
Форматы: Жөө тур
Турдун узактыгы: 2 саат
Баасы: 1000 сомов
Тили: орус жана кыргыз тили
Контакты: 0557490101
Добавить в мой тур
Начало Впечатления?
Чыныгы бычактар кантип жараларын көргүңүз келеби?
Эмне менен алектенүүгө болот?
Сизди устат Закиржан өткөргөн өзгөчө таасирге чакырабыз!
Чыныгы бычак кандайча жараларын өз көзүңүз менен көргүңүз келеби?
Бул жерде фабриканын ызы-чуусу жок, штампталган буюмдар жок. Бул жерде тирүү от, темир уруу үнү жана тарыхтын деми бар.
🔹 Темир тандоо
🔹 Кол менен куюу (ковка)
🔹 Кармагыч (ручка) тандоо – мүйүз, жыгач же сөөктөн
🔹 Бычакты күзгүдөй жалтыракка чейин жылмалоо
🔹 Оюу түшүрүү, оймо-чиймелер – ар бир сызык жүрөктөн чыгып тартылат
Сиз устаттын ар бир бөлүктү кылдаттык менен тандап, өз колуна туура келген кармагычтарды кантип издегенин көрөсүз. Ал кайсы жаныбардын сөөгү экенин айтып берет жана эмне үчүн дал ошол материалды колдонгонун түшүндүрөт – анткени ал «колго угулушу» керек.
Закиржан – жөн гана устачы эмес, ал – бычакка жан берген чебер.
Ар бир бычак – бул жөн гана буюм эмес. Бул – эскерүү, маданият жана урпактан урпакка өткөн салт.
Баага эмне кирет?
Гид кызматы жана, бычактар боюнча маалымат, бучактар чрмаркасы, өзүңүзгө жаккан буюмду сатып алуу мүмкүнчүлүгү
Танышыңыз, уюштуруучу:
Устат Закиржан – бул адамдын колунда металл тирилет.
Ал жөн гана устачы эмес. Ал – кылымдар бою уланып келген улуттук кол өнөрчүлүктүн сактоочусу. Анын устаканасы кадимки цех эмес – бул руханий күч берген жер. Ар бир балканын кагышында – жан дүйнөнүн үнү бар.
Ал кичинесинен бери улуу усталардын жанында чоңоюп, темир, мүйүз, жыгач жана сөөктүн касиеттерин үйрөнгөн. Бүгүнкү күндө ал Кыргызстан түштүгүндөгү белгилүү бычак усталарынын бири.
Анын бычактары – бул жөн гана курал эмес, бул – болотко жазылган тарых. Ар бир бычак толугу менен кол менен жасалат. Болот да атайын тандалып, жашыруун ыкма менен ысытылып, терең иштетүүдөн өтөт.

Другие впечатления
-

Орто кылымдагы мончо
Сулайман-Тоонун түндүк этегиндеги орто кылымдагы мончонун калдыктары 1984-жылы павильон куруу үчүн курулуш иштерин жүргүзүп жаткан убакта күтүүсүздөн табылган.
-

Кол өнөрчүлөр кварталы
Оштогу сүрөтчүлөрдүн шаардагы эң сүйүктүү кварталдарынын бири. Жергиликтүү пейзажисттердин арасында Сулайман-Тоодон кийинки эң белгилүү локация. Илгери мечит жана медреселер көп болгондугуна байланыштуу, Оштун бул бөлүгү…
-

Мухаммад Юсуп Байходжа оглынын мечити
Мухаммад Юсуп Байходжа оглынын мечити ХХ кылымдагы архитектуранын эстелиги, ал Навои көчөсүндө жайгашкан, Кыргызстандын түштүгүнө мүнөздүү кварталдык диний курулманын үлгүсүн көрсөтөт.
-

Халмурзай жана Мухаммедбай түрктүн медресеси
Бүгүнкү күндө Навои, Курманжан Датка жана Ленин көчөлөрү менен белгиленген кварталдардан Оштун эски кварталдарынын белгилерин табуу кыйын. Ал өзүнүн тарыхый белгилерин дүркүрөгөн оңдоп-түзөөлөр башталган 1960-жылдары…
Другие локации
-

Темир усталардын катарлары
Темир усталардын катарлары миң жыл мурункудай эле Ак-Бууранын жээгинде, эски базардын эң колориттүү бөлүгүндө жайгашкан. Ар бир күнү эртең менен бул жерден дөшүгө тийген балканын…
-

Көркөм сүрөт музейи
Тургунбай Садыков атындагы Ош облустук көркөм сүрөт музейи жергиликтүү музейлердин эң жашы. Ал 2014-жылы жергиликтүү сүрөтчүлөрдүн демилгеси менен ачылган. Бул укмуштуудай музей кол өнөрчүлөрдүн тарыхый…
-

Могол империясынын негиздөөчүсү Бабурдун бөлмөсү
Бул Сулайман-Тоодогу эң белгилүү тарыхый эстелик! Бул Индустан жарым аралындагы моголдордун империясынын негиздөөчүсү Захир ад-дин Мухаммед Бабурдун бөлмөсү. Мусулмандар бул бөлмөнү зыяратчылар ибадат кылуучу жана…
-

Орус православ чиркөөсү
Михайло-Архангельский храмы – Орус православ архитектурасынын жалгыз эстелиги, XIX кылымдын аягында анын айланасында “жаңы шаар” деп аталган Оштогу славян коомчулугу калыптана баштаган.





