

Кирүү акысы – акысыз

06:00 – 20:00

Намаз убактысында жабык
Аял кишилер башын жабыш керек

Алишер Навои көч. 110
Менин турума кош
Мухаммад Юсуп Байходжа оглынын мечити
Мухаммад Юсуп Байходжа оглынын мечити ХХ кылымдагы архитектуранын эстелиги, ал Навои көчөсүндө жайгашкан, Кыргызстандын түштүгүнө мүнөздүү кварталдык диний курулманын үлгүсүн көрсөтөт.
Мухаммад Юсуп Байходжа оглынын мечити качандыр бир кезде Кыргызстандын түштүгүнө абдан кеңири таралган оригиналдуу Фергана архитектурасынын Оштогу жалгыз үлгүсү болуп саналат, азыркы күндө мындай архитектуралар дээрлик жок.
Мурун кварталдык мечиттер бирдей пландоого ээ болуп, бышкан же чийки кыштан, “гуваляктан” (топурак менен суунун аралашмасын атайын бир формада жасалып, кургатылып колдонулган чийки кыш сыяктуу каражат) жана пахса дубалдан (топурак менен саман аралаштырылган ылай) курулган. Чатыры жана жабуусу чоподон, камыштан жана жыгач негизге токулган “бердан” килемчелерден жасалган. Дубалдар менен шыптар ачык түстөгү оюулар, ганц жана жыгачка оюлуп түшүрүлгөн сүрөттөр менен кооздолгон. Жыгач мамылар оюлуп түшүрүлгөн капителдер жана базалар, ал эми шыптар жөнөкөй жана татаал сүрөттөрү бар жыгач кессондор менен кооздолгон.
Мухаммад Юсуп Байходжа оглынын мечити диний курулмалардан куполунун жоктугу менен олуттуу айырмаланып турган. Пландоосу “Г” тамгасына окшош болуп, жайкы кире бериштен жана микрабы бар кышкы ибадатканалардан турган. Башында чийки кыштан жасалган, каптамасына бышырылган кыш колдонулган. Кышкы ибадатканалардын негизги кире бериши чыгыш жагындагы маңдайкы бөлүгүндө жайгашкан.
Анын башка бир өзгөчөлүгү сүрөт тартылган плафондор жана оюлуп жасалган мамылар болуп саналат. Мечиттин ичиндеги татаал жыгач калкаларга ачык түстөгү гүлдүү оюулар жана оймо-чиймелер тартылган. Монументалдык каллиграфиялар менен айкалышкан гүлдүү токуулар Худжанддан келген усталардын колунан жасалган, сайларындагы жазуулар муну тастыктайт. Алардын биринде оштук жыгач усталардын аттары калтырылган, курулуштун датасы 1909-1910-жылдар, ошондой эле меценат Мухаммад Юсуп Байходжа оглынын аты да жазылган. Айтылып калган бир версия боюнча, ал Кокон хандыгында миң башы болгон (1709-1876) жана ушул кварталда жашаган.
Мечитке алгачкы кеңири изилдөөнү 1960-жылдары совет архитектору Леонид Куцемелов жүргүзгөн, анын долбоору менен Оштогу “Алай” мейманканасы, ОшМУнун башкы корпусу жана мурунку Пионерлер үйү курулган.

Жакындагы локациялар
-

Орто кылымдагы мончо
Сулайман-Тоонун түндүк этегиндеги орто кылымдагы мончонун калдыктары 1984-жылы павильон куруу үчүн курулуш иштерин жүргүзүп жаткан убакта күтүүсүздөн табылган.
-

Мухаммад Юсуп Байходжа оглынын мечити
Мухаммад Юсуп Байходжа оглынын мечити ХХ кылымдагы архитектуранын эстелиги, ал Навои көчөсүндө жайгашкан, Кыргызстандын түштүгүнө мүнөздүү кварталдык диний курулманын үлгүсүн көрсөтөт.
-

Асаф ибн Бурхийдин күмбөзү
Асаф ибн Бурхийдин күмбөзү Сулайман-Тоонун түштүк-чыгыш этегинде жайгашкан, XVIII кылымда Фергана архитектура мектебинин салты менен курулган. Тарыхый хроникаларда мазар деп айтылып калган.
-

Халмурзай жана Мухаммедбай түрктүн медресеси
Бүгүнкү күндө Навои, Курманжан Датка жана Ленин көчөлөрү менен белгиленген кварталдардан Оштун эски кварталдарынын белгилерин табуу кыйын. Ал өзүнүн тарыхый белгилерин дүркүрөгөн оңдоп-түзөөлөр башталган 1960-жылдары…
Башка локациялар
-

Кол өнөрчүлөр
Эски базар өз кол өнөрүнүн сырларын бекем сактаган кол өнөрчүлөр менен белгилүү, ал эми алардын буюмдарына ушул күнгө чейин жергиликтүү тургундардын суроо-талабы жогору. Алар буюмдардын…
-

Рушан үңкүрүндөгү музей
1978-жылдын июль айынын ысык бир күнүндө Сулайман-Тоодо 752 чарчы метр экспозициялык аянттагы 13 үңкүрдө жайгашкан тарыхый-аймак таануу музейи ачылган!
-

Көпүрөлөр жана Ак-Буура
Ош – көп сандагы көпүрөлөрдүн жана көпүрөчөлөрдүн шаары. Биз шаарда сейилдеп жүрүп, көпүрөлөрдө сейилдеп жүргөнүбүздү сезбейбиз, алардын алдында көп сандагы каналдар жайгашкан. Көпүрөлөрдүн көпчүлүгү Ак-Буура…
-

Ош чеби
Ош чеби 1919-жылы Россия падышалыгы убагындагы мурунку аскер казармаларынын ордуна курулган, “жаңы шаардын” дал борборундагы Курманжан Датка жана Ломоносов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан.








