Шишкебектер!

Шишкебектер! Кыргызстандын башка эч бир жеринде Оштогудай шишкебектердин түрү жок. Дээрлик ар бир кафеде шишкебектин бир нече түрүнө буйрутма берүүгө болот. Алар койдун кабыргасынан, куйрук майы кошулган кой этинен, койдун боор этинен, уй этинен, тоок этинен жасалат жана люля-кебабдын бир нече түрү бар.  

Жергиликтүү шишкебектердин ичинен эң көп таралганы – бул люля-кебаб. Ал эт фаршына татымал, туздар кошулуп жасалат. Люля-кебаб эки түргө бөлүнөт. Биринчиси эт субпродукттардан жасалып, фарштын жабышкактыгы үчүн баш эти кошулат, бул шишкебек баасы жагынан кыйла арзан. Экинчи түрүнө субпродукт кошулбай, жумшак эттен жасалат, мунун баасы биринчи шишкебектин баасынан бир аз кымбат. Биринчи шишкебек да, экинчи шишкебек да абдан даамдуу. Классикалык люля-кебабдан сырткары, май торчосуна оролуп жасалган кебабдын түрү да бар, бул ыкма менен бышыруу шишкебекке өзгөчө даам берет. Оштогу кафелерден люля-кебабды сөзсүз даамдап көрүңүз!

Жергиликтүү кафелердеги оштук ашпозчулардын чыгармачылыгынан улам шишкебектердин даамы жана аталышы дээрлик ар бир мезгил сайын өзгөрүп турат. Алар түрдүү рецептураларды, тамактын берүү стилин, жадагалса, аталышын ойлоп таап турушат. Мисалга айтсак, «Наполеон» аттуу табышмактуу шишкебек бар! Беш манжаны элестеткен «беш-манжа» шишкебеги бар, аны бир нече шампур менен беришет. Шишкебектеркөмүрдүн чогу менен гана бышырылат.

Шишкебекти бышыруунун классикалык ыкмасынан сырткары, этти тандырда да бышырышат. Бирок, Ошто шишкебек бышыруунун классикалык жолу кеңири таралган.

Шишкебектин бардык түрүнө кошумча катары кадимки ашкана уксусу кошулган ичке тууралган пияз берилет. Пиязды аяшпайт, кенен кылып, көп өлчөмдө беришет. Анын жанында дайыма ысык нандары бышып турган тандыр болот. Сөзсүз түрдө ысык нан менен бир чайнек көк чайга буйрутма бериңиз. Базарда шишкебектердин баасы кафелерге караганда бир кыйла арзан. Кафелерде шишкебекти жашылчалар, салат жалбырактары жана картошка фриси менен кошо беришет.

  • Шишкебектер!

    Кыргызстандын башка эч бир жеринде Оштогудай шишкебектердин түрү жок. Дээрлик ар бир кафеде шишкебектин бир нече түрүнө буйрутма берүүгө болот. Алар койдун кабыргасынан, куйрук майы…

  • Навай-нан: түштүктүн даамдуу нандары

    Кыргызстандын эч бир жеринде Оштогудай тандыр нандардын түрлөрүн кездештирүүгө болбойт. Бул жакта дээрлик ар бир кварталда тандырканалар бар, мында таң эртеден тартып, нан салгычтарда табитти…

  • Памил чай

    Эгерде туура демделген көк чайдан ырахат алууну кааласаңыз, Ошко кош келиңиз! Мында жайдын эң катуу аптабында да шаар тургундары чынардын түбүндөгү секилерге отуруп алышып, ысык…

  • Эң майда мантылар

    Майда манты – Ош ашканасынын вегетариандык тамактарынын эң белгилүүсү. Мурун аны көлөмүнө карап, «чычкан-манты» деп аташчу. Элдин арасындагы дагы бир аталышы «эки тыйын манты», анткени…


  • Көпүрөлөр жана Ак-Буура

    Ош – көп сандагы көпүрөлөрдүн жана көпүрөчөлөрдүн шаары. Биз шаарда сейилдеп жүрүп, көпүрөлөрдө сейилдеп жүргөнүбүздү сезбейбиз,  алардын алдында көп сандагы каналдар жайгашкан. Көпүрөлөрдүн көпчүлүгү Ак-Буура…

  • Токтогул атындагы сейил бак

    Оштогу эң эски сейил бактардын бири, 1878-жылы генерал-губернатордун шаардык багы катары салынган. Ошол эле жылдары Ак-Бууранын сол жээгине чиркөө, казына, аскер казармалары жана дарыканасы бар…

  • Таш бетиндеги сүрөттөр

    Оштун миң жылдык тарыхынын айкын күбөсү болгон петроглифтер Сулайман-Тоонун дээрлик бардык жеринде кездешет. Алар көбүнчө бардык беш чокунун түштүк, чыгыш, түштүк-чыгыш жана түштүк-батыш капталдарында кездешет.

  • Рушан үңкүрүндөгү музей

    1978-жылдын июль айынын ысык бир күнүндө Сулайман-Тоодо 752 чарчы метр экспозициялык аянттагы 13 үңкүрдө жайгашкан тарыхый-аймак таануу музейи ачылган!