Сулайман-Тоого кош келиңиздер! Сулайман-Тоо – Оштун визиттик картасы. Шаарга кайсы тараптан кирсеңиз да, тарыхый борбордон анын сыймыктануу менен көтөрүлүп турган мүнөздүү караанын көрө аласыз.  

Дал ушул Сулайман-Тоонун этегинде байыркы Ош шаары пайда болгон. Археологдор тоонун түштүк капталдарындагы тектирчелерден биздин заманга чейинки 2-миң жылдыктын аягы – 1 миң жылдыктын башында Чуст маданиятынын Ош конушунун болгондугунун төгүнгө чыгарылгыс далилдерин табышкан.  

Хандыктар, империялар алмашты, башкаруучулар келишти, кетишти, бир гана Сулайман-Тоо көптөгөн муундар үчүн багыт болуп калуу менен бирге өзүнүн маанилүүлүгүн жана касиетин эч качан жоготкон жок.

Кызыктуу факт. XVI кылымга чейин тоо Бара-Кух деп аталып келген, Сулайман-Тоо деп кийин аталып калган. Бирок, бул жагдайга карабастан, айтылып келген лакаптарда жана уламыштарда тоо Библия падышасы Сулаймандын (Соломон) аты менен тыгыз байланышта болгон. XIX-XX кылымдардагы тарыхый хроникаларда “Сулайман так” деп да аталып келген, бул “Сулаймандын тагы” дегенди түшүндүргөн. Ал чындыгында шаардын үстүнөн так сыяктуу көтөрүлүп, Фергана өрөөнүнүн түштүк-чыгыш четин кайтарып тургандай көрүнөт.


  • Таш бетиндеги сүрөттөр
    Оштун миң жылдык тарыхынын айкын күбөсү болгон петроглифтер Сулайман-Тоонун дээрлик бардык жеринде кездешет. Алар көбүнчө бардык беш чокунун түштүк, чыгыш, түштүк-чыгыш жана түштүк-батыш капталдарында кездешет.
  • Могол империясынын негиздөөчүсү Бабурдун бөлмөсү
    Бул Сулайман-Тоодогу эң белгилүү тарыхый эстелик! Бул Индустан жарым аралындагы моголдордун империясынын негиздөөчүсү Захир ад-дин Мухаммед Бабурдун бөлмөсү. Мусулмандар бул бөлмөнү зыяратчылар ибадат кылуучу жана эс алуучу чакан үжүрө же медресе бөлмөсү деп аташкан. 
  • Сулайман-Тоодогу чокулар жана үңкүрлөр
    Сулайман-Тоо – узундугу 1 140 метр, туурасы 569 метр болгон, Фергана өрөөнүнүн түштүк-чыгыш бөлүгүндө, деңиз деңгээлинен 1 000 метрден ашык бийиктикте, Оштун тарыхый борборунда жайгашкан беш баштуу акиташ калдыгы.
  • Рушан үңкүрүндөгү музей
    1978-жылдын июль айынын ысык бир күнүндө Сулайман-Тоодо 752 чарчы метр экспозициялык аянттагы 13 үңкүрдө жайгашкан тарыхый-аймак таануу музейи ачылган!
  • Башталыш. Ош конушу
    1967-жылы Ош облустук край таануу музейинин советке чейинки тарых бөлүмүнүн башчысы Елена Дружинина Сулайман-Тоонун түштүк этегинен теги жана жазуусу боюнча чуст маданиятына окшош керамика буюмдарынын фрагменттерин таап алган. Бул археологиялык табылгадан Оштун 3000 жылдык тарыхын эсептөө башталган.
  • Сулайман-Тоодогу От дарбазасы
    Байыркы Ош улуу Сулайман-Тоосу менен сыйкырдуу жагымдуулукка ээ, түрдүү диндердин жана ишенимдердин жактоочуларын өзүнө тартып, зыяратчылар менен дервиштердин зыярат кылуучу жайы катары кызмат кылып келет.

  • Асаф ибн Бурхийдин күмбөзү

    Асаф ибн Бурхийдин күмбөзү Сулайман-Тоонун түштүк-чыгыш этегинде жайгашкан, XVIII кылымда Фергана архитектура мектебинин салты менен курулган. Тарыхый хроникаларда мазар деп айтылып калган.

  • Алай тоолорундагы советтик шаар

    Советтик Ошко кош келиңиздер! Шаардын азыркы көрүнүшү негизинен совет мезгилде калыптанган. Бул пландарды 1930-жылдардын аягында ишке ашырууга экинчи дүйнөлүк согуш тоскоол болгон. Ошондуктан, Оштун толук…

  • Кыргызстандагы эң биринчи театр!

    Оштун театр искусствосу 1877-жылы башталган, анда театр ышкыбоздору “Адамдын тагдыры кудайдыкы эмес” спектаклин жана “Жакшы үй-бүлөдөгү чатак” водевилин коюшкан. Театр ийрими 4-Түркистан ырааттуу батальонунун аскердик…

  • Темир усталардын катарлары

    Темир усталардын катарлары миң жыл мурункудай эле Ак-Бууранын жээгинде, эски базардын эң колориттүү бөлүгүндө жайгашкан. Ар бир күнү эртең менен бул жерден дөшүгө тийген балканын…

  • Алтын базар

    Эски базарга болгон саякатты Шейит-Дөбө тарыхый кварталындагы Ленин көчөсү тараптан өтүүчү эски өтмөктөн баштоону сунуштайбыз. Көчөдөн ал жак көрүнбөйт, өтмөк жарнама тактайлары менен тосулуп калган.…

  • Памирге болгон жол Оштон башталат!

    Оштогу өзгөчө эстеликтердин бири! Памир тракты – дүйнөдөгү эң бийик тоолуу жолдордун бири, 1894-жылы Россия империясынын армиясынын саперлору Мицкевич, Бураковский жана Зараковский тарабынан эски кербен…

  • Улуттук драма театры

    Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театры Кыргызстандагы ири жана православ театрларынын бири. Театр 1972-жылы түзүлгөн, театрдын жаңы имараты курулганга чейинки эки жылдын ичинде артисттер…

  • Тешик-Таш

    Бул тээ илгертен бери сакталып келе жаткан базарга баруучу колориттик өтмөктөрдүн бири. Тээ алыскы убактарда жардагы таштуу жерлердин арасында жайгашкан турак жай кварталдарынан түшө турган…