
Тарыхый базар
Тарыхый цивилизациялар биринин артынан бири алмашып, хандыктар, империялар жаралып, кайра урап, жадагалса, мамлекеттик түзүлүштөр алмашып жатты, ал эми миң жылдык Ошто Ак-Бууранын жээгинде жана жергиликтүү адырлардын этегинде ыңгайлуу жайгашкан базарлар гана өзгөрүлбөй сакталып келүүдө.
Алар караханиддер доорунун жаралышын жана урашын, Чыңгызхандын урпактарынын жортуулдарын, Шейбаниддер династиясынын басып алууларын, хандыктардын бийликтеринин чексиз алмашууларын, Россия империясынын курамына кирүүнү, жарандык согуштун катаал учурларын жана СССРдин тарашын баштан өткөрүшкөн.
Оштун миң жылдык тарыхы шаар кварталдары аркылуу артерия сыяктуу агып өткөн көп сандаган базарлар менен тыгыз байланышта, эски базар бүтүндөй Оштун жүрөгү сыяктуу, дайымкыдай жандуу, ызы-чуу жана эл көп. Жадагалса, анын жайгашкан жери да өзгөрүлгөн эмес, ал Ак-Бууранын кууш жээгине ыңгайлуу жайгашкан. Жаңы павильондор коюлгандыгына байланыштуу, анын аймагы мурункудан кеңейген.
Ош үчүн базарлар жөн гана чоң аймак болуп саналбастан, соода кызуу жүргөн аймак болгон. Алар элдерди жана өлкөлөрдү, маданияттарды жана тилдерди, ашканаларды жана адаттарды, салттарды жана үрп-адаттарды бириктирип турган. Өзгөчө бул оштуктардын гастрономиялык артыкчылыктарынан жана эски базардын ар түрдүүлүгүнөн даана көрүнүп турат.
Турдун локациялары
- Тешик-ТашБул тээ илгертен бери сакталып келе жаткан базарга баруучу колориттик өтмөктөрдүн бири. Тээ алыскы убактарда жардагы таштуу жерлердин арасында жайгашкан турак жай кварталдарынан түшө турган кадимки өтмөк болгон.
- Көп түрдүүлүкБиз базарды шашпай, жайбаракат аралап чыгууну жыпар жыттуу көк чайдан баштоону сунуштайбыз. Базардын эски бөлүгүндөгү жергиликтүү чайханалардын бирине кириңиз. Жазылбаган салт боюнча базарга болгон саякат Ак-Бууранын жээгинде жайгашкан чайханаларга кирүүдөн башталат.
- Кол өнөрчүлөрЭски базар өз кол өнөрүнүн сырларын бекем сактаган кол өнөрчүлөр менен белгилүү, ал эми алардын буюмдарына ушул күнгө чейин жергиликтүү тургундардын суроо-талабы жогору. Алар буюмдардын сапатын жана көпкө чыдамдуулугун баалашат.
- Темир усталардын катарларыТемир усталардын катарлары миң жыл мурункудай эле Ак-Бууранын жээгинде, эски базардын эң колориттүү бөлүгүндө жайгашкан. Ар бир күнү эртең менен бул жерден дөшүгө тийген балканын катуу үндөрү угулат. Темир устачылык көп жылдык салт менен көбөйгөн тактык, эпчилдик жана чыдамкайлуулукту талап кылат, бул сапаттарсыз темир уста болууга болбойт.
- Алтын базарЭски базарга болгон саякатты Шейит-Дөбө тарыхый кварталындагы Ленин көчөсү тараптан өтүүчү эски өтмөктөн баштоону сунуштайбыз. Көчөдөн ал жак көрүнбөйт, өтмөк жарнама тактайлары менен тосулуп калган. Бул өтмөк жарда курулган үйлөрдүн жана соода жайларынын ортосунда жайгашкан тар, кээ бир жерлери ийри-буйру болгон өтмөк болуп саналат.
- Базардын тарыхыОштун эски базарынын жашы менен шаардын жашы бирдей. Бүгүнкү күндө жергиликтүү базарлардын көпчүлүгү жок болуп кетти, айрымдары өз локацияларын алмаштырды, эски базар гана доорлорду жана мамлекеттерди өзгөртүп, Ак-Бууранын жээгинде жайгашуу менен өзүн өзгөртпөй келе жатат.

Башка локациялара
-
Халмурзай жана Мухаммедбай түрктүн медресеси
Бүгүнкү күндө Навои, Курманжан Датка жана Ленин көчөлөрү менен белгиленген кварталдардан Оштун эски кварталдарынын белгилерин табуу кыйын. Ал өзүнүн тарыхый белгилерин дүркүрөгөн оңдоп-түзөөлөр башталган 1960-жылдары…
-
Токтогул атындагы сейил бак
Оштогу эң эски сейил бактардын бири, 1878-жылы генерал-губернатордун шаардык багы катары салынган. Ошол эле жылдары Ак-Бууранын сол жээгине чиркөө, казына, аскер казармалары жана дарыканасы бар…
-
Орус православ чиркөөсү
Михайло-Архангельский храмы – Орус православ архитектурасынын жалгыз эстелиги, XIX кылымдын аягында анын айланасында “жаңы шаар” деп аталган Оштогу славян коомчулугу калыптана баштаган.
-
Ош чеби
Ош чеби 1919-жылы Россия падышалыгы убагындагы мурунку аскер казармаларынын ордуна курулган, “жаңы шаардын” дал борборундагы Курманжан Датка жана Ломоносов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан.
-
Көркөм сүрөт музейи
Тургунбай Садыков атындагы Ош облустук көркөм сүрөт музейи жергиликтүү музейлердин эң жашы. Ал 2014-жылы жергиликтүү сүрөтчүлөрдүн демилгеси менен ачылган. Бул укмуштуудай музей кол өнөрчүлөрдүн тарыхый…
-
Шишкебектер!
Кыргызстандын башка эч бир жеринде Оштогудай шишкебектердин түрү жок. Дээрлик ар бир кафеде шишкебектин бир нече түрүнө буйрутма берүүгө болот. Алар койдун кабыргасынан, куйрук майы…
-
Кыргызстандагы эң биринчи театр!
Оштун театр искусствосу 1877-жылы башталган, анда театр ышкыбоздору “Адамдын тагдыры кудайдыкы эмес” спектаклин жана “Жакшы үй-бүлөдөгү чатак” водевилин коюшкан. Театр ийрими 4-Түркистан ырааттуу батальонунун аскердик…
-
Нөлдүк километр. Сулайман-Тоонун этеги
Сулайман-Тоонун түндүк этегинин алдындагы аянт дайыма ачык жана адамдар көп жүргөн жай болчу. 1970-жылдарга чейин мурунку жаңы музейдин, фонтандын жана аянтчанын ордунда кадимки махалла, ылай…