
Кирүү акысы – 200 KGS

Сезонго жараша

Сезонго жараша

/teatrbabur
Менин турума кош
Кыргызстандагы эң биринчи театр!
Оштун театр искусствосу 1877-жылы башталган, анда театр ышкыбоздору “Адамдын тагдыры кудайдыкы эмес” спектаклин жана “Жакшы үй-бүлөдөгү чатак” водевилин коюшкан. Театр ийрими 4-Түркистан ырааттуу батальонунун аскердик жыйналышында ачылган.
1918-жылы Түркистан тылынын Реваскерсоветинин концерттик бригадасынын базасындагы кичинекей ышкыбоздор ийриминен кийинчерээк драмалык труппа пайда болгон, алар 1919-жылы “Түркистандан келген дарыгер” спектакли менен Өзгөнгө биринчи жолу гастролго чыгышкан. Бул тарыхтан тарта Кыргызстандын театр искусствосунун алгачкы расмий тарыхы башталган.
Биринчи спектакль өзүнүн курч социалдык багытынан улам Өзгөндө бир топ ызы-чуу жараткан, бардык ролдорду, анын ичинде аялдардын ролдорун да эркектер аткарган. Башкы ролдордун бирин Журахон Зайнабидинов аткарган, анын урматы үчүн эски базардын айланасындагы көчөлөрдүн бирине анын ысымы ыйгарылган. Ал кезде аялдарга эл алдына чыгууга тыюу салынган. Театрда алгачкы аял актриса кийинчерээк пайда болгон, анын ысымы Тажихон Хасанова болчу.
1929-жылы СССРдин Элдик комиссарлар советинин токтому менен бул труппанын базасында музыкалык-драмалык театр түзүлгөн.
Ош өзбек музыкалык-драмалык театрынын биринчи директору жана башкы режиссеру болуп, Рахмонберди Мадазимов дайындалган, ал 1914-1915-жылдары Түркистан крайынын генерал-губернаторунун канцеляриясынын типографиясында жарык көргөн “Характеристики Оша” басылмасынын да автору.
Белгилүү “Андижан полькасынын” биринчи аткаруучусу Ош театрынын артисти экенин билесизби? Ал – Розияхон Муминова. 1930-жылдары Муминова Андижандагы гастролдун убагында ырчы Зиямиддин Шакиров жазган жаңы аранжировкадагы эскирген ырга “эркектердин бийин” аткарган. Кийин чыгыш стилиндеги эң көп таралган бул бийди биринчи жолу аткарылган шаардын урматы үчүн ырды да, бийди да “Андижан полькасы” деп атап коюшкан.
Театр өзүнүн музыкалык коюулары менен сыймыктанат, чет өлкөлөргө гастролдорго көп чыгышат. Театрдын азыркы имараты 1979-жылы курулган, ага чейин облустук филармониянын маңдайындагы мурунку медресенин имаратында жайгашкан, бул имарат кийин бузулуп кеткен. Азыр театр Бабурдун ысымын алып жүрөт, ал эми 1992-жылга чейин Сталиндин санаалашы Сергей Кировдун атын алып жүргөн.

Жакындагы локациялар
-

Токтогул атындагы сейил бак
Оштогу эң эски сейил бактардын бири, 1878-жылы генерал-губернатордун шаардык багы катары салынган. Ошол эле жылдары Ак-Бууранын сол жээгине чиркөө, казына, аскер казармалары жана дарыканасы бар…
-

Көркөм сүрөт музейи
Тургунбай Садыков атындагы Ош облустук көркөм сүрөт музейи жергиликтүү музейлердин эң жашы. Ал 2014-жылы жергиликтүү сүрөтчүлөрдүн демилгеси менен ачылган. Бул укмуштуудай музей кол өнөрчүлөрдүн тарыхый…
-

Абдулла-хан IIнин мечит-рабаты
Абдулла-хан IIнин мечит-рабаты XVI кылымдагы Шейбаниддер доорундагы тарыхий-архитектуралык эстелик, ал Сулайман-Тоонун түндүк этегинде жайгашкан, болжолдуу түрдө 1580-жылы Бухарадан Ошко чейинки, Хорезмден Хорасанга чейинки эбегейсиз чоң…
-

Улуттук драма театры
Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театры Кыргызстандагы ири жана православ театрларынын бири. Театр 1972-жылы түзүлгөн, театрдын жаңы имараты курулганга чейинки эки жылдын ичинде артисттер…
Башка локациялар
-

Алай тоолорундагы советтик шаар
Советтик Ошко кош келиңиздер! Шаардын азыркы көрүнүшү негизинен совет мезгилде калыптанган. Бул пландарды 1930-жылдардын аягында ишке ашырууга экинчи дүйнөлүк согуш тоскоол болгон. Ошондуктан, Оштун толук…
-

Нөлдүк километр. Сулайман-Тоонун этеги
Сулайман-Тоонун түндүк этегинин алдындагы аянт дайыма ачык жана адамдар көп жүргөн жай болчу. 1970-жылдарга чейин мурунку жаңы музейдин, фонтандын жана аянтчанын ордунда кадимки махалла, ылай…
-

Ош чеби
Ош чеби 1919-жылы Россия падышалыгы убагындагы мурунку аскер казармаларынын ордуна курулган, “жаңы шаардын” дал борборундагы Курманжан Датка жана Ломоносов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан.
-

Памил чай
Эгерде туура демделген көк чайдан ырахат алууну кааласаңыз, Ошко кош келиңиз! Мында жайдын эң катуу аптабында да шаар тургундары чынардын түбүндөгү секилерге отуруп алышып, ысык…




