Тег: Архитектура

  • Заманбап булгарыдан жасалган саркеч аксессуарлар

    Баит кызы Роза — дизайнер-конструктор жана кол өнөрчү. Ал заманбап булгарыдан сумкаларды, белдемчи жана ар түрдүү аксессуарларды жасоо менен алектенет. 21-кылымдын талабына ылайык саркеч кийимдерди тигип, жаш айымдарга заманбап образдарды тартуулап келет.

  • Ош шаарынын монументалдык искусствосу

    3000 жылдан ашуун тарыхы бар Ош шаарынын монументалдык искусствосу боюнча, шаардын мозаикалары боюнча өтүлүүчү уникалдуу автордук тур. Бул экскурсияда сиз тарыхка жана советтик мурас тууралуу тереңирээк түшүнүк ала аласыз.

  • Nomad Store — Тарыхтын сакчылары

    Nomad Store — бул жөн гана дүкөн эмес. Бул жерден сиз улуттук аксессуарларды, сумкаларды, тапочкаларды, таттууларды жана сувенирлерди сатып алуу менен бирге, алар сактап келген тарыхтарды да уга аласыз. Ар бир жасалгалардагы орнамент — бул ата-бабалардан калган белги, ал эми ар бир даам — салттын тереңинен келген эстелик. Nomad Store конокторго бул буюмдардын кантип, ким…

  • Анарым — арт дүкөнү

    Анарым — бул жерде ар бир буюм сезим менен жаралган. Ар биринде чыныгы сүрөтчүлөрдүн, кол өнөрчүлөрдүн жүрөгү, табигый,маданий жана руханий толгуулар жашайт. Дүкөндө живопись, керамика, жыгач буюмдары, уникалдуу декорлор, сувенирлер жана башка кооз жасалгалар чогулган. «Анарым» деген сөз — «менин анарым», жүрөктөгү кымбат нерсе дегенди билдирет. Анардын данектери сыяктуу эле, дүкөндөгү ар бир буюм —…

  • Гостевой дом “SEDEP”

    Sedep Guest House — Ош шаарындагы жайлуулук жана чыныгы кыргыз меймандостугу. Шаардын борборунан болгону 15 мүнөт алыстыкта жайгашкан биздин конок үйү тынч атмосфераны, ортопедиялык матрастары менен ыңгайлуу бөлмөлөрдү жана үйдө жасалган тамакты сунуштайт. Sedepтин өзгөчөлүгү — бул маданий чөмүлүү. Биз конокторду чыныгы Өзгөн пловун жасоо боюнча мастер-класска чакырабыз. Үйдүн кожойкеси менен бирге бардык этаптарды өткөрөсүз…

  • “Сурма Чебери” — салтты жанданткан жай

    «Сурма чебериде » сиз эмне таба аласыз: ✨ улуттук стильдеги фотозона — эсте каларлык сүрөттөр үчүн; ✨ этникалык кийимдерди ижарага алуу — аялдарга, эркектерге жана балдарга ылайыктуу улуттук кийимдер менен жасалгалар; ✨ бардык кийимдер жаралган устакананы.

  • Памирге болгон жол Оштон башталат!

    Оштогу өзгөчө эстеликтердин бири! Памир тракты – дүйнөдөгү эң бийик тоолуу жолдордун бири, 1894-жылы Россия империясынын армиясынын саперлору Мицкевич, Бураковский жана Зараковский тарабынан эски кербен жолдорун бойлой салынган.

  • Ош чеби

    Ош чеби 1919-жылы Россия падышалыгы убагындагы мурунку аскер казармаларынын ордуна курулган, “жаңы шаардын” дал борборундагы Курманжан Датка жана Ломоносов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан.

  • Көпүрөлөр жана Ак-Буура

    Ош – көп сандагы көпүрөлөрдүн жана көпүрөчөлөрдүн шаары. Биз шаарда сейилдеп жүрүп, көпүрөлөрдө сейилдеп жүргөнүбүздү сезбейбиз,  алардын алдында көп сандагы каналдар жайгашкан. Көпүрөлөрдүн көпчүлүгү Ак-Буура дарыясында жайгашкан. Ал Оштун борбору менен агып өтүп, шаарды оң жана сол жээкке бөлөт. ХХ кылымдын башында эле Ош ушинтип экиге бөлүнгөн.

  • Мозаика доорлордун символу сыяктуу

    Оштун айрым имараттарында сакталып калган монументалдык мозаика шаардын тарыхындагы совет мезгилинин визиттик картасы болуп саналат. Ошол мезгилдин рухуна толук канган мозаика паннолору Ошто биринчи жолу 1960-1970-жылдары пайда болгон, ал шаардын башкы реконструкциясы башталган кез болчу.