

Кирүү акысы – акысыз

10:00 – 16:00

Дем алыш күнү жок
Менин турума кош
Базардын тарыхы
Оштун эски базарынын жашы менен шаардын жашы бирдей. Бүгүнкү күндө жергиликтүү базарлардын көпчүлүгү жок болуп кетти, айрымдары өз локацияларын алмаштырды, эски базар гана доорлорду жана мамлекеттерди өзгөртүп, Ак-Бууранын жээгинде жайгашуу менен өзүн өзгөртпөй келе жатат.
XIX кылымдын аягында жергиликтүү базарларда 8 миңден ашык адам кол өнөрчүлүк менен, ал эми 4 600 адам соода менен алектенген. Эски базарда 1911-жылы 1 300 соода орундары болгон. Базардын Оштогу башка соода аянтчалары менен биргеликте товар жүгүртүүсү Биринчи дүйнөлүк согуштун башындагы курс менен алганда бир нече миллион рублди түзгөн.
Совет убагында базарлар жоюлган эмес, алар мамлекеттик-жеке мамилелердин татаал тутумунун бир бөлүгү болуп саналган. Ал кезде аларды “колхоз рыноктору” деп атап башташкан. Алар төмөнкүчө бөлүнгөн: азык-түлүктүк; аралаш, мында айыл чарба азыктары да, өнөр жай товарлары да сатылган; мал-тоюттук, мында тирүү жандыктар, тоок жана алар үчүн тоюттар сатылган. Оштогу эски базар базарлардын аралаш тибине кирген.
1986-жылы Ош базарынын соода аянты 12 гектарга жакын болуп, анда 1 750 соода орундары, 500 павильон болгон. Базарда сактоочу жай, тез бузулуучу азыктарды сактоо үчүн алты муздаткыч, ошондой эле 68 орундуу мейманкана бар болгон. 1980-жылдары эски базар реконструкцияланып, борбордук кире беришке чоң арка курулган. Азыркы учурда аны павильондор тосуп калгандыктан көрүнбөй калган. Бардык тышкы алмашууларга жана өзгөртүүлөргө карабастан, ички бөлүгү чакан базарларга бөлүнүп, классикалык чыгыш базары бойдон сакталып калууда. Миң жыл мурункудай эле өзүнүн соодагерлерин жана кардарларын күтүүнү улантып жаткан эски базардын ачык түстөрүн, кайталангыс колоритин жана ар түрдүүлүгүн сезүү үчүн базарды аралап, көрүп келели. Сапарыңызды ушул күнгө чейин сакталып калган кире беришинен баштаңыз.

Жакындагы локациялар
-
Кол өнөрчүлөр
Эски базар өз кол өнөрүнүн сырларын бекем сактаган кол өнөрчүлөр менен белгилүү, ал эми алардын буюмдарына ушул күнгө чейин жергиликтүү тургундардын суроо-талабы жогору. Алар буюмдардын…
-
Көп түрдүүлүк
Биз базарды шашпай, жайбаракат аралап чыгууну жыпар жыттуу көк чайдан баштоону сунуштайбыз. Базардын эски бөлүгүндөгү жергиликтүү чайханалардын бирине кириңиз. Жазылбаган салт боюнча базарга болгон саякат…
-
Темир усталардын катарлары
Темир усталардын катарлары миң жыл мурункудай эле Ак-Бууранын жээгинде, эски базардын эң колориттүү бөлүгүндө жайгашкан. Ар бир күнү эртең менен бул жерден дөшүгө тийген балканын…
-
Алтын базар
Эски базарга болгон саякатты Шейит-Дөбө тарыхый кварталындагы Ленин көчөсү тараптан өтүүчү эски өтмөктөн баштоону сунуштайбыз. Көчөдөн ал жак көрүнбөйт, өтмөк жарнама тактайлары менен тосулуп калган.…
Башка локациялар
-
Башталыш. Ош конушу
1967-жылы Ош облустук край таануу музейинин советке чейинки тарых бөлүмүнүн башчысы Елена Дружинина Сулайман-Тоонун түштүк этегинен теги жана жазуусу боюнча чуст маданиятына окшош керамика буюмдарынын…
-
Көпүрөлөр жана Ак-Буура
Ош – көп сандагы көпүрөлөрдүн жана көпүрөчөлөрдүн шаары. Биз шаарда сейилдеп жүрүп, көпүрөлөрдө сейилдеп жүргөнүбүздү сезбейбиз, алардын алдында көп сандагы каналдар жайгашкан. Көпүрөлөрдүн көпчүлүгү Ак-Буура…
-
Рушан үңкүрүндөгү музей
1978-жылдын июль айынын ысык бир күнүндө Сулайман-Тоодо 752 чарчы метр экспозициялык аянттагы 13 үңкүрдө жайгашкан тарыхый-аймак таануу музейи ачылган!
-
Базардын тарыхы
Оштун эски базарынын жашы менен шаардын жашы бирдей. Бүгүнкү күндө жергиликтүү базарлардын көпчүлүгү жок болуп кетти, айрымдары өз локацияларын алмаштырды, эски базар гана доорлорду жана…