Кирүү акысы – 50-70 KGS


Жайында 09:00 – 20:00

Кышында 09:00 – 17:00


Дүйшөмбү


+996 703 57 27 77

Менин турума кош

Таш бетиндеги сүрөттөр

Оштун миң жылдык тарыхынын айкын күбөсү болгон петроглифтер Сулайман-Тоонун дээрлик бардык жеринде кездешет. Алар көбүнчө бардык беш чокунун түштүк, чыгыш, түштүк-чыгыш жана түштүк-батыш капталдарында кездешет. Алардын бир бөлүгү жеткиликтүү жайларда, калгандары үңкүрлөрдө жана чуңкурларда жайгашкан. Эң олуттуу эсептөөлөр боюнча тоодо 400гө жакын таш бетиндеги сүрөттөр бар.

Окумуштуулар аларды мазмуну жагынан үч топко бөлөт: антропоморфтук, зооморфтук жана геометриялык белгилер. Петроглифтердин көпчүлүгү – күн белгилери, кресттер, чарчылар, жебелер, дарак сымал сүрөттөр, канаттуулардын издери жана “торлор”.

Кайталангыс петроглифтер да бар. Мисалга алсак, Сулайман-Тоонун батыш жагындагы Ээр чокусунда адам аркандын жардамы менен кармап турган үч аттын жана бири-бирин атып жаткан жаачылардын сүрөтү.

Таш бетиндеги сүрөттөр горизонталдык жана вертикалдык беттерге таш жана металл куралдарынын жардамында уруу, оюу жана жылмалоо техникаларын колдонуу менен түшүрүлгөн. Алар силуэттик, контурдук жана сызыктуу-схемалык түрдө жасалган.

Сулайман-Тоодогу петроглифтер биздин заманга чейинки XV кылымдын ортосунан – биздин замандын VII кылымына чейинки доорго таандык. Сүрөттөрдүн көпчүлүгү коло дооруна таандык. Мисалы, Даван аттарынын жана эчкилеринин сүрөттөрү биздин заманга чейинки I кылымдын аягы – биздин замандын I кылымдын башына таандык.

Даван аттары Араван районундагы Сүрөт-Таш тоосунда жана Ноокат районундагы Абшыр-Сай тоосунда көп кездешет.

Окумуштуулар белгилегендей, белгилердин туруктуу топтому, түрдүү фигуралардын кайталанма белгилер менен болгон композициясы, сыйынуучу жайлар менен тыгыз байланышы жана жайгашкан жерине жараша сүрөттөрдү түшүрүү техникасындагы айырмачылыктар Ош петролгифтеринин өзгөчөлүктөрү болуп саналат. 

Сүрөттөрдүн көпчүлүк бөлүгү заманбап мезгилге таандык, аларда сүрөттөрдүн чийилген датасы жана авторлордун аттарына чейин көрсөтүлгөн. Мындай эң белгилүү петроглифтердин ичинде 1885-жылы чыгыш таануучу Николай Веселовский тарабынан окулган куфи арибинде жазылган жана саманийлер династиясынын эмири Наср ибн Ахмеддин (940-941-жж.) аты түшүрүлгөн петроглиф да бар.

  • Рушан үңкүрүндөгү музей

    1978-жылдын июль айынын ысык бир күнүндө Сулайман-Тоодо 752 чарчы метр экспозициялык аянттагы 13 үңкүрдө жайгашкан тарыхый-аймак таануу музейи ачылган!

  • Таш бетиндеги сүрөттөр

    Оштун миң жылдык тарыхынын айкын күбөсү болгон петроглифтер Сулайман-Тоонун дээрлик бардык жеринде кездешет. Алар көбүнчө бардык беш чокунун түштүк, чыгыш, түштүк-чыгыш жана түштүк-батыш капталдарында кездешет.

  • Сулайман-Тоодогу От дарбазасы

    Байыркы Ош улуу Сулайман-Тоосу менен сыйкырдуу жагымдуулукка ээ, түрдүү диндердин жана ишенимдердин жактоочуларын өзүнө тартып, зыяратчылар менен дервиштердин зыярат кылуучу жайы катары кызмат кылып келет.

  • Башталыш. Ош конушу

    1967-жылы Ош облустук край таануу музейинин советке чейинки тарых бөлүмүнүн башчысы Елена Дружинина Сулайман-Тоонун түштүк этегинен теги жана жазуусу боюнча чуст маданиятына окшош керамика буюмдарынын…


  • Орус православ чиркөөсү

    Михайло-Архангельский храмы – Орус православ архитектурасынын жалгыз эстелиги, XIX кылымдын аягында анын айланасында “жаңы шаар” деп аталган Оштогу славян коомчулугу калыптана баштаган.

  • Көп түрдүүлүк

    Биз базарды шашпай, жайбаракат аралап чыгууну жыпар жыттуу көк чайдан баштоону сунуштайбыз. Базардын эски бөлүгүндөгү жергиликтүү чайханалардын бирине кириңиз. Жазылбаган салт боюнча базарга болгон саякат…

  • Рушан үңкүрүндөгү музей

    1978-жылдын июль айынын ысык бир күнүндө Сулайман-Тоодо 752 чарчы метр экспозициялык аянттагы 13 үңкүрдө жайгашкан тарыхый-аймак таануу музейи ачылган!

  • Кол өнөрчүлөр

    Эски базар өз кол өнөрүнүн сырларын бекем сактаган кол өнөрчүлөр менен белгилүү, ал эми алардын буюмдарына ушул күнгө чейин жергиликтүү тургундардын суроо-талабы жогору. Алар буюмдардын…