
Форматы: Жөө саякат
Узактыгы: 2 саат
Баасы: 800 сом
Тилдер: орус жана кыргыз
Контакты: /shaar_story
Добавить в мой тур
Начало Впечатления?
Арт-шоурум “Анарым”
Анарым — бул жерде ар бир буюм сезим менен жаралган. Ар биринде чыныгы сүрөтчүлөрдүн, кол өнөрчүлөрдүн жүрөгү, табигый,маданий жана руханий толгуулар жашайт.
Дүкөндө живопись, керамика, жыгач буюмдары, уникалдуу декорлор, сувенирлер жана башка кооз жасалгалар чогулган.
«Анарым» деген сөз — «менин анарым», жүрөктөгү кымбат нерсе дегенди билдирет. Анардын данектери сыяктуу эле, дүкөндөгү ар бир буюм — бир бүтүн маданият, табият жана заманбап сезимдер менен ширелген.
🖼️ Жан дүйнөгө жакын белек издеп жатасызбы? Бизде сизге арналган колдо жасалган буюмдар бар.
🪵 Үйүңүзгө жылуулук жана сулуулук кошкуңуз келеби? Биздин декор менен сиздин мейкиндигиңиз өзгөчө болот.
🎨 Өзгөчө буюм каалайсызбы? Сиздин табитиңизге ылайыктап, буйрутма кабыл алабыз.
Онлайн дагы иштейбиз. Буйрутмаларды бардык жакка жөнөтөбүз.
Келип кетиңиз! Жан сергиткен «Анарым» арт дүкөнү сизди күтөт!
Дареги: Асранкулов көчөсү, 8
Инстаграм баракча: @anarym.osh
Байланышуу: 0554090409

Другие впечатления
-

Кол өнөрчүлөр кварталы
Оштогу сүрөтчүлөрдүн шаардагы эң сүйүктүү кварталдарынын бири. Жергиликтүү пейзажисттердин арасында Сулайман-Тоодон кийинки эң белгилүү локация. Илгери мечит жана медреселер көп болгондугуна байланыштуу, Оштун бул бөлүгү…
-

Орто кылымдагы мончо
Сулайман-Тоонун түндүк этегиндеги орто кылымдагы мончонун калдыктары 1984-жылы павильон куруу үчүн курулуш иштерин жүргүзүп жаткан убакта күтүүсүздөн табылган.
-

Мухаммад Юсуп Байходжа оглынын мечити
Мухаммад Юсуп Байходжа оглынын мечити ХХ кылымдагы архитектуранын эстелиги, ал Навои көчөсүндө жайгашкан, Кыргызстандын түштүгүнө мүнөздүү кварталдык диний курулманын үлгүсүн көрсөтөт.
-

Асаф ибн Бурхийдин күмбөзү
Асаф ибн Бурхийдин күмбөзү Сулайман-Тоонун түштүк-чыгыш этегинде жайгашкан, XVIII кылымда Фергана архитектура мектебинин салты менен курулган. Тарыхый хроникаларда мазар деп айтылып калган.
Другие локации
-

Шишкебектер!
Кыргызстандын башка эч бир жеринде Оштогудай шишкебектердин түрү жок. Дээрлик ар бир кафеде шишкебектин бир нече түрүнө буйрутма берүүгө болот. Алар койдун кабыргасынан, куйрук майы…
-

Памил чай
Эгерде туура демделген көк чайдан ырахат алууну кааласаңыз, Ошко кош келиңиз! Мында жайдын эң катуу аптабында да шаар тургундары чынардын түбүндөгү секилерге отуруп алышып, ысык…
-

Навай-нан: түштүктүн даамдуу нандары
Кыргызстандын эч бир жеринде Оштогудай тандыр нандардын түрлөрүн кездештирүүгө болбойт. Бул жакта дээрлик ар бир кварталда тандырканалар бар, мында таң эртеден тартып, нан салгычтарда табитти…
-

Памирге болгон жол Оштон башталат!
Оштогу өзгөчө эстеликтердин бири! Памир тракты – дүйнөдөгү эң бийик тоолуу жолдордун бири, 1894-жылы Россия империясынын армиясынын саперлору Мицкевич, Бураковский жана Зараковский тарабынан эски кербен…












