Форматы: Фотосъемка


Баасы: 3000 сом


Тили: орус жана кыргыз


Контакт: 996 779  521 581


Добавить в мой тур

Начало Впечатления?

Сурма Чебери

Эмне менен алектенүүгө болот?  ✨

📸 Бизде эмне бар?

«Сурма чебериде » сиз эмне таба аласыз:
✨ улуттук стильдеги фотозона — эсте каларлык сүрөттөр үчүн;
✨ этникалык кийимдерди ижарага алуу — аялдарга, эркектерге жана балдарга ылайыктуу улуттук кийимдер менен жасалгалар;
✨ бардык кийимдер жаралган устакананы.

🧵 Мен эмне жаратам?

Мен ар кандай жаш курак жана жыныс үчүн улуттук кийимдерди сүйүү менен тигем. Ар бир кийимде кыргыз орнаменттеринин байлыгы, кездемелердин кооздугу жана майда-баратка болгон камкордук чагылат.

👗 Бизден фотосессияга, майрамга, тойго же жөн гана ата-бабанын рухун сезүү үчүн улуттук кийим тандай аласыз.

👩‍🏫 Эмне үчүн устакана?

Мен адамдар даяр кийимди гана көрбөстөн, анын жаралуу жолун да билишин кааладым. Устаканада улуттук кийимдер кандай жараларын, кандай кездемелер колдонуларын, орнаменттер менен майда деталдардын кандайча бириктирилерин көрө аласыз.

💬 Менин шыктануум

Мен ишенем, ар бир кийим өзүнүн тарыхын жана элдин жан дүйнөсүн сактап келет. Улуттук кийим аркылуу биз салтты кийинки муундарга жеткиребиз.

✨ “Сурма чебери” келиңиздер — бул жерден фотозона, улуттук кийимдерди ижарага алуу жана кыргыз чеберчилигинин чыныгы өнөрүнө күбө болосуздар.

Баага эмне кирет?
Улуттук колориттеги фотозона жана улуттук кийимдер.

Танышыңыз, уюштуруучу:

Саламатсыздарбы, менин атым Сурма, мен «Сурма чебери» устаканасынын жнв фотозонанын ээсимин.
Бул жөн гана тигүүчү жай эмес, бул улуттук маданияттын кооздугуна тийип, аны эскерүүдө калтырчу өзгөчө мейкиндик.

Дополнительная информация:
@surma_cheberi

  • Мухаммад Юсуп Байходжа оглынын мечити

    Мухаммад Юсуп Байходжа оглынын мечити ХХ кылымдагы архитектуранын эстелиги, ал Навои көчөсүндө жайгашкан, Кыргызстандын түштүгүнө мүнөздүү кварталдык диний курулманын үлгүсүн көрсөтөт.

  • Орто кылымдагы мончо

    Сулайман-Тоонун түндүк этегиндеги орто кылымдагы мончонун калдыктары 1984-жылы павильон куруу үчүн курулуш иштерин жүргүзүп жаткан убакта күтүүсүздөн табылган.

  • Асаф ибн Бурхийдин күмбөзү

    Асаф ибн Бурхийдин күмбөзү Сулайман-Тоонун түштүк-чыгыш этегинде жайгашкан, XVIII кылымда Фергана архитектура мектебинин салты менен курулган. Тарыхый хроникаларда мазар деп айтылып калган.

  • Кол өнөрчүлөр кварталы

    Оштогу сүрөтчүлөрдүн шаардагы эң сүйүктүү кварталдарынын бири. Жергиликтүү пейзажисттердин арасында Сулайман-Тоодон кийинки эң белгилүү локация. Илгери мечит жана медреселер көп болгондугуна байланыштуу, Оштун бул бөлүгү…


  • Алтын базар

    Эски базарга болгон саякатты Шейит-Дөбө тарыхый кварталындагы Ленин көчөсү тараптан өтүүчү эски өтмөктөн баштоону сунуштайбыз. Көчөдөн ал жак көрүнбөйт, өтмөк жарнама тактайлары менен тосулуп калган.…

  • Көркөм сүрөт музейи

    Тургунбай Садыков атындагы Ош облустук көркөм сүрөт музейи жергиликтүү музейлердин эң жашы. Ал 2014-жылы жергиликтүү сүрөтчүлөрдүн демилгеси менен ачылган. Бул укмуштуудай музей кол өнөрчүлөрдүн тарыхый…

  • Мозаика доорлордун символу сыяктуу

    Оштун айрым имараттарында сакталып калган монументалдык мозаика шаардын тарыхындагы совет мезгилинин визиттик картасы болуп саналат. Ошол мезгилдин рухуна толук канган мозаика паннолору Ошто биринчи жолу…

  • Орус православ чиркөөсү

    Михайло-Архангельский храмы – Орус православ архитектурасынын жалгыз эстелиги, XIX кылымдын аягында анын айланасында “жаңы шаар” деп аталган Оштогу славян коомчулугу калыптана баштаган.