган мүнөздүү караанын көрө аласыз.
Дал ушул Сулайман-Тоонун этегинде байыркы Ош шаары пайда болгон. Археологдор тоонун түштүк капталдарындагы тектирчелерден биздин заманга чейинки 2-миң жылдыктын аягы – 1 миң жылдыктын башында Чуст маданиятынын Ош конушунун болгондугунун төгүнгө чыгарылгыс далилдерин табышкан.
Хандыктар, империялар алмашты, башкаруучулар келишти, кетишти, бир гана Сулайман-Тоо көптөгөн муундар үчүн багыт болуп калуу менен бирге өзүнүн маанилүүлүгүн жана касиетин эч качан жоготкон жок.
Кызыктуу факт. XVI кылымга чейин тоо Бара-Кух деп аталып келген, Сулайман-Тоо деп кийин аталып калган. Бирок, бул жагдайга карабастан, айтылып келген лакаптарда жана уламыштарда тоо Библия падышасы Сулаймандын (Соломон) аты менен тыгыз байланышта болгон. XIX-XX кылымдардагы тарыхый хроникаларда “Сулайман так” деп да аталып келген, бул “Сулаймандын тагы” дегенди түшүндүргөн. Ал чындыгында шаардын үстүнөн так сыяктуу көтөрүлүп, Фергана өрөөнүнүн түштүк-чыгыш четин кайтарып тургандай көрүнөт.
Турдун локациялары
- Таш бетиндеги сүрөттөрОштун миң жылдык тарыхынын айкын күбөсү болгон петроглифтер Сулайман-Тоонун дээрлик бардык жеринде кездешет. Алар көбүнчө бардык беш чокунун түштүк, чыгыш, түштүк-чыгыш жана түштүк-батыш капталдарында кездешет.
- Могол империясынын негиздөөчүсү Бабурдун бөлмөсүБул Сулайман-Тоодогу эң белгилүү тарыхый эстелик! Бул Индустан жарым аралындагы моголдордун империясынын негиздөөчүсү Захир ад-дин Мухаммед Бабурдун бөлмөсү. Мусулмандар бул бөлмөнү зыяратчылар ибадат кылуучу жана эс алуучу чакан үжүрө же медресе бөлмөсү деп аташкан.
- Сулайман-Тоодогу чокулар жана үңкүрлөрСулайман-Тоо – узундугу 1 140 метр, туурасы 569 метр болгон, Фергана өрөөнүнүн түштүк-чыгыш бөлүгүндө, деңиз деңгээлинен 1 000 метрден ашык бийиктикте, Оштун тарыхый борборунда жайгашкан беш баштуу акиташ калдыгы.
- Рушан үңкүрүндөгү музей1978-жылдын июль айынын ысык бир күнүндө Сулайман-Тоодо 752 чарчы метр экспозициялык аянттагы 13 үңкүрдө жайгашкан тарыхый-аймак таануу музейи ачылган!
- Башталыш. Ош конушу1967-жылы Ош облустук край таануу музейинин советке чейинки тарых бөлүмүнүн башчысы Елена Дружинина Сулайман-Тоонун түштүк этегинен теги жана жазуусу боюнча чуст маданиятына окшош керамика буюмдарынын фрагменттерин таап алган. Бул археологиялык табылгадан Оштун 3000 жылдык тарыхын эсептөө башталган.
- Сулайман-Тоодогу От дарбазасыБайыркы Ош улуу Сулайман-Тоосу менен сыйкырдуу жагымдуулукка ээ, түрдүү диндердин жана ишенимдердин жактоочуларын өзүнө тартып, зыяратчылар менен дервиштердин зыярат кылуучу жайы катары кызмат кылып келет.

Башка локациялар
-

Алтын базар
Эски базарга болгон саякатты Шейит-Дөбө тарыхый кварталындагы Ленин көчөсү тараптан өтүүчү эски өтмөктөн баштоону сунуштайбыз. Көчөдөн ал жак көрүнбөйт, өтмөк жарнама тактайлары менен тосулуп калган.…
-

Токтогул атындагы сейил бак
Оштогу эң эски сейил бактардын бири, 1878-жылы генерал-губернатордун шаардык багы катары салынган. Ошол эле жылдары Ак-Бууранын сол жээгине чиркөө, казына, аскер казармалары жана дарыканасы бар…
-

Кыргызстандагы эң биринчи театр!
Оштун театр искусствосу 1877-жылы башталган, анда театр ышкыбоздору “Адамдын тагдыры кудайдыкы эмес” спектаклин жана “Жакшы үй-бүлөдөгү чатак” водевилин коюшкан. Театр ийрими 4-Түркистан ырааттуу батальонунун аскердик…
-

Кол өнөрчүлөр
Эски базар өз кол өнөрүнүн сырларын бекем сактаган кол өнөрчүлөр менен белгилүү, ал эми алардын буюмдарына ушул күнгө чейин жергиликтүү тургундардын суроо-талабы жогору. Алар буюмдардын…
-

Оштогу чыныгы самсалар!
Самса аш менен бирге оштун беш гастрономиялык брендине кирет. Ош ашканасын самсасыз элестетүү кыйын. Түштүк жана Түштүк-чыгыш Азияда жайылган самосалардан айырмаланып, Оштун самсасы бир топ…
-

Мухаммад Юсуп Байходжа оглынын мечити
Мухаммад Юсуп Байходжа оглынын мечити ХХ кылымдагы архитектуранын эстелиги, ал Навои көчөсүндө жайгашкан, Кыргызстандын түштүгүнө мүнөздүү кварталдык диний курулманын үлгүсүн көрсөтөт.
-

Мозаика доорлордун символу сыяктуу
Оштун айрым имараттарында сакталып калган монументалдык мозаика шаардын тарыхындагы совет мезгилинин визиттик картасы болуп саналат. Ошол мезгилдин рухуна толук канган мозаика паннолору Ошто биринчи жолу…
-

Эстеликтер алмашкан доорлордун символу сыяктуу
Оштун борбордук аянтында коммунисттердин жол башчысы Владимир Лениндин эстелиги дагы деле турат, ал 1985-жылдын май айында тургузулган. 11 метр бийиктиктеги эстелик 12 метрлик постаментте көтөрүлгөн.…











