Кирүү акысы – акысыз


10:00 – 16:00


Дем алыш күнү жок


Менин турума кош

Teshik-Tash

Бул тээ илгертен бери сакталып келе жаткан базарга баруучу колориттик өтмөктөрдүн бири. Тээ алыскы убактарда жардагы таштуу жерлердин арасында жайгашкан турак жай кварталдарынан түшө турган кадимки өтмөк болгон. Ошол себептен да бул өтмөк “Тешик-Таш” деп аталып калышы мүмкүн, сөзмө-сөз которгондо “тешилген таш” дегенди билдирет. Тургундар бул жалгыз аяк жол менен дарыяны кесип өтпөстөн базарга түшүшчү.

1980-жылдары базарга кирпич арка түрүндөгү башкы кире бериш курулганына карабастан, эски өтмөктөр шаардын жана “Тешик-Таштын” тургундарынын арасында кеңири колдонулуп келе жатат. 

Совет убагында эски базардын кууш өтмөктөрү жана тар көчөлөрү кинотасмаларды тартуучу жай катары көп тандалчу. Режиссерлор өздөрүнүн “истерн” же вестернлерге окшош болгон “кызыл вестерндерди” тартышкан, 1918-1920-жылдардагы жарандык согушка арналган картиналарды ушинтип аташкан. Эски базар оригиналдуу архитектурасы менен чыныгы чагылдырууларды тартуу үчүн идеалдуу болгон. 1969-жылы ал кездеги башталгыч кыргыз режиссеру Геннадий Базаров Ошто Ош облусунда совет бийлигинин орношуна арналган өзүнүн “Буктурма” аттуу биринчи кыска метраждуу фильмин тарткан. Колоритти берүү үчүн базардын көчөлөрү жана “Тешик-Таш” өтмөгү колдонулган. Кинонун кадрларынан арканын такыр өзгөрүлбөгөнүн көрүүгө болот.

“Тешик-Таш” кварталында көп убакыт бою шаардагы эң даамдуу мантылар сатылган! Мантыканалардын ээлери кире беришине самоорлорду жана мантыкаскандарды коюшуп, соодаларын жүргүзүшкөн. Бүтүндөй квартал мантысы менен Ошко таанылган.

Бул кварталдын колориттик рухун сезүү үчүн жардын үстүндөгү кафеге айланган мурунку турак үйгө кириңиз. Кирерден мурун анын тышкы архитектурасына көңүл буруңуз. Бир чайнек чай менен бир порция мантыга буйрутма бериңиз да, ал даяр болгуча оңдоп-түзөөдөн кийин такыр өзгөрүлбөгөн үйлөрдүн короосунда сейилдеп турсаңыз болот. Мындан короолордун ички бөлүгүн, бөлмөлөрдүн жайгашуусун, жыгач карниздеги оюуларды көрө аласыз. Ал жерден базарды көрүү үчүн соңку бөлмөгө өтүүнү сунуштайбыз.

  • Алтын базар

    Эски базарга болгон саякатты Шейит-Дөбө тарыхый кварталындагы Ленин көчөсү тараптан өтүүчү эски өтмөктөн баштоону сунуштайбыз. Көчөдөн ал жак көрүнбөйт, өтмөк жарнама тактайлары менен тосулуп калган.…

  • Базардын тарыхы

    Оштун эски базарынын жашы менен шаардын жашы бирдей. Бүгүнкү күндө  жергиликтүү базарлардын көпчүлүгү жок болуп кетти, айрымдары өз локацияларын алмаштырды, эски базар гана доорлорду жана…

  • Тешик-Таш

    Бул тээ илгертен бери сакталып келе жаткан базарга баруучу колориттик өтмөктөрдүн бири. Тээ алыскы убактарда жардагы таштуу жерлердин арасында жайгашкан турак жай кварталдарынан түшө турган…

  • Темир усталардын катарлары

    Темир усталардын катарлары миң жыл мурункудай эле Ак-Бууранын жээгинде, эски базардын эң колориттүү бөлүгүндө жайгашкан. Ар бир күнү эртең менен бул жерден дөшүгө тийген балканын…


  • Эң майда мантылар

    Майда манты – Ош ашканасынын вегетариандык тамактарынын эң белгилүүсү. Мурун аны көлөмүнө карап, «чычкан-манты» деп аташчу. Элдин арасындагы дагы бир аталышы «эки тыйын манты», анткени…

  • Навай-нан: түштүктүн даамдуу нандары

    Кыргызстандын эч бир жеринде Оштогудай тандыр нандардын түрлөрүн кездештирүүгө болбойт. Бул жакта дээрлик ар бир кварталда тандырканалар бар, мында таң эртеден тартып, нан салгычтарда табитти…

  • Сулайман-Тоодогу чокулар жана үңкүрлөр

    Сулайман-Тоо – узундугу 1 140 метр, туурасы 569 метр болгон, Фергана өрөөнүнүн түштүк-чыгыш бөлүгүндө, деңиз деңгээлинен 1 000 метрден ашык бийиктикте, Оштун тарыхый борборунда жайгашкан беш баштуу…

  • Токтогул атындагы сейил бак

    Оштогу эң эски сейил бактардын бири, 1878-жылы генерал-губернатордун шаардык багы катары салынган. Ошол эле жылдары Ак-Бууранын сол жээгине чиркөө, казына, аскер казармалары жана дарыканасы бар…