Памирге болгон жол Оштон башталат!

Оштогу өзгөчө эстеликтердин бири! Памир тракты – дүйнөдөгү эң бийик тоолуу жолдордун бири, 1894-жылы Россия империясынын армиясынын саперлору Мицкевич, Бураковский жана Зараковский тарабынан эски кербен жолдорун бойлой салынган.

Улуу Памир же “Дүйнөнүн чатыры” дайыма басып алууга жана өз бийлигин жүргүзүүгө аракет кылган империялар менен мамлекеттердин кызыгуусун жаратып келген. Советтер Союзу да мындан четте калган эмес.

Памирди басып алуунун советтик тарыхы символикалуу түрдө 1933-жылдын 7-ноябрында Оштон Хорогго биринчи жүк ташуучу автоунаа келгенде башталган. Бул окуяны эскерип, 1987-жылы ушул жерде жашаган №3333 аскер бөлүгүнүн аскер кызматкерлеринин демилгеси менен Ошто Памирди басып алгандарга арналган чыныгы сейрек кездешүүчү ГАЗ-АА В жүк ташуучу унаасы менен эстелик орнотулган.

2007-жылы тарыхый экспонат Бишкектеги Куралдуу күчтөрдүн музейине өткөрүлүп берилген. Тилекке каршы, оригиналдуу постамент ошол убакта бузулган. 2012-жылы эстеликти толугу менен калыбына келтиришкен, ал эми атактуу ГАЗ-АА жүк ташуучу унааны автобатальондун (№3333 бөлүк) ардагеринен табышкан.

Жаңы жолду тейлөө үчүн 1935-жылы Ошто жана Хорогдо жайгашкан эки автобазасы бар Памир өндүрүштүк автотранспорттук бирикмеси түзүлгөн. 1948-жылы жолду капиталдык оңдоо башталган. 1960-жылы Алай өрөөнү менен Тоолуу Бадахшанга жыл бою жүрүүчү автоунаа байланышы түзүлгөн. 1984-жылы жолдун дээрлик бардыгына асфальт төшөлгөн.

Ош-Хорог жолу “Чыгыш Памир тракты” деп аталган. Анын узундугу 701км түзгөн. Ал үч ашуу аркылуу өткөн: Талдык (3 615 км), Кызыл-Арт (4 280 км) жана Ак-Байтал (4 655км). Памир трактынын жолу эл аралык автоунаа карталарында М41 жолунун курамы катары белгиленген. Бул жылдын бардык мезгилинде жүрүүгө мүмкүн болгон эң кооз бийик тоолуу жолдордун бири.

  • Алай тоолорундагы советтик шаар

    Советтик Ошко кош келиңиздер! Шаардын азыркы көрүнүшү негизинен совет мезгилде калыптанган. Бул пландарды 1930-жылдардын аягында ишке ашырууга экинчи дүйнөлүк согуш тоскоол болгон. Ошондуктан, Оштун толук…

  • Көпүрөлөр жана Ак-Буура

    Ош – көп сандагы көпүрөлөрдүн жана көпүрөчөлөрдүн шаары. Биз шаарда сейилдеп жүрүп, көпүрөлөрдө сейилдеп жүргөнүбүздү сезбейбиз,  алардын алдында көп сандагы каналдар жайгашкан. Көпүрөлөрдүн көпчүлүгү Ак-Буура…

  • Эстеликтер алмашкан доорлордун символу сыяктуу

    Оштун борбордук аянтында коммунисттердин жол башчысы Владимир Лениндин эстелиги дагы деле турат, ал 1985-жылдын май айында тургузулган. 11 метр бийиктиктеги эстелик 12 метрлик постаментте көтөрүлгөн.…

  • Мозаика доорлордун символу сыяктуу

    Оштун айрым имараттарында сакталып калган монументалдык мозаика шаардын тарыхындагы совет мезгилинин визиттик картасы болуп саналат. Ошол мезгилдин рухуна толук канган мозаика паннолору Ошто биринчи жолу…


  • Алтын базар

    Эски базарга болгон саякатты Шейит-Дөбө тарыхый кварталындагы Ленин көчөсү тараптан өтүүчү эски өтмөктөн баштоону сунуштайбыз. Көчөдөн ал жак көрүнбөйт, өтмөк жарнама тактайлары менен тосулуп калган.…

  • Башталыш. Ош конушу

    1967-жылы Ош облустук край таануу музейинин советке чейинки тарых бөлүмүнүн башчысы Елена Дружинина Сулайман-Тоонун түштүк этегинен теги жана жазуусу боюнча чуст маданиятына окшош керамика буюмдарынын…

  • Рушан үңкүрүндөгү музей

    1978-жылдын июль айынын ысык бир күнүндө Сулайман-Тоодо 752 чарчы метр экспозициялык аянттагы 13 үңкүрдө жайгашкан тарыхый-аймак таануу музейи ачылган!

  • Ош чеби

    Ош чеби 1919-жылы Россия падышалыгы убагындагы мурунку аскер казармаларынын ордуна курулган, “жаңы шаардын” дал борборундагы Курманжан Датка жана Ломоносов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан.