Кирүү акысы – акысыз


10:00 – 16:00


Дем алыш күнү жок


Менин турума кош

Көп түрдүүлүк

Биз базарды шашпай, жайбаракат аралап чыгууну жыпар жыттуу көк чайдан баштоону сунуштайбыз. Базардын эски бөлүгүндөгү жергиликтүү чайханалардын бирине кириңиз. Жазылбаган салт боюнча базарга болгон саякат Ак-Бууранын жээгинде жайгашкан чайханаларга кирүүдөн башталат. Базарга барардан мурун мында секилерге отуруп алып, жумшак халвадан жеп же нават кошулган чайдан ичип, адамдар менен жайбаракат баарлашып, базардагы башкы жаңылыктарды угууга болот.

Таң эрте ачылган чайханаларда дайыма адам толтура болот, жанында чоң самоор кайнап турат. Айтмакчы, Оштогу базарлар аябай эрте ачылат. Эски базардагы эң чоң чайханалар мурун мурунку “Ош” ресторанынын биринчи кабатында, “Мир” универмагынын жана мурунку кербен сарайдын маңдайында, Навои атындагы сейил бактын кире беришинде жайгашышкан. Азыр алардын көпчүлүгү самоорлорун сактап калуу менен кафе жана ашканаларга айланышкан. Чай ичип бүткөн соң, базардагы үндөрдөн, гүлдөрдөн жана жыттардан, анан албетте, жергиликтүү кол өнөрчүлөрдүн өнөрлөрүнөн ырахат алуу үчүн базарды кеңири айланып чыгууга болот.

Базарда татымалдарды жана жыпар жыттуу чөптөрдү саткан катарлар өзгөчө орунга ээ. Үйүлгөн түркүн түстүү татымалдар жыпар жыттары менен өзүнө чакырат. Ош ашканасынын бир да тамагы татымалсыз жасалбайт. Ош ашканасынын падышалары – бул зире менен кунжут. Эски базардан жергиликтүү зирени сатып алууга болот, ал Иран зиресине караганда күңүртүрөөк, бирок жыттуу болот.

Жыпар жыттуу чөптөрдүн ичинен райхан башкы орунда турат, ал жергиликтүү базиликтин бир түрү. Бул сыя-жашыл түстүү жыпар жыттуу чөптүн чоң бадалдарын Оштогу дээрлик ар бир короодон учуратууга болот. Базардан райхандын кургатылган жалбырактарын сатып алса болот.

Мезгилине жараша базарда жергиликтүү коон жана дарбыздардын сортторун даамын татып көрүүгө болот. Белгилүү Ош инжиринин даамынан ырахат алуу үчүн базарга кеч жайда келүүнү сунуштайбыз. Бул жерде, Оштун чет жакаларында сары жана кара инжирдин бүтүндөй плантациясы өсөт, ал эми оштуктардын көпчүлүгү үйлөрүндө инжир жана анар өстүрүшөт.

  • Алтын базар

    Эски базарга болгон саякатты Шейит-Дөбө тарыхый кварталындагы Ленин көчөсү тараптан өтүүчү эски өтмөктөн баштоону сунуштайбыз. Көчөдөн ал жак көрүнбөйт, өтмөк жарнама тактайлары менен тосулуп калган.…

  • Тешик-Таш

    Бул тээ илгертен бери сакталып келе жаткан базарга баруучу колориттик өтмөктөрдүн бири. Тээ алыскы убактарда жардагы таштуу жерлердин арасында жайгашкан турак жай кварталдарынан түшө турган…

  • Базардын тарыхы

    Оштун эски базарынын жашы менен шаардын жашы бирдей. Бүгүнкү күндө  жергиликтүү базарлардын көпчүлүгү жок болуп кетти, айрымдары өз локацияларын алмаштырды, эски базар гана доорлорду жана…

  • Темир усталардын катарлары

    Темир усталардын катарлары миң жыл мурункудай эле Ак-Бууранын жээгинде, эски базардын эң колориттүү бөлүгүндө жайгашкан. Ар бир күнү эртең менен бул жерден дөшүгө тийген балканын…


  • Сулайман-Тоодогу От дарбазасы

    Байыркы Ош улуу Сулайман-Тоосу менен сыйкырдуу жагымдуулукка ээ, түрдүү диндердин жана ишенимдердин жактоочуларын өзүнө тартып, зыяратчылар менен дервиштердин зыярат кылуучу жайы катары кызмат кылып келет.

  • Кол өнөрчүлөр

    Эски базар өз кол өнөрүнүн сырларын бекем сактаган кол өнөрчүлөр менен белгилүү, ал эми алардын буюмдарына ушул күнгө чейин жергиликтүү тургундардын суроо-талабы жогору. Алар буюмдардын…

  • Нөлдүк километр. Сулайман-Тоонун этеги

    Сулайман-Тоонун түндүк этегинин алдындагы аянт дайыма ачык жана адамдар көп жүргөн жай болчу. 1970-жылдарга чейин мурунку жаңы музейдин, фонтандын жана аянтчанын ордунда кадимки махалла, ылай…

  • Алай тоолорундагы советтик шаар

    Советтик Ошко кош келиңиздер! Шаардын азыркы көрүнүшү негизинен совет мезгилде калыптанган. Бул пландарды 1930-жылдардын аягында ишке ашырууга экинчи дүйнөлүк согуш тоскоол болгон. Ошондуктан, Оштун толук…