

Кирүү акысы – акысыз

06:00 – 20:00

Намаз убактысында жабык
Аял кишилер башын жабыш керек
Менин турума кош
Асаф ибн Бурхийдин күмбөзү
Асаф ибн Бурхийдин күмбөзү Сулайман-Тоонун түштүк-чыгыш этегинде жайгашкан, XVIII кылымда Фергана архитектура мектебинин салты менен курулган. Тарыхый хроникаларда мазар деп айтылып калган. Ислам дининде мазарлардын маданияты Х кылымдан тартып өнүгө баштаган, мында суфийлер өзгөчө ролду ойношкон. Көбүнчө алардын айланасына мечиттер, медреселер жана кербен сарайлар курулган.
Ош уездинин 1904-жылдагы жер жөнүндөгү документтеринде бул мазар үч мечиттен жана Асаф ибн Бурхийдин мүрзөсүнөн тургандыгы жазылган. Уламыштарга таянсак, ал сөөгүн Ош шаарындагы тоонун этегине көмүүнү осуят кылган легендарлуу падыша Сулаймандын (Соломон) тилектештеринин бири болгон.
Тарыхчы Лев Зимин 1913-жылы жарыяланган “Мусульманское сказание об Оше” (Ош тууралуу мусулман айтымдары) эмгегинде ага мазардын ичине кирүүгө уруксат бербей коюшкандыгын эскерет. Мазардын кароолчусу ага Асаф ибн Бурхийдин мүрзөсүнүн үстүндө чоң таш бар экендигин айткан.

Күмбөздүн ички дубалдарынын бири Рамазанга айтылган тилек жазылган “сулюс” стилиндеги жазуу менен кооздолгон, ал эми башкы эшиктин үстүндө көк түстөгү алтын тамгалар менен Сулайман жөнүндө хадис жазылган, эшиктин өзүнө Ахмед устанын аты оюлуп жазылган. Тилекке каршы, булардын бири да азыркы убакка чейин сакталып калган эмес.
1978-жылы күмбөздүн жанындагы башкы мечиттин имараты бузулган. Ага чейин ал консерва заводунун кампасы катары колдонулуп келген. 1980-1982-жылдары күмбөздү реконструкциялоонун биринчи планы иштелип чыккан. Анда күмбөздүн баштапкы көлөмү, маңдай жагы жана панжарасы калыбына келтирилген. Орто кылымдагылар перс тилинде имаратты желдетүү жана жарыктын түз тийишинен коргоо үчүн колдонулуучу саймалуу терезе торчолорун панжара деп аташкан.
Күмбөздүн ачыла элек сыры ушундай. Ички казуулардын убагында археологдор арткы дубалдын алдынан өткөн “балаты” оюусу түшүрүлгөн XI-XII кылымдарга мүнөздүү кыш төшөмө табышкан, ал убакта мында караханиддер бийлик жүргүзүп турган.

Жакындагы локациялар
-

Кол өнөрчүлөр кварталы
Оштогу сүрөтчүлөрдүн шаардагы эң сүйүктүү кварталдарынын бири. Жергиликтүү пейзажисттердин арасында Сулайман-Тоодон кийинки эң белгилүү локация. Илгери мечит жана медреселер көп болгондугуна байланыштуу, Оштун бул бөлүгү…
-

Асаф ибн Бурхийдин күмбөзү
Асаф ибн Бурхийдин күмбөзү Сулайман-Тоонун түштүк-чыгыш этегинде жайгашкан, XVIII кылымда Фергана архитектура мектебинин салты менен курулган. Тарыхый хроникаларда мазар деп айтылып калган.
-

Орто кылымдагы мончо
Сулайман-Тоонун түндүк этегиндеги орто кылымдагы мончонун калдыктары 1984-жылы павильон куруу үчүн курулуш иштерин жүргүзүп жаткан убакта күтүүсүздөн табылган.
-

Мухаммад Юсуп Байходжа оглынын мечити
Мухаммад Юсуп Байходжа оглынын мечити ХХ кылымдагы архитектуранын эстелиги, ал Навои көчөсүндө жайгашкан, Кыргызстандын түштүгүнө мүнөздүү кварталдык диний курулманын үлгүсүн көрсөтөт.
Башка локациялар
-

Кыргызстандагы эң биринчи театр!
Оштун театр искусствосу 1877-жылы башталган, анда театр ышкыбоздору “Адамдын тагдыры кудайдыкы эмес” спектаклин жана “Жакшы үй-бүлөдөгү чатак” водевилин коюшкан. Театр ийрими 4-Түркистан ырааттуу батальонунун аскердик…
-

Сулайман-Тоодогу От дарбазасы
Байыркы Ош улуу Сулайман-Тоосу менен сыйкырдуу жагымдуулукка ээ, түрдүү диндердин жана ишенимдердин жактоочуларын өзүнө тартып, зыяратчылар менен дервиштердин зыярат кылуучу жайы катары кызмат кылып келет.
-

Токтогул атындагы сейил бак
Оштогу эң эски сейил бактардын бири, 1878-жылы генерал-губернатордун шаардык багы катары салынган. Ошол эле жылдары Ак-Бууранын сол жээгине чиркөө, казына, аскер казармалары жана дарыканасы бар…
-

Эстеликтер алмашкан доорлордун символу сыяктуу
Оштун борбордук аянтында коммунисттердин жол башчысы Владимир Лениндин эстелиги дагы деле турат, ал 1985-жылдын май айында тургузулган. 11 метр бийиктиктеги эстелик 12 метрлик постаментте көтөрүлгөн.…




