

Кирүү акысы – 50-70 KGS

Жайында 09:00 – 20:00

Кышында 09:00 – 17:00

Дүйшөмбү

+996 703 57 27 77
Менин турума кош
Башталыш. Ош конушу
1967-жылы Ош облустук край таануу музейинин советке чейинки тарых бөлүмүнүн башчысы Елена Дружинина Сулайман-Тоонун түштүк этегинен теги жана жазуусу боюнча чуст маданиятына окшош керамика буюмдарынын фрагменттерин таап алган. Бул археологиялык табылгадан Оштун 3000 жылдык тарыхын эсептөө башталган. Бирок тарыхчы ал кезде өзүнүн табылгасынын келечектеги маанилүүлүгүн шекшиген эмес.
1976-жылы үңкүр комплексиндеги жаңы музейге жол курулганда Дружинина курулуш иштери жүрүп жаткан жерден коло дооруна таандык көп сандаган керамиканын фрагменттерин камтыган маданий катмарды тапкан.
1979-жылдан 1982-жылга чейин СССРдин Илимдер Академиясынын Археология институтунун экспедициясы Ош облустук аймак таануу музейинин жана Ош пединститутунун кызматкерлери менен биргеликте археолог Юрий Заднепровскийдин жетекчилигинде 2 000 чарчы метрден көп аянттан калкаларды кармап туруучу мамылар үчүн чуңкурлары бар 14 жер тамдын 15 террасасын, дан жана тамак-аш азыктарын сактоочу 15 чарба чуңкурун, ошондой эле көп сандаган керамика идиштеринин, таштан жана куюлуп жасалган ар кандай буюмдардын фрагменттерин табышкан. Мындан сырткары, идиштери менен кошо көмүлгөн конуштун жашоочуларынын сөөктөрү да табылган.
Сулайман-Тоодо табылган топурактан салынган жер үстүндөгү жер тамдар чуст маданиятынын башка шаарлары менен окшоштуктарга ээ болгон. Бир олуттуу айырмачылык бар болгон. Ош конушу өзүнүн террасалары менен айырмаланып турган, бул башка шаарлардын фонунда өзгөчөлөнүп турган.
Бул Сулайман-Тоодогу археологдор тарабынан табылган акыркы коло доорунун чуст маданиятынын алгачкы отурукташкан дыйкандарынын ири конушу болгон. Радиокөмүртек экспертизасы Ош конушунун жашын биздин доорго чейинки 2-миң жылдыктын аягы – 1-миң жылдыктын башы деп аныктаган.
Көптөгөн тарыхый конуштар артында дөбө жана хроникалардагы жазууларды гана калтырып, жер бетинен жок болуп кетишти. Ош конушу болсо, чуст маданиятынан кийин тарыхый доорлордун жана мезгилдердин алмашуусуна карабастан, өсүп-өнүгүүнү уланта берди.

Жакындагы локациялар
-
Сулайман-Тоодогу чокулар жана үңкүрлөр
Сулайман-Тоо – узундугу 1 140 метр, туурасы 569 метр болгон, Фергана өрөөнүнүн түштүк-чыгыш бөлүгүндө, деңиз деңгээлинен 1 000 метрден ашык бийиктикте, Оштун тарыхый борборунда жайгашкан беш баштуу…
-
Рушан үңкүрүндөгү музей
1978-жылдын июль айынын ысык бир күнүндө Сулайман-Тоодо 752 чарчы метр экспозициялык аянттагы 13 үңкүрдө жайгашкан тарыхый-аймак таануу музейи ачылган!
-
Сулайман-Тоодогу От дарбазасы
Байыркы Ош улуу Сулайман-Тоосу менен сыйкырдуу жагымдуулукка ээ, түрдүү диндердин жана ишенимдердин жактоочуларын өзүнө тартып, зыяратчылар менен дервиштердин зыярат кылуучу жайы катары кызмат кылып келет.
-
Таш бетиндеги сүрөттөр
Оштун миң жылдык тарыхынын айкын күбөсү болгон петроглифтер Сулайман-Тоонун дээрлик бардык жеринде кездешет. Алар көбүнчө бардык беш чокунун түштүк, чыгыш, түштүк-чыгыш жана түштүк-батыш капталдарында кездешет.
Башка локациялар
-
Базардын тарыхы
Оштун эски базарынын жашы менен шаардын жашы бирдей. Бүгүнкү күндө жергиликтүү базарлардын көпчүлүгү жок болуп кетти, айрымдары өз локацияларын алмаштырды, эски базар гана доорлорду жана…
-
Көп түрдүүлүк
Биз базарды шашпай, жайбаракат аралап чыгууну жыпар жыттуу көк чайдан баштоону сунуштайбыз. Базардын эски бөлүгүндөгү жергиликтүү чайханалардын бирине кириңиз. Жазылбаган салт боюнча базарга болгон саякат…
-
Эң майда мантылар
Майда манты – Ош ашканасынын вегетариандык тамактарынын эң белгилүүсү. Мурун аны көлөмүнө карап, «чычкан-манты» деп аташчу. Элдин арасындагы дагы бир аталышы «эки тыйын манты», анткени…
-
Ош чеби
Ош чеби 1919-жылы Россия падышалыгы убагындагы мурунку аскер казармаларынын ордуна курулган, “жаңы шаардын” дал борборундагы Курманжан Датка жана Ломоносов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан.