Кирүү акысы – 50-70 KGS


Жайында 09:00 – 20:00

Кышында 09:00 – 17:00


Дүйшөмбү


+996 703 57 27 77

Менин турума кош

Башталыш. Ош конушу

1967-жылы Ош облустук край таануу музейинин советке чейинки тарых бөлүмүнүн башчысы Елена Дружинина Сулайман-Тоонун түштүк этегинен теги жана жазуусу боюнча чуст маданиятына окшош керамика буюмдарынын фрагменттерин таап алган. Бул археологиялык табылгадан Оштун 3000 жылдык тарыхын эсептөө башталган. Бирок тарыхчы ал кезде өзүнүн табылгасынын келечектеги маанилүүлүгүн шекшиген эмес. 

1976-жылы үңкүр комплексиндеги жаңы музейге жол курулганда Дружинина курулуш иштери жүрүп жаткан жерден коло дооруна таандык көп сандаган керамиканын фрагменттерин камтыган маданий катмарды тапкан.

1979-жылдан 1982-жылга чейин СССРдин Илимдер Академиясынын Археология институтунун экспедициясы Ош облустук аймак таануу музейинин жана Ош пединститутунун кызматкерлери менен биргеликте археолог Юрий Заднепровскийдин жетекчилигинде 2 000 чарчы метрден көп аянттан калкаларды кармап туруучу мамылар үчүн чуңкурлары бар 14 жер тамдын 15 террасасын, дан жана тамак-аш азыктарын сактоочу 15 чарба чуңкурун, ошондой эле көп сандаган керамика идиштеринин, таштан жана куюлуп жасалган ар кандай буюмдардын фрагменттерин табышкан. Мындан сырткары, идиштери менен кошо көмүлгөн конуштун жашоочуларынын сөөктөрү да табылган. 

Сулайман-Тоодо табылган топурактан салынган жер үстүндөгү жер тамдар чуст маданиятынын башка шаарлары менен окшоштуктарга ээ болгон. Бир олуттуу айырмачылык бар болгон. Ош конушу өзүнүн террасалары менен айырмаланып турган, бул башка шаарлардын фонунда өзгөчөлөнүп турган.

Бул Сулайман-Тоодогу археологдор тарабынан табылган акыркы коло доорунун чуст маданиятынын алгачкы отурукташкан дыйкандарынын ири конушу болгон.  Радиокөмүртек экспертизасы Ош конушунун жашын биздин доорго чейинки 2-миң жылдыктын аягы – 1-миң жылдыктын башы деп аныктаган.

Көптөгөн тарыхый конуштар артында дөбө жана хроникалардагы жазууларды гана калтырып, жер бетинен жок болуп кетишти. Ош конушу болсо, чуст маданиятынан кийин тарыхый доорлордун жана мезгилдердин алмашуусуна карабастан, өсүп-өнүгүүнү уланта берди.

  • Таш бетиндеги сүрөттөр

    Оштун миң жылдык тарыхынын айкын күбөсү болгон петроглифтер Сулайман-Тоонун дээрлик бардык жеринде кездешет. Алар көбүнчө бардык беш чокунун түштүк, чыгыш, түштүк-чыгыш жана түштүк-батыш капталдарында кездешет.

  • Рушан үңкүрүндөгү музей

    1978-жылдын июль айынын ысык бир күнүндө Сулайман-Тоодо 752 чарчы метр экспозициялык аянттагы 13 үңкүрдө жайгашкан тарыхый-аймак таануу музейи ачылган!

  • Сулайман-Тоодогу От дарбазасы

    Байыркы Ош улуу Сулайман-Тоосу менен сыйкырдуу жагымдуулукка ээ, түрдүү диндердин жана ишенимдердин жактоочуларын өзүнө тартып, зыяратчылар менен дервиштердин зыярат кылуучу жайы катары кызмат кылып келет.

  • Башталыш. Ош конушу

    1967-жылы Ош облустук край таануу музейинин советке чейинки тарых бөлүмүнүн башчысы Елена Дружинина Сулайман-Тоонун түштүк этегинен теги жана жазуусу боюнча чуст маданиятына окшош керамика буюмдарынын…


  • Токтогул атындагы сейил бак

    Оштогу эң эски сейил бактардын бири, 1878-жылы генерал-губернатордун шаардык багы катары салынган. Ошол эле жылдары Ак-Бууранын сол жээгине чиркөө, казына, аскер казармалары жана дарыканасы бар…

  • Алтын базар

    Эски базарга болгон саякатты Шейит-Дөбө тарыхый кварталындагы Ленин көчөсү тараптан өтүүчү эски өтмөктөн баштоону сунуштайбыз. Көчөдөн ал жак көрүнбөйт, өтмөк жарнама тактайлары менен тосулуп калган.…

  • Рушан үңкүрүндөгү музей

    1978-жылдын июль айынын ысык бир күнүндө Сулайман-Тоодо 752 чарчы метр экспозициялык аянттагы 13 үңкүрдө жайгашкан тарыхый-аймак таануу музейи ачылган!

  • Орус православ чиркөөсү

    Михайло-Архангельский храмы – Орус православ архитектурасынын жалгыз эстелиги, XIX кылымдын аягында анын айланасында “жаңы шаар” деп аталган Оштогу славян коомчулугу калыптана баштаган.