Таасир форматы: Мастер-класс жана жандуу катышуу


Мөөнөтү: 1-2 саат


Баасы: 3000–4000 сом (мастер-класс жана белдемчи белекке кошулат)


Тили: орус жана англис тили


Байланыш: +996 555 00 4760


Менин турума кош

Таасирдин башталышы:

Эмне менен алектенүүгө болот? 

Мастер-класс — булгарыдан жасалган белдемчи жана аксессуарлар менен таанышуу, өз колуңуз менен тигүү процесстерин үйрөнүү.

Бул тажрыйба аркылуу:

  • өз стилиңизге ылайык булгарыдан белдемчи тигип аласыз;
  • заманбап саркечтик менен улуттук элементтердин айкалышын сезесиз;
  • дизайнер менен бирге жаш айымдар үчүн ылайыкталган кийим-кечелердин сырларын угасыз.

Баит кызы Роза — дизайнер-конструктор жана кол өнөрчү. Ал заманбап булгарыдан сумкаларды, белдемчи жана ар түрдүү аксессуарларды жасоо менен алектенет. 21-кылымдын талабына ылайык саркеч кийимдерди тигип, жаш айымдарга заманбап образдарды тартуулап келет.

Бул мастер-класста Роза айым ар бир катышуучуга өз колу менен белдемчи тигүүгө жардам берет. Жыйынтыгында сиз өзүңүз жараткан белдемчини белекке алып кетесиз.

Мастер-класс кызыктуу, жеңил жана шыктануу менен өтөт.

Уюштуруучу:
Баит кызы Роза — дизайнер-конструктор, тигүүчү, саркеч образдарды жаратуучу.

  • Орто кылымдагы мончо

    Сулайман-Тоонун түндүк этегиндеги орто кылымдагы мончонун калдыктары 1984-жылы павильон куруу үчүн курулуш иштерин жүргүзүп жаткан убакта күтүүсүздөн табылган.

  • Мухаммад Юсуп Байходжа оглынын мечити

    Мухаммад Юсуп Байходжа оглынын мечити ХХ кылымдагы архитектуранын эстелиги, ал Навои көчөсүндө жайгашкан, Кыргызстандын түштүгүнө мүнөздүү кварталдык диний курулманын үлгүсүн көрсөтөт.

  • Халмурзай жана Мухаммедбай түрктүн медресеси

    Бүгүнкү күндө Навои, Курманжан Датка жана Ленин көчөлөрү менен белгиленген кварталдардан Оштун эски кварталдарынын белгилерин табуу кыйын. Ал өзүнүн тарыхый белгилерин дүркүрөгөн оңдоп-түзөөлөр башталган 1960-жылдары…

  • Кол өнөрчүлөр кварталы

    Оштогу сүрөтчүлөрдүн шаардагы эң сүйүктүү кварталдарынын бири. Жергиликтүү пейзажисттердин арасында Сулайман-Тоодон кийинки эң белгилүү локация. Илгери мечит жана медреселер көп болгондугуна байланыштуу, Оштун бул бөлүгү…


  • Токтогул атындагы сейил бак

    Оштогу эң эски сейил бактардын бири, 1878-жылы генерал-губернатордун шаардык багы катары салынган. Ошол эле жылдары Ак-Бууранын сол жээгине чиркөө, казына, аскер казармалары жана дарыканасы бар…

  • Көп түрдүүлүк

    Биз базарды шашпай, жайбаракат аралап чыгууну жыпар жыттуу көк чайдан баштоону сунуштайбыз. Базардын эски бөлүгүндөгү жергиликтүү чайханалардын бирине кириңиз. Жазылбаган салт боюнча базарга болгон саякат…

  • Шишкебектер!

    Кыргызстандын башка эч бир жеринде Оштогудай шишкебектердин түрү жок. Дээрлик ар бир кафеде шишкебектин бир нече түрүнө буйрутма берүүгө болот. Алар койдун кабыргасынан, куйрук майы…

  • Сулайман-Тоодогу От дарбазасы

    Байыркы Ош улуу Сулайман-Тоосу менен сыйкырдуу жагымдуулукка ээ, түрдүү диндердин жана ишенимдердин жактоочуларын өзүнө тартып, зыяратчылар менен дервиштердин зыярат кылуучу жайы катары кызмат кылып келет.