
Кызыктуу Ош
Ош алгачкы мүнөттөрдөн эле көп түрдүүлүгү менен меймандарын өзүнө тартып турат. Мындагы маданияттардын, тилдердин жана диндердин кайталангыс айкалышуусу ар түрдүү жагымдуу сезимдерди жаратат. Анда ар түрдүүлүк менен жөнөкөйлүк, чиркөөлөр менен мечиттер, чайханалар менен пиццериялар, көчөдөгү аркандын үстүндө басуучу өнөрпоздор менен кесипкөй театрлар шайкеш айкалышат.
Ош — бул маданияттардын кесилиши…
Оштун көчөлөрүндө сейилдөө мезгилинде Михаил Фрунзе менен Алымбек Датканын жүрүштөрүн, шейбаниддер курган мечиттерди жана Караханиддер убагындагы тыйындар табылган жерлерди эстеткен сокмо дубалдардан курулган татаал көчөлөрдө убакыттын унаасына түшүп алгандай болуп, байыркы мезгилдин демин жон териң менен сезесиң.
Оштун тарыхы анын рухун чагылдырган түрдүү карталардан тургансыйт. Токтогул атындагы эски сейил бакка сейилдеген соң Орус православ чиркөөсүнүн Михайло-Архангельский храмына чейин келебиз, жүз жылдан ашуун убакыт мурун бул чиркөөнүн айланасында православ коомчулугу түзүлө баштаган. Андан кийин Султан Ибраимов атындагы Улуттук драма театрына келебиз. Андан соң Алымбек Датканын эстелигине барып, ал жерден Садыков атындагы көркөм сүрөт музейине киребиз. Кийин жолдун аркы жагына өтүп, өлкөдөгү эски театрлардын бири болгон Бабур атындагы театрга барабыз!
Ошко кош келиңиздер!
Турдун локациялары
- Кыргызстандагы эң биринчи театр!Оштун театр искусствосу 1877-жылы башталган, анда театр ышкыбоздору “Адамдын тагдыры кудайдыкы эмес” спектаклин жана “Жакшы үй-бүлөдөгү чатак” водевилин коюшкан. Театр ийрими 4-Түркистан ырааттуу батальонунун аскердик жыйналышында ачылган.
- Көркөм сүрөт музейиТургунбай Садыков атындагы Ош облустук көркөм сүрөт музейи жергиликтүү музейлердин эң жашы. Ал 2014-жылы жергиликтүү сүрөтчүлөрдүн демилгеси менен ачылган. Бул укмуштуудай музей кол өнөрчүлөрдүн тарыхый кварталында жайгашкан жана Абдулла-хан IIнин тарыхый жума мечит-рабатына чектешет.
- Нөлдүк километр. Сулайман-Тоонун этегиСулайман-Тоонун түндүк этегинин алдындагы аянт дайыма ачык жана адамдар көп жүргөн жай болчу. 1970-жылдарга чейин мурунку жаңы музейдин, фонтандын жана аянтчанын ордунда кадимки махалла, ылай топурактан курулган үйлөрү бар шаар кварталы бар болгон.
- Улуттук драма театрыСултан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театры Кыргызстандагы ири жана православ театрларынын бири. Театр 1972-жылы түзүлгөн, театрдын жаңы имараты курулганга чейинки эки жылдын ичинде артисттер Барпы атындагы Жалал-Абад театрынын сахнасында өз өнөрлөрүн көрсөтүшкөн.
- Орус православ чиркөөсүМихайло-Архангельский храмы – Орус православ архитектурасынын жалгыз эстелиги, XIX кылымдын аягында анын айланасында “жаңы шаар” деп аталган Оштогу славян коомчулугу калыптана баштаган.
- Токтогул атындагы сейил бакОштогу эң эски сейил бактардын бири, 1878-жылы генерал-губернатордун шаардык багы катары салынган. Ошол эле жылдары Ак-Бууранын сол жээгине чиркөө, казына, аскер казармалары жана дарыканасы бар оорукана курулган.

Башка локациялар
-
Шишкебектер!
Кыргызстандын башка эч бир жеринде Оштогудай шишкебектердин түрү жок. Дээрлик ар бир кафеде шишкебектин бир нече түрүнө буйрутма берүүгө болот. Алар койдун кабыргасынан, куйрук майы…
-
Орус православ чиркөөсү
Михайло-Архангельский храмы – Орус православ архитектурасынын жалгыз эстелиги, XIX кылымдын аягында анын айланасында “жаңы шаар” деп аталган Оштогу славян коомчулугу калыптана баштаган.
-
Оштогу чыныгы самсалар!
Самса аш менен бирге оштун беш гастрономиялык брендине кирет. Ош ашканасын самсасыз элестетүү кыйын. Түштүк жана Түштүк-чыгыш Азияда жайылган самосалардан айырмаланып, Оштун самсасы бир топ…
-
Көпүрөлөр жана Ак-Буура
Ош – көп сандагы көпүрөлөрдүн жана көпүрөчөлөрдүн шаары. Биз шаарда сейилдеп жүрүп, көпүрөлөрдө сейилдеп жүргөнүбүздү сезбейбиз, алардын алдында көп сандагы каналдар жайгашкан. Көпүрөлөрдүн көпчүлүгү Ак-Буура…
-
Кыргызстандагы эң биринчи театр!
Оштун театр искусствосу 1877-жылы башталган, анда театр ышкыбоздору “Адамдын тагдыры кудайдыкы эмес” спектаклин жана “Жакшы үй-бүлөдөгү чатак” водевилин коюшкан. Театр ийрими 4-Түркистан ырааттуу батальонунун аскердик…
-
Көп түрдүүлүк
Биз базарды шашпай, жайбаракат аралап чыгууну жыпар жыттуу көк чайдан баштоону сунуштайбыз. Базардын эски бөлүгүндөгү жергиликтүү чайханалардын бирине кириңиз. Жазылбаган салт боюнча базарга болгон саякат…
-
Ош ашы
Аш – бул Оштун негизги тамагы! Бекеринен шаар менен тамактын аталышы окшош болбосо керек. Ошто Ташкент же Самарканд ашынан айырмаланган, аштын классикалык түрүн жасашат. Андижан,…
-
Токтогул атындагы сейил бак
Оштогу эң эски сейил бактардын бири, 1878-жылы генерал-губернатордун шаардык багы катары салынган. Ошол эле жылдары Ак-Бууранын сол жээгине чиркөө, казына, аскер казармалары жана дарыканасы бар…