Оштогу чыныгы самсалар!

Самса аш менен бирге оштун беш гастрономиялык брендине кирет. Ош ашканасын самсасыз элестетүү кыйын. Түштүк жана Түштүк-чыгыш Азияда жайылган самосалардан айырмаланып, Оштун самсасы бир топ чоң жана даамдуу!

Ош самсасынын негизги кошулмасы болуп куйрук майы, пияз жана зире кошулуп, майда тууралган кой жана уй эттеринин аралашмасы эсептелет. Ачуу сүйүүчүлөр үчүн самсанын ичине кызыл ачуу мурчту кошуп беришет, аны бышкандан кийин башка самсалардан айырмалоо үчүн кара зиренин данынан сээп коюшат.

Самсаны ичиндеги майда куйрук майлары бышканда шорпого айланышы үчүн ичине аба кирбегидей кылып түйүшөт. Ошондуктан, тамак сүйүүчүлөр самса сатып алууда самсада тешиктин бар же жок экендигине катуу көңүл бурушат, тешик бар болсо, ичиндеги суусу агып кеткен болот. 

Ош самсасынын орточо салмагы – 300-600 грамм. Аны кургак пахтанын отундары жагылып, 400 градуска чейин ысытылган тандырда бышырышат. Кадимки тандырга 120 даана самса батат. Айтмакчы, тандырлар да Ошто жасалат, эгерде сизге кызыктуу болсо, Навои көчөсү менен Сулайман-Тоону бойлоп барсаңыз, усталардын иши менен тааныша аласыз.

Чоң самсаларды ичке кесилген пияз жана чыныдагы шорпо менен беришет. Бир чайнек көк чайды кошуп алууну сунуш кылабыз. Чоң самсаларды негизги тамагы самса болуп саналган атайын самсаканалардан даамдоого болот. Башка кафелерден пармуда, тамчы жана катмарлуу самса сыяктуу башка самсалардын түрлөрүн да көрүүгө болот.

Чоң самсалардын түрлөрүнөн сырткары мезгилдүү самсалар дагы болот, жазында көк чөптөр, күзүндө ашкабак менен жасалган самсалар бар. Бул самсалар тез бышышы үчүн катмарлуу камырды жука кылып жайышат.

Самса – бул Оштун гастрономиялык маданиятынын маанилүү бөлүгү. Көптөгөн оштуктар үйлөрүндө самсаларды ар түрдүү кошулмалар менен ырахаттанып жасашат. Бул үчүн дээрлик ар бир үйдө бак-дарактардын көлөкөсүндө жайгашкан тандырлар бар.

  • Навай-нан: түштүктүн даамдуу нандары

    Кыргызстандын эч бир жеринде Оштогудай тандыр нандардын түрлөрүн кездештирүүгө болбойт. Бул жакта дээрлик ар бир кварталда тандырканалар бар, мында таң эртеден тартып, нан салгычтарда табитти…

  • Ош ашы

    Аш – бул Оштун негизги тамагы! Бекеринен шаар менен тамактын аталышы окшош болбосо керек. Ошто Ташкент же Самарканд ашынан айырмаланган, аштын классикалык түрүн жасашат. Андижан,…

  • Памил чай

    Эгерде туура демделген көк чайдан ырахат алууну кааласаңыз, Ошко кош келиңиз! Мында жайдын эң катуу аптабында да шаар тургундары чынардын түбүндөгү секилерге отуруп алышып, ысык…

  • Шишкебектер!

    Кыргызстандын башка эч бир жеринде Оштогудай шишкебектердин түрү жок. Дээрлик ар бир кафеде шишкебектин бир нече түрүнө буйрутма берүүгө болот. Алар койдун кабыргасынан, куйрук майы…


  • Кыргызстандагы эң биринчи театр!

    Оштун театр искусствосу 1877-жылы башталган, анда театр ышкыбоздору “Адамдын тагдыры кудайдыкы эмес” спектаклин жана “Жакшы үй-бүлөдөгү чатак” водевилин коюшкан. Театр ийрими 4-Түркистан ырааттуу батальонунун аскердик…

  • Темир усталардын катарлары

    Темир усталардын катарлары миң жыл мурункудай эле Ак-Бууранын жээгинде, эски базардын эң колориттүү бөлүгүндө жайгашкан. Ар бир күнү эртең менен бул жерден дөшүгө тийген балканын…

  • Көпүрөлөр жана Ак-Буура

    Ош – көп сандагы көпүрөлөрдүн жана көпүрөчөлөрдүн шаары. Биз шаарда сейилдеп жүрүп, көпүрөлөрдө сейилдеп жүргөнүбүздү сезбейбиз,  алардын алдында көп сандагы каналдар жайгашкан. Көпүрөлөрдүн көпчүлүгү Ак-Буура…

  • Памил чай

    Эгерде туура демделген көк чайдан ырахат алууну кааласаңыз, Ошко кош келиңиз! Мында жайдын эң катуу аптабында да шаар тургундары чынардын түбүндөгү секилерге отуруп алышып, ысык…