

Кирүү акысы – акысыз

24 саат

Дем алыш күнү жок
Менин турума кош
Токтогул атындагы сейил бак
Оштогу эң эски сейил бактардын бири, 1878-жылы генерал-губернатордун шаардык багы катары салынган. Ошол эле жылдары Ак-Бууранын сол жээгине чиркөө, казына, аскер казармалары жана дарыканасы бар оорукана курулган.
1876-жылы Түркистандын генерал-губернатору Константин Кауфмандын буйругу менен түптөлгөн шаардык бак жаңы Ош уезддик борборунун маданий борбору болгон. Анын курамына азыркы күндө да мурунку аталышы сакталып калган шаар кварталдары кирген: Ташлак-Гузарский, Төрт-Көчө, Андижанский, Шейит-Дөбө, Шейхлар-2 Гузарское, Жидалик, имам Ата, Арча-Мазар, Рабат көчө жана башкалар.
Ош уездинин биринчи уезддик башкармасы болуп, Михаил Ионов дайындалган. Ошол кездеги шаардык бактын – азыркы Токтогул атындагы сейил бактын жана Жогорку Увам каналынын жээгине курулган мурунку шаардык Эс алуу үйүнүн тарыхы анын аты менен байланышат.
Бактын жаңы тарыхы совет бийлиги орногондон кийин башталган. 1918-жылы Ак-Бууранын жээгине сейил бактын жогорку бөлүгүнө согушта көз жумган алгачкы комсомолчулардын бири Владимир Голубевдин сөөгү коюлган. Голубев өзүнүн сөөгүн дарыянын жээгиндеги үч теректин арасына коюуну тирүүсүндө аманат-керез кылган. Кийин комсомолчулардын демилгеси менен мурунку бактын ордуна шаардык сейил бак курулган.
Сейил бактын жалпы аянты 12 га. Сейил бакта күмүш терек, мажүрүм тал, туя, арча, клён, акация өсөт. Сейил бактан эски каналдардын бири болуп саналган Жупас-Арык каналы агып өтөт, ал борбордук аянттан жашырылып өтүп, “Нават” чайханасы жактан пайда болот жана андан ары Сулайман-Тоо тарапка агып кетет.
1934-жылы сейил бакка кыргыз акыны Токтогул Сатылгановдун ысымы ыйгарылган. 1968-1969-жылдары сейил бактын башкы кире бериши оңдолуп, акындын эстелиги орнотулган.
Сейил бактын жайкы театры чоң сахналарда ойноого уруксат берилбеген жергиликтүү жана келгин рок-топтордун өнөрлөрүн көрсөтүүчү жайы болгон. 1988-жылы бул жерде питердик “Браво” тобу, 1993-жылы Оштун “Новое время” хэви-металл тобу алгачкы концерттерин беришкен.

Жакындагы локациялар
-

Орус православ чиркөөсү
Михайло-Архангельский храмы – Орус православ архитектурасынын жалгыз эстелиги, XIX кылымдын аягында анын айланасында “жаңы шаар” деп аталган Оштогу славян коомчулугу калыптана баштаган.
-

Көркөм сүрөт музейи
Тургунбай Садыков атындагы Ош облустук көркөм сүрөт музейи жергиликтүү музейлердин эң жашы. Ал 2014-жылы жергиликтүү сүрөтчүлөрдүн демилгеси менен ачылган. Бул укмуштуудай музей кол өнөрчүлөрдүн тарыхый…
-

Абдулла-хан IIнин мечит-рабаты
Абдулла-хан IIнин мечит-рабаты XVI кылымдагы Шейбаниддер доорундагы тарыхий-архитектуралык эстелик, ал Сулайман-Тоонун түндүк этегинде жайгашкан, болжолдуу түрдө 1580-жылы Бухарадан Ошко чейинки, Хорезмден Хорасанга чейинки эбегейсиз чоң…
-

Нөлдүк километр. Сулайман-Тоонун этеги
Сулайман-Тоонун түндүк этегинин алдындагы аянт дайыма ачык жана адамдар көп жүргөн жай болчу. 1970-жылдарга чейин мурунку жаңы музейдин, фонтандын жана аянтчанын ордунда кадимки махалла, ылай…
Башка локациялар
-

Рушан үңкүрүндөгү музей
1978-жылдын июль айынын ысык бир күнүндө Сулайман-Тоодо 752 чарчы метр экспозициялык аянттагы 13 үңкүрдө жайгашкан тарыхый-аймак таануу музейи ачылган!
-

Мозаика доорлордун символу сыяктуу
Оштун айрым имараттарында сакталып калган монументалдык мозаика шаардын тарыхындагы совет мезгилинин визиттик картасы болуп саналат. Ошол мезгилдин рухуна толук канган мозаика паннолору Ошто биринчи жолу…
-

Токтогул атындагы сейил бак
Оштогу эң эски сейил бактардын бири, 1878-жылы генерал-губернатордун шаардык багы катары салынган. Ошол эле жылдары Ак-Бууранын сол жээгине чиркөө, казына, аскер казармалары жана дарыканасы бар…
-

Алай тоолорундагы советтик шаар
Советтик Ошко кош келиңиздер! Шаардын азыркы көрүнүшү негизинен совет мезгилде калыптанган. Бул пландарды 1930-жылдардын аягында ишке ашырууга экинчи дүйнөлүк согуш тоскоол болгон. Ошондуктан, Оштун толук…








