Тег: Тарых
-

Могол империясынын негиздөөчүсү Бабурдун бөлмөсү
Бул Сулайман-Тоодогу эң белгилүү тарыхый эстелик! Бул Индустан жарым аралындагы моголдордун империясынын негиздөөчүсү Захир ад-дин Мухаммед Бабурдун бөлмөсү. Мусулмандар бул бөлмөнү зыяратчылар ибадат кылуучу жана эс алуучу чакан үжүрө же медресе бөлмөсү деп аташкан.
-

Сулайман-Тоодогу чокулар жана үңкүрлөр
Сулайман-Тоо – узундугу 1 140 метр, туурасы 569 метр болгон, Фергана өрөөнүнүн түштүк-чыгыш бөлүгүндө, деңиз деңгээлинен 1 000 метрден ашык бийиктикте, Оштун тарыхый борборунда жайгашкан беш баштуу акиташ калдыгы.
-

Рушан үңкүрүндөгү музей
1978-жылдын июль айынын ысык бир күнүндө Сулайман-Тоодо 752 чарчы метр экспозициялык аянттагы 13 үңкүрдө жайгашкан тарыхый-аймак таануу музейи ачылган!
-

Башталыш. Ош конушу
1967-жылы Ош облустук край таануу музейинин советке чейинки тарых бөлүмүнүн башчысы Елена Дружинина Сулайман-Тоонун түштүк этегинен теги жана жазуусу боюнча чуст маданиятына окшош керамика буюмдарынын фрагменттерин таап алган. Бул археологиялык табылгадан Оштун 3000 жылдык тарыхын эсептөө башталган.
-

Сулайман-Тоодогу От дарбазасы
Байыркы Ош улуу Сулайман-Тоосу менен сыйкырдуу жагымдуулукка ээ, түрдүү диндердин жана ишенимдердин жактоочуларын өзүнө тартып, зыяратчылар менен дервиштердин зыярат кылуучу жайы катары кызмат кылып келет.
-

Тешик-Таш
Бул тээ илгертен бери сакталып келе жаткан базарга баруучу колориттик өтмөктөрдүн бири. Тээ алыскы убактарда жардагы таштуу жерлердин арасында жайгашкан турак жай кварталдарынан түшө турган кадимки өтмөк болгон.
-

Көп түрдүүлүк
Биз базарды шашпай, жайбаракат аралап чыгууну жыпар жыттуу көк чайдан баштоону сунуштайбыз. Базардын эски бөлүгүндөгү жергиликтүү чайханалардын бирине кириңиз. Жазылбаган салт боюнча базарга болгон саякат Ак-Бууранын жээгинде жайгашкан чайханаларга кирүүдөн башталат.
-

Кол өнөрчүлөр
Эски базар өз кол өнөрүнүн сырларын бекем сактаган кол өнөрчүлөр менен белгилүү, ал эми алардын буюмдарына ушул күнгө чейин жергиликтүү тургундардын суроо-талабы жогору. Алар буюмдардын сапатын жана көпкө чыдамдуулугун баалашат.
-

Темир усталардын катарлары
Темир усталардын катарлары миң жыл мурункудай эле Ак-Бууранын жээгинде, эски базардын эң колориттүү бөлүгүндө жайгашкан. Ар бир күнү эртең менен бул жерден дөшүгө тийген балканын катуу үндөрү угулат. Темир устачылык көп жылдык салт менен көбөйгөн тактык, эпчилдик жана чыдамкайлуулукту талап кылат, бул сапаттарсыз темир уста болууга болбойт.
-

Алтын базар
Эски базарга болгон саякатты Шейит-Дөбө тарыхый кварталындагы Ленин көчөсү тараптан өтүүчү эски өтмөктөн баштоону сунуштайбыз. Көчөдөн ал жак көрүнбөйт, өтмөк жарнама тактайлары менен тосулуп калган. Бул өтмөк жарда курулган үйлөрдүн жана соода жайларынын ортосунда жайгашкан тар, кээ бир жерлери ийри-буйру болгон өтмөк болуп саналат.




