Памил чай

Эгерде туура демделген көк чайдан ырахат алууну кааласаңыз, Ошко кош келиңиз! Мында жайдын эң катуу аптабында да шаар тургундары чынардын түбүндөгү секилерге отуруп алышып, ысык көк чайдан жайдары ичишет.

Оштогу чай маданияты Индия менен Кытайдан келген чай соодасын башкарган Пешавар жана Кашкар соодагерлеринин арты менен калыптанган. Фергана өрөөнүнө көк жана кара чайдын түрдүү сортторун ташышкан; альмура, альмурашиби, люнка, күмүшлюнка, пари-чай, навзугур, патта. Бүгүнкү күндө Оштун эски базарынан чайдын бул түрлөрүн сатып алууга болот, андан соң темир усталар чайханалардын чоң самоорлорун кантип жасай тургандыгын да көрүүгө болот.

Азыр сатыкка көк чайдын бардык түрлөрүнүн калдыктарын аралаштырып жана кыш массасына таңгактап жасалган түрлөрү да бар. Мындай чайлар арзан болгондуктан, чайхана ээлеринин арасында көп колдонулат. Оштун тургундары ага сүт жана сары май, кээ бирлери жыттуу гвоздика кошуп ичишкен.

Жүздөгөн жылдар өтсө да, көк чай Ошто белгилүү суусундук бойдон калууда. Белгилүү №95 көк чай жумшак жана жыпар жыттуу болгондуктан, ушул күнгө чейин жогорку суроо-талап менен колдонулат. Көк чай менен кара чайды аралаштырып демдеп ичкен тамак сүйүүчүлөр да бар, мындай чайды тамашалап, “раис-чай” деп атап коюшат.

Ошто кара чайды да, көк чайды да кантсыз ичишет. Кээде чайга күнкарама халвасын же сары нават кристаллдарын кошуп беришет. Айтмакчы, жергиликтүүлөр кара чайды “памил чай” деп айтышат. Бул сөз түрк тилиндеги сөздүктөрдүн эч биринде жок. Жүз жылдан ашык убакыт мурун жергиликтүү дүкөндөрдө “фамильный чайлар” сатылган, орус соодагерлери өз товарын ушинтип маркалашкан. Жергиликтүү тургундар “ф” тамгасын айтпастан, сөздүн түпкү айтылышын кыскартып, “памил чай” деген жаңы сөздү ойлоп табышкан. Ошентип, Фергана өрөөнүндө кара чайдын жаңы аталышы пайда болгон.

  • Ош ашы

    Аш – бул Оштун негизги тамагы! Бекеринен шаар менен тамактын аталышы окшош болбосо керек. Ошто Ташкент же Самарканд ашынан айырмаланган, аштын классикалык түрүн жасашат. Андижан,…

  • Оштогу чыныгы самсалар!

    Самса аш менен бирге оштун беш гастрономиялык брендине кирет. Ош ашканасын самсасыз элестетүү кыйын. Түштүк жана Түштүк-чыгыш Азияда жайылган самосалардан айырмаланып, Оштун самсасы бир топ…

  • Памил чай

    Эгерде туура демделген көк чайдан ырахат алууну кааласаңыз, Ошко кош келиңиз! Мында жайдын эң катуу аптабында да шаар тургундары чынардын түбүндөгү секилерге отуруп алышып, ысык…

  • Эң майда мантылар

    Майда манты – Ош ашканасынын вегетариандык тамактарынын эң белгилүүсү. Мурун аны көлөмүнө карап, «чычкан-манты» деп аташчу. Элдин арасындагы дагы бир аталышы «эки тыйын манты», анткени…


  • Сулайман-Тоодогу чокулар жана үңкүрлөр

    Сулайман-Тоо – узундугу 1 140 метр, туурасы 569 метр болгон, Фергана өрөөнүнүн түштүк-чыгыш бөлүгүндө, деңиз деңгээлинен 1 000 метрден ашык бийиктикте, Оштун тарыхый борборунда жайгашкан беш баштуу…

  • Тешик-Таш

    Бул тээ илгертен бери сакталып келе жаткан базарга баруучу колориттик өтмөктөрдүн бири. Тээ алыскы убактарда жардагы таштуу жерлердин арасында жайгашкан турак жай кварталдарынан түшө турган…

  • Базардын тарыхы

    Оштун эски базарынын жашы менен шаардын жашы бирдей. Бүгүнкү күндө  жергиликтүү базарлардын көпчүлүгү жок болуп кетти, айрымдары өз локацияларын алмаштырды, эски базар гана доорлорду жана…

  • Көп түрдүүлүк

    Биз базарды шашпай, жайбаракат аралап чыгууну жыпар жыттуу көк чайдан баштоону сунуштайбыз. Базардын эски бөлүгүндөгү жергиликтүү чайханалардын бирине кириңиз. Жазылбаган салт боюнча базарга болгон саякат…