Көпүрөлөр жана Ак-Буура

Ош – көп сандагы көпүрөлөрдүн жана көпүрөчөлөрдүн шаары. Биз шаарда сейилдеп жүрүп, көпүрөлөрдө сейилдеп жүргөнүбүздү сезбейбиз,  алардын алдында көп сандагы каналдар жайгашкан. Көпүрөлөрдүн көпчүлүгү Ак-Буура дарыясында жайгашкан. Ал Оштун борбору менен агып өтүп, шаарды оң жана сол жээкке бөлөт. ХХ кылымдын башында эле Ош ушинтип экиге бөлүнгөн.

Эң белгилүү көпүрө – Навои көчөсүндөгү “Достук” жаңы эстакадалык көпүрөсү, ал борбордук базар менен тыгыз чектешип, Масалиев жана Ленин көчөлөрүн бириктирет. Эстакадалык көпүрө 2015-жылы курулган, бүгүнкү күндө Оштогу эң чоң көпүрө. Мурун бул жерде эски автовокзалдын жанында Кыргызстандагы жер алдынан өтүүчү өтмөгү бар биринчи көпүрө болуп саналган эски көпүрө бар болчу.

Дагы бир чоң көпүрө Рыспай Абдыкадыров көчөсүндө жайгашкан жана анын 1980-жылдары салынганына карабастан, “жаңы көпүрө” деп аташат. 2015-жылга чейин бул эки тараптуу кыймылы бар эң чоң көпүрө болгон. Узак убакыт бою үлпөт тойлордун кортеждерин видеого тартуу үчүн кеңири колдонулган.

Мындан сырткары, эски базардын жанындагы Кара-Суу көчөсүндө жана Голубев көчөсүндө жайгашкан Ак-Бууранын оң жана сол жээктерин бириктирген эки чоң көпүрө бар. Алар 1960-жылдары курулган.

Көпүрөлөр шаардын кичи райондору менен кварталдарын байланыштырууда маанилүү ролду ойнойт, анткени Ак-Буура дарыясынын суусу толуп агат жана кенен. Ак-Буура Алай кырка тоолорунун түндүк капталдарынан башталат. Суунун башы Кичи-Алай деп аталат. Анын эң чоң куймалары – Жыптык-Суу, Чугам, Чал-Куйрук, Кайыңды, Талды-Булак жана Кырк-Көчү. Дарыянын негизги булагы эриген кар жана мөңгү суулары. Ак-Буурнын узундугу – 148 км, суунун топтолушунун жалпы аянты – 253 куб метр.

Ак-Буура өзүнүн суу режими боюнча апрель-сентябрь айларында суусу толгон Тянь-Шань типтүү дарыяларга кирет. Дарыянын агып өткөн жолунда Ош шаары жана Папан, Төлөйкөн айылдары жайгашкан. Ак-Буура Кара-Дарыяга куят.

  • Эстеликтер алмашкан доорлордун символу сыяктуу

    Оштун борбордук аянтында коммунисттердин жол башчысы Владимир Лениндин эстелиги дагы деле турат, ал 1985-жылдын май айында тургузулган. 11 метр бийиктиктеги эстелик 12 метрлик постаментте көтөрүлгөн.…

  • Ош чеби

    Ош чеби 1919-жылы Россия падышалыгы убагындагы мурунку аскер казармаларынын ордуна курулган, “жаңы шаардын” дал борборундагы Курманжан Датка жана Ломоносов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан.

  • Мозаика доорлордун символу сыяктуу

    Оштун айрым имараттарында сакталып калган монументалдык мозаика шаардын тарыхындагы совет мезгилинин визиттик картасы болуп саналат. Ошол мезгилдин рухуна толук канган мозаика паннолору Ошто биринчи жолу…

  • Памирге болгон жол Оштон башталат!

    Оштогу өзгөчө эстеликтердин бири! Памир тракты – дүйнөдөгү эң бийик тоолуу жолдордун бири, 1894-жылы Россия империясынын армиясынын саперлору Мицкевич, Бураковский жана Зараковский тарабынан эски кербен…


  • Көркөм сүрөт музейи

    Тургунбай Садыков атындагы Ош облустук көркөм сүрөт музейи жергиликтүү музейлердин эң жашы. Ал 2014-жылы жергиликтүү сүрөтчүлөрдүн демилгеси менен ачылган. Бул укмуштуудай музей кол өнөрчүлөрдүн тарыхый…

  • Абдулла-хан IIнин мечит-рабаты

    Абдулла-хан IIнин мечит-рабаты XVI кылымдагы Шейбаниддер доорундагы тарыхий-архитектуралык эстелик, ал Сулайман-Тоонун түндүк этегинде жайгашкан, болжолдуу түрдө 1580-жылы Бухарадан Ошко чейинки, Хорезмден Хорасанга чейинки эбегейсиз чоң…

  • Көпүрөлөр жана Ак-Буура

    Ош – көп сандагы көпүрөлөрдүн жана көпүрөчөлөрдүн шаары. Биз шаарда сейилдеп жүрүп, көпүрөлөрдө сейилдеп жүргөнүбүздү сезбейбиз,  алардын алдында көп сандагы каналдар жайгашкан. Көпүрөлөрдүн көпчүлүгү Ак-Буура…

  • Алай тоолорундагы советтик шаар

    Советтик Ошко кош келиңиздер! Шаардын азыркы көрүнүшү негизинен совет мезгилде калыптанган. Бул пландарды 1930-жылдардын аягында ишке ашырууга экинчи дүйнөлүк согуш тоскоол болгон. Ошондуктан, Оштун толук…