Кол өнөрчүлөр көч.

Менин турума кош

Кол өнөрчүлөр кварталы

Оштогу сүрөтчүлөрдүн шаардагы эң сүйүктүү кварталдарынын бири. Жергиликтүү пейзажисттердин арасында Сулайман-Тоодон кийинки эң белгилүү локация. Илгери мечит жана медреселер көп болгондугуна байланыштуу, Оштун бул бөлүгү кээде “шейхтердин кварталы” деп аталчу.

Бүгүнкү күндө бул көчө Оштун тарыхый районунда жайгашкан кол өнөрчүлөрдүн көчөсү. Качандыр бир кезде бул көчө Алебастров көчөсү болгон, анткени буга жакын жерде акиташ менен алебастр казышкан. 2009-жылдан тартып, ага оштук кол өнөрчүлөрдүн ысымы ыйгарылган.

Бул көчөдө жүздөгөн жылдар мурункудай эле Ак-Буурадан башталган Жупас-Арык суусу агат. 1960-1970-жылдары борбордук көчөлөрдү жана жаңы көчөлөрдү куруу убагында Жупас-Арыкты жер алдына жашырышып, цементтеп салышкан. Ал ар кайсы жерлерде билинбестен жер алдынан пайда болуп турат. Анын үстүнө үйлөрдүн ичиндеги чарба жерлерин сугаруу үчүн мурункудай эле “чигири” деп аталган суу көтөрүүчү дөңгөлөктөр орнотулган. Каналдын боюнан орто кылымдардагыдай бекемделген жээктерди көрүүгө болот.

Бул жерде азыркы күнгө чейин ХХ кылымдын башындагы Фергана өрөөнү үчүн мүнөздүү болгон өзгөчө курулуштагы үйлөр сакталып калган. Жашырылган туюктары бар тар көчөлөр жашоо бир көз ирмемге токтоп калган эски шаардын сезимин берет. 

Ушундай ыңгайлуу короолордо дайыма жүзүмдөр өсүп турган, жүзүм дарактары көлөкө калка катары да кызмат кылган, ошондой эле мөмөлөрү биринчи кар түшкөнгө чейин үзүлбөгөн инжир жана курма өскөн. Короолордо кочкул сыя түстөгү райхандын чоң бадалдарынын жыты буркурайт. Оштун эски кварталдарынын кайталангыс жайлуулугун көрүү үчүн дарбазаны кагып, үй ээси менен салттуу түрдө саламдашуу жетиштүү.

2011-жылы Ош шаарынын мэриясы Сулайман-Тоону ЮНЕСКОнун Тарыхий-маданий мурастардын глобалдуу тизмесине киргизүү жөнүндө расмий сертификат алган. Келечекте калыбына келтирүү иштеринин алкагында бул көчөдөгү ар бир үйдө устаканалар ачылып, Ош жергеси бай болгон жоголуп бара жаткан кол өнөрчүлүк жандана баштайт.

  • Кол өнөрчүлөр кварталы

    Оштогу сүрөтчүлөрдүн шаардагы эң сүйүктүү кварталдарынын бири. Жергиликтүү пейзажисттердин арасында Сулайман-Тоодон кийинки эң белгилүү локация. Илгери мечит жана медреселер көп болгондугуна байланыштуу, Оштун бул бөлүгү…

  • Орто кылымдагы мончо

    Сулайман-Тоонун түндүк этегиндеги орто кылымдагы мончонун калдыктары 1984-жылы павильон куруу үчүн курулуш иштерин жүргүзүп жаткан убакта күтүүсүздөн табылган.

  • Мухаммад Юсуп Байходжа оглынын мечити

    Мухаммад Юсуп Байходжа оглынын мечити ХХ кылымдагы архитектуранын эстелиги, ал Навои көчөсүндө жайгашкан, Кыргызстандын түштүгүнө мүнөздүү кварталдык диний курулманын үлгүсүн көрсөтөт.

  • Асаф ибн Бурхийдин күмбөзү

    Асаф ибн Бурхийдин күмбөзү Сулайман-Тоонун түштүк-чыгыш этегинде жайгашкан, XVIII кылымда Фергана архитектура мектебинин салты менен курулган. Тарыхый хроникаларда мазар деп айтылып калган.


  • Рушан үңкүрүндөгү музей

    1978-жылдын июль айынын ысык бир күнүндө Сулайман-Тоодо 752 чарчы метр экспозициялык аянттагы 13 үңкүрдө жайгашкан тарыхый-аймак таануу музейи ачылган!

  • Шишкебектер!

    Кыргызстандын башка эч бир жеринде Оштогудай шишкебектердин түрү жок. Дээрлик ар бир кафеде шишкебектин бир нече түрүнө буйрутма берүүгө болот. Алар койдун кабыргасынан, куйрук майы…

  • Базардын тарыхы

    Оштун эски базарынын жашы менен шаардын жашы бирдей. Бүгүнкү күндө  жергиликтүү базарлардын көпчүлүгү жок болуп кетти, айрымдары өз локацияларын алмаштырды, эски базар гана доорлорду жана…

  • Алай тоолорундагы советтик шаар

    Советтик Ошко кош келиңиздер! Шаардын азыркы көрүнүшү негизинен совет мезгилде калыптанган. Бул пландарды 1930-жылдардын аягында ишке ашырууга экинчи дүйнөлүк согуш тоскоол болгон. Ошондуктан, Оштун толук…