Ошту Кыргызстандын гастрономиялык борбору деп атоого болот. Бул жерде эртең мененки азандын алгачкы дабышы менен ар түрдүү көчө тамактарын саткан бүтүндөй квартал жанданат. Чоң тандырлар кара зиреден (сейданадан) кенен себилген нандарды бышыруу үчүн кызарганча ысытылат.

Жергиликтүү кафелерден таң эртеден тартып, ачуу чили шакекчелери жана муздак айран кошулган күрүчтөн жасалган жаңы бышкан коюу “маставаны” ичүүгө болот. Эгерде кандайдыр бир жеңил тамак ичүүнү кааласаңыз, кара мурчтун кырсылдак дандары кошулган бир кесе шорпого буйрутма бериңиз.

Түшкү тамакка белгилүү Ош самсаларын даамдап көрүүнү сунуш кылабыз! Бир гана Ошто чыныгы тандыр самсалардын бир нече түрүн жасашат. Шишкебектердин түрлөрүн, өзгөчө Оштун люля-кебабын да эсиңизден чыгарбаңыз.

Эттүү тамактардан бир аз тажагандар үчүн картошка эзмеси кошулган белгилүү майда мантынын жана куйрук майы кошулуп, бууга бышырылып жасалган нокоттун даамынан ырахат алууну сунуштайбыз! Шириндикке жергиликтүү халванын түрлөрүн даамдап көрүңүздөр!

Ош – гастрономиялык даамдардын түгөнгүс майрамы. Эгерде сизге тамак жакса, ашпозчуга ыраазычылык айтып, сөзсүз түрдө анын аты-жөнүн сурап алыңыз. Ошто эң мыкты шишкебек, самса же палоо издөөдө ашпозчуга көп көңүл бурушат.


  • Шишкебектер!
    Кыргызстандын башка эч бир жеринде Оштогудай шишкебектердин түрү жок. Дээрлик ар бир кафеде шишкебектин бир нече түрүнө буйрутма берүүгө болот. Алар койдун кабыргасынан, куйрук майы кошулган кой этинен, койдун боор этинен, уй этинен, тоок этинен жасалат жана люля-кебабдын бир нече түрү бар.  
  • Памил чай
    Эгерде туура демделген көк чайдан ырахат алууну кааласаңыз, Ошко кош келиңиз! Мында жайдын эң катуу аптабында да шаар тургундары чынардын түбүндөгү секилерге отуруп алышып, ысык көк чайдан жайдары ичишет.
  • Навай-нан: түштүктүн даамдуу нандары
    Кыргызстандын эч бир жеринде Оштогудай тандыр нандардын түрлөрүн кездештирүүгө болбойт. Бул жакта дээрлик ар бир кварталда тандырканалар бар, мында таң эртеден тартып, нан салгычтарда табитти ачкан ысык нандар турат.
  • Эң майда мантылар
    Майда манты – Ош ашканасынын вегетариандык тамактарынын эң белгилүүсү. Мурун аны көлөмүнө карап, «чычкан-манты» деп аташчу. Элдин арасындагы дагы бир аталышы «эки тыйын манты», анткени совет убагында анын бир даанасы 2 тыйындан сатылчу. Азыркы учурда бул аталыштардын ичинен «майда манты» деген аты гана калган.
  • Оштогу чыныгы самсалар!
    Самса аш менен бирге оштун беш гастрономиялык брендине кирет. Ош ашканасын самсасыз элестетүү кыйын. Түштүк жана Түштүк-чыгыш Азияда жайылган самосалардан айырмаланып, Оштун самсасы бир топ чоң жана даамдуу!
  • Ош ашы
    Аш – бул Оштун негизги тамагы! Бекеринен шаар менен тамактын аталышы окшош болбосо керек. Ошто Ташкент же Самарканд ашынан айырмаланган, аштын классикалык түрүн жасашат. Андижан, Маргилаң жана Өзгөндө жасалган аштардын вариациялары менен окшоштугу бар.

  • Орус православ чиркөөсү

    Михайло-Архангельский храмы – Орус православ архитектурасынын жалгыз эстелиги, XIX кылымдын аягында анын айланасында “жаңы шаар” деп аталган Оштогу славян коомчулугу калыптана баштаган.

  • Эң майда мантылар

    Майда манты – Ош ашканасынын вегетариандык тамактарынын эң белгилүүсү. Мурун аны көлөмүнө карап, «чычкан-манты» деп аташчу. Элдин арасындагы дагы бир аталышы «эки тыйын манты», анткени…

  • Ош чеби

    Ош чеби 1919-жылы Россия падышалыгы убагындагы мурунку аскер казармаларынын ордуна курулган, “жаңы шаардын” дал борборундагы Курманжан Датка жана Ломоносов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан.

  • Темир усталардын катарлары

    Темир усталардын катарлары миң жыл мурункудай эле Ак-Бууранын жээгинде, эски базардын эң колориттүү бөлүгүндө жайгашкан. Ар бир күнү эртең менен бул жерден дөшүгө тийген балканын…

  • Орто кылымдагы мончо

    Сулайман-Тоонун түндүк этегиндеги орто кылымдагы мончонун калдыктары 1984-жылы павильон куруу үчүн курулуш иштерин жүргүзүп жаткан убакта күтүүсүздөн табылган.

  • Тешик-Таш

    Бул тээ илгертен бери сакталып келе жаткан базарга баруучу колориттик өтмөктөрдүн бири. Тээ алыскы убактарда жардагы таштуу жерлердин арасында жайгашкан турак жай кварталдарынан түшө турган…

  • Халмурзай жана Мухаммедбай түрктүн медресеси

    Бүгүнкү күндө Навои, Курманжан Датка жана Ленин көчөлөрү менен белгиленген кварталдардан Оштун эски кварталдарынын белгилерин табуу кыйын. Ал өзүнүн тарыхый белгилерин дүркүрөгөн оңдоп-түзөөлөр башталган 1960-жылдары…

  • Көркөм сүрөт музейи

    Тургунбай Садыков атындагы Ош облустук көркөм сүрөт музейи жергиликтүү музейлердин эң жашы. Ал 2014-жылы жергиликтүү сүрөтчүлөрдүн демилгеси менен ачылган. Бул укмуштуудай музей кол өнөрчүлөрдүн тарыхый…