
Ош чеби
Ош чеби 1919-жылы Россия падышалыгы убагындагы мурунку аскер казармаларынын ордуна курулган, “жаңы шаардын” дал борборундагы Курманжан Датка жана Ломоносов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан.
Казарманын аймагы бийиктиги 3,5 метр жана калыңдыгы 1,5 метр болгон ылай дубалдар менен курчалган. Дубалдарда бири-биринен эки метр алыстыкта жайгашкан мылтык атуучу тешиктер жана чепке чектеш башкы көчөлөрдүн маңдайында үч пулемёт аянтчасы болгон. Дубалдар сыртынан тикенек зымдар менен бир нече катар корголуп турчу.
Чептин тарыхы 1918-1920-жылдары Россия империясы тарагандан кийин жана совет бийлигин орнотуу убагында Ошто болуп өткөн бир катар саясий кыйын учурлар менен байланышат.
1919-жылдын 1-сентябрындагы Фергана өрөөнүнүн дыйкандар армиясынын башчылары Константин Монстров менен Мадаминбектин бириккен аскерлеринин Ошту курчоого алышы чептин курчоого алынууларынын эң белгилүүсү болгон. Чептин коргоочуларынын эркин сындыруу жана элдин арасына дүрбөлөң салуу үчүн Дыйкандардын армиясы шаарды кескилеп салган сымал, ар жерден арыктарды казып, чепти жана ага чектеш кварталдарды суу менен капташкан.
Совет армиясы шаарды 26-сентябрда бошоткон. Монстров менен Мадаминбектин армияларынын бир бөлүгү Европа мамлекеттеринен колдоо алууга аракет кылышып, тоолордо Убактылуу Фергана өкмөтүн түзүшкөн. Бирок алардын аракеттери ийгилик менен аяктаган эмес. 1920-жылы 17-январда Монстров Жалал-Абадда совет бийлигине багынып берген. Ошол эле жылы март айында Мадаминбек багынган.
Михаил Фрунзе (Кыргызстандын борбору 1926-жылдан 1991-жылга чейин анын атын алып жүргөн) жаш Советтик республиканын Түркистан фронтунун башчысы статусунда Ошко эки жолу келип кеткен. Ал 1920-жылдын 22-апрелинде 10 миңдей адам катышкан шаар тургундарынын митингинде, уезддик жана шаардык активисттердин жыйналыштарына чыгып сүйлөгөн, ошол эле жылы май айында Ош гарнизонунун жоокерлеринин алдында жалындуу сөзүн сүйлөгөн. Бул окуяны эскерүү үчүн Ош гарнизонунда эстелик такта орнотулган.

Жакындагы локациялар
-

Ош чеби
Ош чеби 1919-жылы Россия падышалыгы убагындагы мурунку аскер казармаларынын ордуна курулган, “жаңы шаардын” дал борборундагы Курманжан Датка жана Ломоносов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан.
-

Мозаика доорлордун символу сыяктуу
Оштун айрым имараттарында сакталып калган монументалдык мозаика шаардын тарыхындагы совет мезгилинин визиттик картасы болуп саналат. Ошол мезгилдин рухуна толук канган мозаика паннолору Ошто биринчи жолу…
-

Көпүрөлөр жана Ак-Буура
Ош – көп сандагы көпүрөлөрдүн жана көпүрөчөлөрдүн шаары. Биз шаарда сейилдеп жүрүп, көпүрөлөрдө сейилдеп жүргөнүбүздү сезбейбиз, алардын алдында көп сандагы каналдар жайгашкан. Көпүрөлөрдүн көпчүлүгү Ак-Буура…
-

Эстеликтер алмашкан доорлордун символу сыяктуу
Оштун борбордук аянтында коммунисттердин жол башчысы Владимир Лениндин эстелиги дагы деле турат, ал 1985-жылдын май айында тургузулган. 11 метр бийиктиктеги эстелик 12 метрлик постаментте көтөрүлгөн.…
Башка локациялар
-

Көп түрдүүлүк
Биз базарды шашпай, жайбаракат аралап чыгууну жыпар жыттуу көк чайдан баштоону сунуштайбыз. Базардын эски бөлүгүндөгү жергиликтүү чайханалардын бирине кириңиз. Жазылбаган салт боюнча базарга болгон саякат…
-

Тешик-Таш
Бул тээ илгертен бери сакталып келе жаткан базарга баруучу колориттик өтмөктөрдүн бири. Тээ алыскы убактарда жардагы таштуу жерлердин арасында жайгашкан турак жай кварталдарынан түшө турган…
-

Таш бетиндеги сүрөттөр
Оштун миң жылдык тарыхынын айкын күбөсү болгон петроглифтер Сулайман-Тоонун дээрлик бардык жеринде кездешет. Алар көбүнчө бардык беш чокунун түштүк, чыгыш, түштүк-чыгыш жана түштүк-батыш капталдарында кездешет.
-

Навай-нан: түштүктүн даамдуу нандары
Кыргызстандын эч бир жеринде Оштогудай тандыр нандардын түрлөрүн кездештирүүгө болбойт. Бул жакта дээрлик ар бир кварталда тандырканалар бар, мында таң эртеден тартып, нан салгычтарда табитти…








