Өзүңүзгө жаккан иш менен элди тааныштырып акча тапсаңыз болот!
Open Osh жергиликтүү тургундарга автордук таасирди уюштуруп, алардан киреше табууга мүмкүнчүлүк берет.
Автордук таасир деген эмне?
Бул – жергиликтүүлөр уюштурган жана кадимки экскурсиядан өзгөчөлөнгөн иш-чаралар. Автордук таасирди шаарыңызга, кол өнөрчүлүккө же маданиятка арнаңыз.
Сүйүктүү ишиңиз менен акча табыңыз!
Эгер улуттук салттарды жакшы билсеңиз же шаардын тарыхын кызыктуу баяндай алсаңыз – анда хоббиңиз сизге киреше алып келе алат. Конокторго Ошту өзгөчө жагынан ачууга жардам бериңиз жана өзүңүздүн кызыгууларыңыз аркылуу акча табыңыз!
Иш-чараңыз кандай болорун өзүңүз чечесиз.
Бирге тамак жасоо, фотоэкскурсия, советтик мозаикалар боюнча саякат же сувенир жасоо – өзгөчө иш-чараңызды түзүп, аны жетектеңиз.
Өзүңүз мыкты билген нерсенизди көрсөтүңүз!

Эмнеден баштоо керек?
1. Сапат стандарттары менен таанышып чыгыңыз
Автордук таасир биздин талаптарга жооп бериши керек. (Талапты жүктөп алыңыз)
2. Арызыңызды тапшырыңыз
Толук жазып чыгуу жана жогорку сапаттагы сүрөттөрдү кошуу аркылуу автордук таасириңиз тууралуу айтып бериңиз. Андан соң платформа администратору онлайн мейкиндигинде таасириңизди жарыялоо үчүн сиз менен байланышат.
3. Конокторду тосуп баштаңыз
Эгерде автордук таасириңиз администрация тарабынан жактырылса, анда ал веб-сайтта жана долбоордун социалдык тармактарында көрсөтүлөт, жыйынтыгында сиз көбүрөөк сатууга ээ болосуз.