Мозаика доорлордун символу сыяктуу

Оштун айрым имараттарында сакталып калган монументалдык мозаика шаардын тарыхындагы совет мезгилинин визиттик картасы болуп саналат. Ошол мезгилдин рухуна толук канган мозаика паннолору Ошто биринчи жолу 1960-1970-жылдары пайда болгон, ал шаардын башкы реконструкциясы башталган кез болчу. Алар сюжети жана жасалган иштин татаалдыгы менен айырмаланып турган, кээ бир паннолор смальта, керамика, мрамор жана гранит сыяктуу кымбат баалуу материалдардан жасалган.

Советтик монументалдык мозаиканын формалдуу жаңы тарыхы 1954-жылы башталган, анда совет өкмөтүнүн башчысы Никита Хрущёв советтик курулушчуларды имараттардын сыртын кооздоодон баш тартып, аны мозаикага алмаштырууга үндөгөн. Ошондуктан, совет мозаикасынын гүлдөп өсүшү 1960-1970-жылдарга туш келген.

Оштогу совет доорундагы бардык мозаикалардын ичинен Султан Ибраимов атындагы Улуттук драма театрынын дубалындагы паннону бөлүп көрсөтүүгө болот, аны православ сүрөтчүлөрү, монументчилер жана скульпторлор жасаган.

Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү Теодор Герцен 1974-жылы чоң чыгармачыл топтун курамы менен театрды жалпы көркөм кооздоонун үстүндө иштеген. Ал үчүн смальта мозаикасы, кооз айнектер жана жыгач оюулар колдонулган.

Көк, көгүш, алтын жана ак түстөр басымдуулук кылган «Театр» жана «Артист жаштар» мозаикалык эмгектери эң кайталангыс паннолор болуп саналат. Паннодогу бардык персонаждар жана аксессуарлар театр искусствосунун түрлөрүнө жана жанрларына көңүл бурууга үндөп, бай театр жашоосун чагылдырат..

Советтик монументалдык искусствонун тарыхында Ош курулуш колледжинин, мурунку Ош насос заводунун дубалдарында, Ошко Нариман айылы тараптан кире бериште жана Ош тигүү фабрикасындагы масштабдуу паннолор социалисттик жашоонун ачык күбөлөрү катары өзгөчө орунду ээлейт. 

Совет стилиндеги жарнаманын ролун ойногон паннолор тууралуу өзүнчө айта кетүү керек. Мисалга алсак, беш кабаттуу үйдүн дубалындагы «Аэрофлоттун» билеттерин сатуу боюнча телефон кызматы бар панно же коңшу үйдөгү Олимпиада аюусу түшүрүлгөн панно.

  • Ош чеби

    Ош чеби 1919-жылы Россия падышалыгы убагындагы мурунку аскер казармаларынын ордуна курулган, “жаңы шаардын” дал борборундагы Курманжан Датка жана Ломоносов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан.

  • Алай тоолорундагы советтик шаар

    Советтик Ошко кош келиңиздер! Шаардын азыркы көрүнүшү негизинен совет мезгилде калыптанган. Бул пландарды 1930-жылдардын аягында ишке ашырууга экинчи дүйнөлүк согуш тоскоол болгон. Ошондуктан, Оштун толук…

  • Көпүрөлөр жана Ак-Буура

    Ош – көп сандагы көпүрөлөрдүн жана көпүрөчөлөрдүн шаары. Биз шаарда сейилдеп жүрүп, көпүрөлөрдө сейилдеп жүргөнүбүздү сезбейбиз,  алардын алдында көп сандагы каналдар жайгашкан. Көпүрөлөрдүн көпчүлүгү Ак-Буура…

  • Памирге болгон жол Оштон башталат!

    Оштогу өзгөчө эстеликтердин бири! Памир тракты – дүйнөдөгү эң бийик тоолуу жолдордун бири, 1894-жылы Россия империясынын армиясынын саперлору Мицкевич, Бураковский жана Зараковский тарабынан эски кербен…


  • Токтогул атындагы сейил бак

    Оштогу эң эски сейил бактардын бири, 1878-жылы генерал-губернатордун шаардык багы катары салынган. Ошол эле жылдары Ак-Бууранын сол жээгине чиркөө, казына, аскер казармалары жана дарыканасы бар…

  • Оштогу чыныгы самсалар!

    Самса аш менен бирге оштун беш гастрономиялык брендине кирет. Ош ашканасын самсасыз элестетүү кыйын. Түштүк жана Түштүк-чыгыш Азияда жайылган самосалардан айырмаланып, Оштун самсасы бир топ…

  • Кыргызстандагы эң биринчи театр!

    Оштун театр искусствосу 1877-жылы башталган, анда театр ышкыбоздору “Адамдын тагдыры кудайдыкы эмес” спектаклин жана “Жакшы үй-бүлөдөгү чатак” водевилин коюшкан. Театр ийрими 4-Түркистан ырааттуу батальонунун аскердик…

  • Таш бетиндеги сүрөттөр

    Оштун миң жылдык тарыхынын айкын күбөсү болгон петроглифтер Сулайман-Тоонун дээрлик бардык жеринде кездешет. Алар көбүнчө бардык беш чокунун түштүк, чыгыш, түштүк-чыгыш жана түштүк-батыш капталдарында кездешет.