
Эң майда мантылар
Майда манты – Ош ашканасынын вегетариандык тамактарынын эң белгилүүсү. Мурун аны көлөмүнө карап, «чычкан-манты» деп аташчу. Элдин арасындагы дагы бир аталышы «эки тыйын манты», анткени совет убагында анын бир даанасы 2 тыйындан сатылчу. Азыркы учурда бул аталыштардын ичинен «майда манты» деген аты гана калган.
Майда мантыны Курманжан Датка көчөсүнүн жаңы автовокзал тарабындагы кафелерден, ошондой эле эски базардан сатып алса болот. Чоң эмаль табактарга («тогора», «дагара») салынып, муздап калбашы үчүн сыртынан клеенка жана кездеме менен оролгон майда мантыларды дааналап, туруктуу сата турган жер – бул “Тимур палван” павильону, ал эски базардын негизги кире беришинин маңдайында жайгашкан. Бул жерде отурган аялдар таң эртеден тартып майда мантыларды дааналап сатып башташат.
Алар манты сатып алууга чакырса, жанында отурган аялдар ысык чай же сүт кошулган кофелерин сунушташат. Майда мантыларды полиэтилен баштыктарга салып, чеберчилик менен санап беришет. Мурун эски китептердин барагына же гезиттерге салып беришчү.
Майда манты — бул жука жайылып, майда кесилген төрт бурчтук камыр, ичине картошка эзилмеси салынат. Майда манты мантыкасканда бууда бышырылат, даярдоо мөөнөтү болгону 15-20 мүнөт. Алар бышкан кезде бири-бирине жабышып калат, ошондуктан алар бири-биринен ажырап турушу үчүн өсүмдүк майы, көбүнчө пахта майы менен майлап коюшат. Буга ачуу кызыл мурч менен аралашкан ичке тууралган пиязды кошуп беришет.
Анын башка тамактардан айырмасы – аны кайнатышпайт, бир гана бууга бышырышат. Майда манты — Оштун гастрономиялык тарыхынын маанилүү бөлүгү, мурун аны майрам күндөрү шаардагы бардык базарларда жана сейил бактарда сатышчу. Азыр Оштогу эски базарда жана ага чектеш Андижан трактындагы кафелерде гана жасашат.

Башка даамдар
-

Шишкебектер!
Кыргызстандын башка эч бир жеринде Оштогудай шишкебектердин түрү жок. Дээрлик ар бир кафеде шишкебектин бир нече түрүнө буйрутма берүүгө болот. Алар койдун кабыргасынан, куйрук майы…
-

Навай-нан: түштүктүн даамдуу нандары
Кыргызстандын эч бир жеринде Оштогудай тандыр нандардын түрлөрүн кездештирүүгө болбойт. Бул жакта дээрлик ар бир кварталда тандырканалар бар, мында таң эртеден тартып, нан салгычтарда табитти…
-

Памил чай
Эгерде туура демделген көк чайдан ырахат алууну кааласаңыз, Ошко кош келиңиз! Мында жайдын эң катуу аптабында да шаар тургундары чынардын түбүндөгү секилерге отуруп алышып, ысык…
-

Оштогу чыныгы самсалар!
Самса аш менен бирге оштун беш гастрономиялык брендине кирет. Ош ашканасын самсасыз элестетүү кыйын. Түштүк жана Түштүк-чыгыш Азияда жайылган самосалардан айырмаланып, Оштун самсасы бир топ…
Башка локациялар
-

Сулайман-Тоодогу От дарбазасы
Байыркы Ош улуу Сулайман-Тоосу менен сыйкырдуу жагымдуулукка ээ, түрдүү диндердин жана ишенимдердин жактоочуларын өзүнө тартып, зыяратчылар менен дервиштердин зыярат кылуучу жайы катары кызмат кылып келет.
-

Алтын базар
Эски базарга болгон саякатты Шейит-Дөбө тарыхый кварталындагы Ленин көчөсү тараптан өтүүчү эски өтмөктөн баштоону сунуштайбыз. Көчөдөн ал жак көрүнбөйт, өтмөк жарнама тактайлары менен тосулуп калган.…
-

Рушан үңкүрүндөгү музей
1978-жылдын июль айынын ысык бир күнүндө Сулайман-Тоодо 752 чарчы метр экспозициялык аянттагы 13 үңкүрдө жайгашкан тарыхый-аймак таануу музейи ачылган!
-

Эң майда мантылар
Майда манты – Ош ашканасынын вегетариандык тамактарынын эң белгилүүсү. Мурун аны көлөмүнө карап, «чычкан-манты» деп аташчу. Элдин арасындагы дагы бир аталышы «эки тыйын манты», анткени…







