Оштун шаардык тарыхы тээ илгери калыптана баштаган. IX-X кылымдарда бул орто кылымдагы сепили бар типтүү шаар болгон, анын айланасында дарбазасы бар шаар жайгашкан. Ал эми XVII-XIX кылымдары Ош татаал көчөлөрү, ызы-чуу базарлары, чайханалары, мечиттердин жана медреселердин топтому бар классикалык чыгыш шаары катары калыптанган.

1876-жылдан тартып, Россия империясынын курамына киргенден кийин “эски шаардын” түштүгүндө (эски базардын аймагы) “жаңы шаар” пайда болуп, тез өнүгө баштаган. Дал ошол шаардын тегерегинде совет мезгилинде Ош шаары өнүккөн.

1938-жылы Кыргызстанга москвалык архитекторлордун тобу учуп келишкен, алардын алдында шаарларды жана шаар тибиндеги кыштактарды куруу жана реконструкциялоо милдети турган. Айтмакчы, 1939-жылы Ош шаары ушундай эле аталыштагы облустун административдик борбору болгон. 

1940-жылы Одесса көркөм училищасынын архитектура факультетинин бүтүрүүчүсү, таланттуу архитектор жана сүрөтчү Василий Змиевскийдин жетекчилиги алдындагы “Киргоспроект” трести Ошту куруу жана реконструкциялоо боюнча биринчи пландоо документтерин иштеп чыгат. Архитекторлор Оштун мурунку көрүнүшүн сактоо менен кварталдардын жана эски көчөлөрдүн жайгашуу өзгөчөлүгүн эске алып, көчөлөрүнүн тик бурчтуу жана радиалдык-тегерек торчолору бар шаардын аралашма пландоосун сунуш кылышкан. Шаардын жаңы тарыхы ушинтип башталган.


  • Памирге болгон жол Оштон башталат!
    Оштогу өзгөчө эстеликтердин бири! Памир тракты – дүйнөдөгү эң бийик тоолуу жолдордун бири, 1894-жылы Россия империясынын армиясынын саперлору Мицкевич, Бураковский жана Зараковский тарабынан эски кербен жолдорун бойлой салынган.
  • Ош чеби
    Ош чеби 1919-жылы Россия падышалыгы убагындагы мурунку аскер казармаларынын ордуна курулган, “жаңы шаардын” дал борборундагы Курманжан Датка жана Ломоносов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан.
  • Көпүрөлөр жана Ак-Буура
    Ош – көп сандагы көпүрөлөрдүн жана көпүрөчөлөрдүн шаары. Биз шаарда сейилдеп жүрүп, көпүрөлөрдө сейилдеп жүргөнүбүздү сезбейбиз,  алардын алдында көп сандагы каналдар жайгашкан. Көпүрөлөрдүн көпчүлүгү Ак-Буура дарыясында жайгашкан. Ал Оштун борбору менен агып өтүп, шаарды оң жана сол жээкке бөлөт. ХХ кылымдын башында эле Ош ушинтип экиге бөлүнгөн.
  • Мозаика доорлордун символу сыяктуу
    Оштун айрым имараттарында сакталып калган монументалдык мозаика шаардын тарыхындагы совет мезгилинин визиттик картасы болуп саналат. Ошол мезгилдин рухуна толук канган мозаика паннолору Ошто биринчи жолу 1960-1970-жылдары пайда болгон, ал шаардын башкы реконструкциясы башталган кез болчу.
  • Эстеликтер алмашкан доорлордун символу сыяктуу
    Оштун борбордук аянтында коммунисттердин жол башчысы Владимир Лениндин эстелиги дагы деле турат, ал 1985-жылдын май айында тургузулган. 11 метр бийиктиктеги эстелик 12 метрлик постаментте көтөрүлгөн. Долбоордун автору совет скульптор-монументчиси Николай Томский эстеликтин ачылышына бир жыл калганда каза болгон.
  • Алай тоолорундагы советтик шаар
    Советтик Ошко кош келиңиздер! Шаардын азыркы көрүнүшү негизинен совет мезгилде калыптанган. Бул пландарды 1930-жылдардын аягында ишке ашырууга экинчи дүйнөлүк согуш тоскоол болгон. Ошондуктан, Оштун толук негизги реконструкциясы 1949-жылы башталган. 

  • Көркөм сүрөт музейи

    Тургунбай Садыков атындагы Ош облустук көркөм сүрөт музейи жергиликтүү музейлердин эң жашы. Ал 2014-жылы жергиликтүү сүрөтчүлөрдүн демилгеси менен ачылган. Бул укмуштуудай музей кол өнөрчүлөрдүн тарыхый…

  • Тешик-Таш

    Бул тээ илгертен бери сакталып келе жаткан базарга баруучу колориттик өтмөктөрдүн бири. Тээ алыскы убактарда жардагы таштуу жерлердин арасында жайгашкан турак жай кварталдарынан түшө турган…

  • Кыргызстандагы эң биринчи театр!

    Оштун театр искусствосу 1877-жылы башталган, анда театр ышкыбоздору “Адамдын тагдыры кудайдыкы эмес” спектаклин жана “Жакшы үй-бүлөдөгү чатак” водевилин коюшкан. Театр ийрими 4-Түркистан ырааттуу батальонунун аскердик…

  • Темир усталардын катарлары

    Темир усталардын катарлары миң жыл мурункудай эле Ак-Бууранын жээгинде, эски базардын эң колориттүү бөлүгүндө жайгашкан. Ар бир күнү эртең менен бул жерден дөшүгө тийген балканын…

  • Кол өнөрчүлөр

    Эски базар өз кол өнөрүнүн сырларын бекем сактаган кол өнөрчүлөр менен белгилүү, ал эми алардын буюмдарына ушул күнгө чейин жергиликтүү тургундардын суроо-талабы жогору. Алар буюмдардын…

  • Эң майда мантылар

    Майда манты – Ош ашканасынын вегетариандык тамактарынын эң белгилүүсү. Мурун аны көлөмүнө карап, «чычкан-манты» деп аташчу. Элдин арасындагы дагы бир аталышы «эки тыйын манты», анткени…

  • Көп түрдүүлүк

    Биз базарды шашпай, жайбаракат аралап чыгууну жыпар жыттуу көк чайдан баштоону сунуштайбыз. Базардын эски бөлүгүндөгү жергиликтүү чайханалардын бирине кириңиз. Жазылбаган салт боюнча базарга болгон саякат…

  • Орто кылымдагы мончо

    Сулайман-Тоонун түндүк этегиндеги орто кылымдагы мончонун калдыктары 1984-жылы павильон куруу үчүн курулуш иштерин жүргүзүп жаткан убакта күтүүсүздөн табылган.