

Кирүү акысы – акысыз

10:00 – 16:00

Дем алыш күнү жок
Менин турума кош
Алтын базар
Эски базарга болгон саякатты Шейит-Дөбө тарыхый кварталындагы Ленин көчөсү тараптан өтүүчү эски өтмөктөн баштоону сунуштайбыз. Көчөдөн ал жак көрүнбөйт, өтмөк жарнама тактайлары менен тосулуп калган. Бул өтмөк жарда курулган үйлөрдүн жана соода жайларынын ортосунда жайгашкан тар, кээ бир жерлери ийри-буйру болгон өтмөк болуп саналат.
Өтмөк адаттан тыш жерде жайгашкандыктан, тар көчөлөрү бар чыгыш шаарларынын чыныгы көрүнүштөрүн чагылдыруу үчүн бул жерде тасмалар көп тартылат. 1983-жылы белгилүү кыргыз режиссеру Болот Шамшиев бул өтмөктө уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүүгө арналган “Карышкырдын үңкүрү” блокбастери үчүн куугун сценасын тарткан. Бул тасма мафия жөнүндөгү биринчи советтик фильм.
Ушул өтмөк менен төмөн жакка түшсөк, “Алтын-базарга” (“Золотой базар”) туш болобуз, мында аялдар зер буюмдарды, көбүнчө алтын буюмдарды сатып олтурушат. Жергиликтүү айымдардын арасында күмүш буюмдар бааланбайт. Бул жерде дүкөн же зер буюмдар текчелери жок, кызуу соода колдон колго өтүү менен жасалат. Жол бойлорунда зергерлердин күркөлөрү жайгашкан, мында алар зер буюмдарды каалагандай өлчөмдө жасап, сапатын баалап беришет.
Жергиликтүү аялдар көбүнчө аралашмасыз жана башка таштар кошулбаган чоң алтын буюмдарды баалашат. Оштуктар үчүн мындай зер буюмдар банк эсеби катары да кызмат кылат. Турмуш жолуна аттангандан кийин бардык зер буюмдар анын жеке мүлкү болуп саналат жана аларды өз каалоосуна жараша тескей алышат. Ошондуктан, аялдар өздөрүндө алтын көп болушу үчүн чоң зер юуюмдарды сатып алууга аракет кылышат. Айымдар аларды сатат, алмаштырат, күрөөгө коет.
Курамында алтыны аз дизайнердик зер буюмдарды сатуу жана алмаштыруу кыйын. Ошондуктан, бул базардан андай буюмдарды таба албайсыз. Бирок, ХХ кылымдын башында жана ортосунда аябай белгилүү болгон кызыл көздүү накта алтын шакектерди жана сөйкөлөрдү, чыгыш стилиндеги зер буюмдарын сатып алууга болот.

Жакындагы локациялар
-
Темир усталардын катарлары
Темир усталардын катарлары миң жыл мурункудай эле Ак-Бууранын жээгинде, эски базардын эң колориттүү бөлүгүндө жайгашкан. Ар бир күнү эртең менен бул жерден дөшүгө тийген балканын…
-
Базардын тарыхы
Оштун эски базарынын жашы менен шаардын жашы бирдей. Бүгүнкү күндө жергиликтүү базарлардын көпчүлүгү жок болуп кетти, айрымдары өз локацияларын алмаштырды, эски базар гана доорлорду жана…
-
Алтын базар
Эски базарга болгон саякатты Шейит-Дөбө тарыхый кварталындагы Ленин көчөсү тараптан өтүүчү эски өтмөктөн баштоону сунуштайбыз. Көчөдөн ал жак көрүнбөйт, өтмөк жарнама тактайлары менен тосулуп калган.…
-
Тешик-Таш
Бул тээ илгертен бери сакталып келе жаткан базарга баруучу колориттик өтмөктөрдүн бири. Тээ алыскы убактарда жардагы таштуу жерлердин арасында жайгашкан турак жай кварталдарынан түшө турган…
Башка локациялар
-
Сулайман-Тоодогу От дарбазасы
Байыркы Ош улуу Сулайман-Тоосу менен сыйкырдуу жагымдуулукка ээ, түрдүү диндердин жана ишенимдердин жактоочуларын өзүнө тартып, зыяратчылар менен дервиштердин зыярат кылуучу жайы катары кызмат кылып келет.
-
Орус православ чиркөөсү
Михайло-Архангельский храмы – Орус православ архитектурасынын жалгыз эстелиги, XIX кылымдын аягында анын айланасында “жаңы шаар” деп аталган Оштогу славян коомчулугу калыптана баштаган.
-
Кыргызстандагы эң биринчи театр!
Оштун театр искусствосу 1877-жылы башталган, анда театр ышкыбоздору “Адамдын тагдыры кудайдыкы эмес” спектаклин жана “Жакшы үй-бүлөдөгү чатак” водевилин коюшкан. Театр ийрими 4-Түркистан ырааттуу батальонунун аскердик…
-
Памирге болгон жол Оштон башталат!
Оштогу өзгөчө эстеликтердин бири! Памир тракты – дүйнөдөгү эң бийик тоолуу жолдордун бири, 1894-жылы Россия империясынын армиясынын саперлору Мицкевич, Бураковский жана Зараковский тарабынан эски кербен…