

Кирүү акысы – 50-70 KGS

Жайында 09:00 – 20:00

Кышында 09:00 – 17:00

Дүйшөмбү

+996 703 57 27 77
Менин турума кош
Сулайман-Тоодогу От дарбазасы
Байыркы Ош улуу Сулайман-Тоосу менен сыйкырдуу жагымдуулукка ээ, түрдүү диндердин жана ишенимдердин жактоочуларын өзүнө тартып, зыяратчылар менен дервиштердин зыярат кылуучу жайы катары кызмат кылып келет.
Сулайман-Тоо жөнүндөгү алгачкы жазуу түрүндөгү билдирүүлөр Х кылымда айтылат, араб географы аль-Истахри өзүнүн “Китаб масалик аль-мамалик” аттуу эмгегинде тоо тууралуу жазып кетет. Ошону менен бирге тоодогу казууларда табылган Фергананын саманий башкаруучусу Наср бин Ахмаддын (940-941-жж.) аты жазылган куфи жазуусу да ушул мезгилге таандык. Ош шаарындагы зороастризмдин жаркын мезгили дал ушул саманийлер менен байланышкан.
Х кылымга чейин зороастризм Борбор Азияны мекендеген элдердин негизги диндеринин бири болуп саналган, анын архаикалык маздеизм жана митраизм сыяктуу формаларында ачык-айкын берилип турган. Сулайман-Тоодогу таш беттериндеги көптөгөн сүрөттөр муну тастыктайт.
Отко сыйынгандар (зороастризмди кармангандарды ушинтип аташкан) Сулайман-Тоону өздөрүнүн ыйык жери деп эсептешкен, тоонун этегине сыйынуучу жайларды орнотушуп, от менен сууга сыйынышкан. Кытай саякатчысы Чжан Цян (биздин заманга чейинки II кылым) өзүнүн жол белгилеринде Сулайман-Тоодогу отко сыйынуучулардын сыйынуучу жайлары жөнүндө жазууларды калтырып кеткен. Кийин археологдор казуулардын жүрүшүндө көп сандаган тарыхий жазууларды тастыктаган сыйынуучу жайларга тиешелүү ар түрдүү буюмдарды табышкан.
Зороастризмдин негиздөөчүсү, ыйык “Авестанын” түптөөчүсү Заратуштра Сулайман-Тоодогу үңкүрлөрдүн биринде бир канча убакыт жашаган жана иштеген деген ишенимдер бар.
Зороастризмдин издерин көп жерден көрүүгө болот. Мисалга алсак, ошол убакта Оштун үч негизги кире бериши болгон: “Кух дарвазасы” (“тоолордун дарбазасы”), “Аб дарвазасы” (“дарыялардын дарбазасы”) жана “Мугкеде дарвазасы” (“отко сыйынуучулардын сыйынчу жайларынын дарбазасы”), бул шаардагы зороастризм динин кармангандардын статусунун жогору экендигин күбөлөндүрөт.
2000-жылы шаардын 3000 жылдыгын белгилөө убагында зороастризмди эскерүү максатында Сулайман-Тоонун түштүк-батыш этегинде символикалык от дарбазасы орнотулган. Бул дарбазадан ар дайым ыйык деп саналган тоого жөө басып чыгуу башталат.

Жакындагы локациялар
-

Рушан үңкүрүндөгү музей
1978-жылдын июль айынын ысык бир күнүндө Сулайман-Тоодо 752 чарчы метр экспозициялык аянттагы 13 үңкүрдө жайгашкан тарыхый-аймак таануу музейи ачылган!
-

Сулайман-Тоодогу От дарбазасы
Байыркы Ош улуу Сулайман-Тоосу менен сыйкырдуу жагымдуулукка ээ, түрдүү диндердин жана ишенимдердин жактоочуларын өзүнө тартып, зыяратчылар менен дервиштердин зыярат кылуучу жайы катары кызмат кылып келет.
-

Сулайман-Тоодогу чокулар жана үңкүрлөр
Сулайман-Тоо – узундугу 1 140 метр, туурасы 569 метр болгон, Фергана өрөөнүнүн түштүк-чыгыш бөлүгүндө, деңиз деңгээлинен 1 000 метрден ашык бийиктикте, Оштун тарыхый борборунда жайгашкан беш баштуу…
-

Башталыш. Ош конушу
1967-жылы Ош облустук край таануу музейинин советке чейинки тарых бөлүмүнүн башчысы Елена Дружинина Сулайман-Тоонун түштүк этегинен теги жана жазуусу боюнча чуст маданиятына окшош керамика буюмдарынын…
Башка локациялар
-

Эң майда мантылар
Майда манты – Ош ашканасынын вегетариандык тамактарынын эң белгилүүсү. Мурун аны көлөмүнө карап, «чычкан-манты» деп аташчу. Элдин арасындагы дагы бир аталышы «эки тыйын манты», анткени…
-

Навай-нан: түштүктүн даамдуу нандары
Кыргызстандын эч бир жеринде Оштогудай тандыр нандардын түрлөрүн кездештирүүгө болбойт. Бул жакта дээрлик ар бир кварталда тандырканалар бар, мында таң эртеден тартып, нан салгычтарда табитти…
-

Оштогу чыныгы самсалар!
Самса аш менен бирге оштун беш гастрономиялык брендине кирет. Ош ашканасын самсасыз элестетүү кыйын. Түштүк жана Түштүк-чыгыш Азияда жайылган самосалардан айырмаланып, Оштун самсасы бир топ…
-

Мозаика доорлордун символу сыяктуу
Оштун айрым имараттарында сакталып калган монументалдык мозаика шаардын тарыхындагы совет мезгилинин визиттик картасы болуп саналат. Ошол мезгилдин рухуна толук канган мозаика паннолору Ошто биринчи жолу…







