Тег: Маданият
-
Ош шаарынын монументалдык искусствосу
3000 жылдан ашуун тарыхы бар Ош шаарынын монументалдык искусствосу боюнча, шаардын мозаикалары боюнча өтүлүүчү уникалдуу автордук тур. Бул экскурсияда сиз тарыхка жана советтик мурас тууралуу тереңирээк түшүнүк ала аласыз.
-
Шишкебектер!
Кыргызстандын башка эч бир жеринде Оштогудай шишкебектердин түрү жок. Дээрлик ар бир кафеде шишкебектин бир нече түрүнө буйрутма берүүгө болот. Алар койдун кабыргасынан, куйрук майы кошулган кой этинен, койдун боор этинен, уй этинен, тоок этинен жасалат жана люля-кебабдын бир нече түрү бар.
-
Памил чай
Эгерде туура демделген көк чайдан ырахат алууну кааласаңыз, Ошко кош келиңиз! Мында жайдын эң катуу аптабында да шаар тургундары чынардын түбүндөгү секилерге отуруп алышып, ысык көк чайдан жайдары ичишет.
-
Навай-нан: түштүктүн даамдуу нандары
Кыргызстандын эч бир жеринде Оштогудай тандыр нандардын түрлөрүн кездештирүүгө болбойт. Бул жакта дээрлик ар бир кварталда тандырканалар бар, мында таң эртеден тартып, нан салгычтарда табитти ачкан ысык нандар турат.
-
Эң майда мантылар
Майда манты – Ош ашканасынын вегетариандык тамактарынын эң белгилүүсү. Мурун аны көлөмүнө карап, «чычкан-манты» деп аташчу. Элдин арасындагы дагы бир аталышы «эки тыйын манты», анткени совет убагында анын бир даанасы 2 тыйындан сатылчу. Азыркы учурда бул аталыштардын ичинен «майда манты» деген аты гана калган.
-
Оштогу чыныгы самсалар!
Самса аш менен бирге оштун беш гастрономиялык брендине кирет. Ош ашканасын самсасыз элестетүү кыйын. Түштүк жана Түштүк-чыгыш Азияда жайылган самосалардан айырмаланып, Оштун самсасы бир топ чоң жана даамдуу!
-
Ош ашы
Аш – бул Оштун негизги тамагы! Бекеринен шаар менен тамактын аталышы окшош болбосо керек. Ошто Ташкент же Самарканд ашынан айырмаланган, аштын классикалык түрүн жасашат. Андижан, Маргилаң жана Өзгөндө жасалган аштардын вариациялары менен окшоштугу бар.
-
Памирге болгон жол Оштон башталат!
Оштогу өзгөчө эстеликтердин бири! Памир тракты – дүйнөдөгү эң бийик тоолуу жолдордун бири, 1894-жылы Россия империясынын армиясынын саперлору Мицкевич, Бураковский жана Зараковский тарабынан эски кербен жолдорун бойлой салынган.
-
Ош чеби
Ош чеби 1919-жылы Россия падышалыгы убагындагы мурунку аскер казармаларынын ордуна курулган, “жаңы шаардын” дал борборундагы Курманжан Датка жана Ломоносов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан.
-
Көпүрөлөр жана Ак-Буура
Ош – көп сандагы көпүрөлөрдүн жана көпүрөчөлөрдүн шаары. Биз шаарда сейилдеп жүрүп, көпүрөлөрдө сейилдеп жүргөнүбүздү сезбейбиз, алардын алдында көп сандагы каналдар жайгашкан. Көпүрөлөрдүн көпчүлүгү Ак-Буура дарыясында жайгашкан. Ал Оштун борбору менен агып өтүп, шаарды оң жана сол жээкке бөлөт. ХХ кылымдын башында эле Ош ушинтип экиге бөлүнгөн.