Форматы: Экскурсия жана визуалдуу тажрыйба


Узактыгы: 1 саат


Баасы: 800 сом


Тили: орус жана кыргыз


Контакты: 996 500 073 883


Добавить в мой тур

Начало Впечатления?

Бир күнү этнодизайнер менен

Эмне менен алектенүүгө болот?   

Бул автордук таасирде сиз кыргыз этностилдеги заманбап кийимдерди жараткан этнодизайнер Исраилова Гулнур менен таанышасыз.
Анын студиясына    келип, этнодух менен жашаган дизайн процессин өз көзүңүз менен көрөсүз.

Сиз:

  • этно коллекция кандай жараларын, эмнеден шыктануу алынарын билесиз;
  • кайра иштетилген жана табигый материалдар кандай колдонуларын үйрөнөсүз;
  • пэчворк, синель, брошка, акценттик элементтер кандайча жаратыларын жакындан көрөсүз;
  • кийимдерди кармап көрүп, сурап, сүрөткө түшсөңүз болот — бул эстелик катары сакталат.

Бул күн сизге чыгармачылык шыктануу тартуулап, кыргыздын эстетикасын азыркы күн менен айкалыштырган дүйнөгө бир кадам жакындатат.

Баага эмне кирет?

Дизайн студияга экскурсия, Коллекцияны көрүү жана фото тартуу мүмкүнчүлүгү, Сүйлөшүү, суроо-жооп, Белек (брошка, сувенир) 

Танышыңыз, уюштуруучу:

Менин атым Гулнур — мен этно-дизайнермин.
Кыргызстандык мурас, кайра иштетилген материалдар, замандын деми — ушул үч нерсени айкалыштырып, заманбап этно-коллекциялар жаратып келем.
Мен үчүн мода — бул тамыр менен байланышты кайра ачкан көпүрө.
Сизди чыгармачылык дүйнөмө кыдыртып келүүгө кубанычтамын!

Кошумча маалымат:  https://instagram.com/igamoda_osh?utm_medium=copy_link

  • Асаф ибн Бурхийдин күмбөзү

    Асаф ибн Бурхийдин күмбөзү Сулайман-Тоонун түштүк-чыгыш этегинде жайгашкан, XVIII кылымда Фергана архитектура мектебинин салты менен курулган. Тарыхый хроникаларда мазар деп айтылып калган.

  • Мухаммад Юсуп Байходжа оглынын мечити

    Мухаммад Юсуп Байходжа оглынын мечити ХХ кылымдагы архитектуранын эстелиги, ал Навои көчөсүндө жайгашкан, Кыргызстандын түштүгүнө мүнөздүү кварталдык диний курулманын үлгүсүн көрсөтөт.

  • Халмурзай жана Мухаммедбай түрктүн медресеси

    Бүгүнкү күндө Навои, Курманжан Датка жана Ленин көчөлөрү менен белгиленген кварталдардан Оштун эски кварталдарынын белгилерин табуу кыйын. Ал өзүнүн тарыхый белгилерин дүркүрөгөн оңдоп-түзөөлөр башталган 1960-жылдары…

  • Кол өнөрчүлөр кварталы

    Оштогу сүрөтчүлөрдүн шаардагы эң сүйүктүү кварталдарынын бири. Жергиликтүү пейзажисттердин арасында Сулайман-Тоодон кийинки эң белгилүү локация. Илгери мечит жана медреселер көп болгондугуна байланыштуу, Оштун бул бөлүгү…


  • Алтын базар

    Эски базарга болгон саякатты Шейит-Дөбө тарыхый кварталындагы Ленин көчөсү тараптан өтүүчү эски өтмөктөн баштоону сунуштайбыз. Көчөдөн ал жак көрүнбөйт, өтмөк жарнама тактайлары менен тосулуп калган.…

  • Мозаика доорлордун символу сыяктуу

    Оштун айрым имараттарында сакталып калган монументалдык мозаика шаардын тарыхындагы совет мезгилинин визиттик картасы болуп саналат. Ошол мезгилдин рухуна толук канган мозаика паннолору Ошто биринчи жолу…

  • Могол империясынын негиздөөчүсү Бабурдун бөлмөсү

    Бул Сулайман-Тоодогу эң белгилүү тарыхый эстелик! Бул Индустан жарым аралындагы моголдордун империясынын негиздөөчүсү Захир ад-дин Мухаммед Бабурдун бөлмөсү. Мусулмандар бул бөлмөнү зыяратчылар ибадат кылуучу жана…

  • Базардын тарыхы

    Оштун эски базарынын жашы менен шаардын жашы бирдей. Бүгүнкү күндө  жергиликтүү базарлардын көпчүлүгү жок болуп кетти, айрымдары өз локацияларын алмаштырды, эски базар гана доорлорду жана…