Тег: Дин
-
Абдулла-хан IIнин мечит-рабаты
Абдулла-хан IIнин мечит-рабаты XVI кылымдагы Шейбаниддер доорундагы тарыхий-архитектуралык эстелик, ал Сулайман-Тоонун түндүк этегинде жайгашкан, болжолдуу түрдө 1580-жылы Бухарадан Ошко чейинки, Хорезмден Хорасанга чейинки эбегейсиз чоң аймакты башкарып турган Абдулла-хан IIнин бийлигинин гүлдөп турган кезинде курулган.
-
Нөлдүк километр. Сулайман-Тоонун этеги
Сулайман-Тоонун түндүк этегинин алдындагы аянт дайыма ачык жана адамдар көп жүргөн жай болчу. 1970-жылдарга чейин мурунку жаңы музейдин, фонтандын жана аянтчанын ордунда кадимки махалла, ылай топурактан курулган үйлөрү бар шаар кварталы бар болгон.
-
Орус православ чиркөөсү
Михайло-Архангельский храмы – Орус православ архитектурасынын жалгыз эстелиги, XIX кылымдын аягында анын айланасында “жаңы шаар” деп аталган Оштогу славян коомчулугу калыптана баштаган.
-
Таш бетиндеги сүрөттөр
Оштун миң жылдык тарыхынын айкын күбөсү болгон петроглифтер Сулайман-Тоонун дээрлик бардык жеринде кездешет. Алар көбүнчө бардык беш чокунун түштүк, чыгыш, түштүк-чыгыш жана түштүк-батыш капталдарында кездешет.
-
Могол империясынын негиздөөчүсү Бабурдун бөлмөсү
Бул Сулайман-Тоодогу эң белгилүү тарыхый эстелик! Бул Индустан жарым аралындагы моголдордун империясынын негиздөөчүсү Захир ад-дин Мухаммед Бабурдун бөлмөсү. Мусулмандар бул бөлмөнү зыяратчылар ибадат кылуучу жана эс алуучу чакан үжүрө же медресе бөлмөсү деп аташкан.
-
Сулайман-Тоодогу чокулар жана үңкүрлөр
Сулайман-Тоо – узундугу 1 140 метр, туурасы 569 метр болгон, Фергана өрөөнүнүн түштүк-чыгыш бөлүгүндө, деңиз деңгээлинен 1 000 метрден ашык бийиктикте, Оштун тарыхый борборунда жайгашкан беш баштуу акиташ калдыгы.
-
Рушан үңкүрүндөгү музей
1978-жылдын июль айынын ысык бир күнүндө Сулайман-Тоодо 752 чарчы метр экспозициялык аянттагы 13 үңкүрдө жайгашкан тарыхый-аймак таануу музейи ачылган!
-
Башталыш. Ош конушу
1967-жылы Ош облустук край таануу музейинин советке чейинки тарых бөлүмүнүн башчысы Елена Дружинина Сулайман-Тоонун түштүк этегинен теги жана жазуусу боюнча чуст маданиятына окшош керамика буюмдарынын фрагменттерин таап алган. Бул археологиялык табылгадан Оштун 3000 жылдык тарыхын эсептөө башталган.
-
Сулайман-Тоодогу От дарбазасы
Байыркы Ош улуу Сулайман-Тоосу менен сыйкырдуу жагымдуулукка ээ, түрдүү диндердин жана ишенимдердин жактоочуларын өзүнө тартып, зыяратчылар менен дервиштердин зыярат кылуучу жайы катары кызмат кылып келет.
-
Халмурзай жана Мухаммедбай түрктүн медресеси
Бүгүнкү күндө Навои, Курманжан Датка жана Ленин көчөлөрү менен белгиленген кварталдардан Оштун эски кварталдарынын белгилерин табуу кыйын. Ал өзүнүн тарыхый белгилерин дүркүрөгөн оңдоп-түзөөлөр башталган 1960-жылдары жоготкон. Мечит, медресе жана кербен сарайлардын эски имараттары совет стилиндеги жаңы типтеги имараттарга алмашылган.