Кирүү акысы – акысыз


06:00 – 20:00


Намаз убактысында жабык


Аял кишилер башын жабыш керек


Кол өнөрчүлөр көч. 33/1

Менин турума кош

Абдулла-хан IIнин мечит-рабаты

Абдулла-хан IIнин мечит-рабаты XVI кылымдагы Шейбаниддер доорундагы тарыхий-архитектуралык эстелик, ал Сулайман-Тоонун түндүк этегинде жайгашкан, болжолдуу түрдө 1580-жылы Бухарадан Ошко чейинки, Хорезмден Хорасанга чейинки эбегейсиз чоң аймакты башкарып турган Абдулла-хан IIнин бийлигинин гүлдөп турган кезинде курулган. Чоң дарбазасы (рабат) бар мечиттер анын мамлекетинин чектеринде чептин ролун ойногон.

Моголдор империясынын негиздөөчүсү Захир-ад-дин Мухаммад Бабур өзүнүн “Бабур-наме” трактатында Абдулла-хан IIнин мечити жүз жыл мурун курулуп, кийин бузулган Жауз мечитинин ордуна курулган деп тастыктаган. Археологдор мечиттин түбүндөгү бекемделген чептин алдынан жети катар кыш төшөмөнү табышкан, бул Бабурдун сөзүн тастыктаган.

Мечиттин баштапкы көрүнүшү кайра-кайра куруулардан жана оңдоолордон улам бузулган. Анын курулушу үчүн 70 пайызы гипстен жана чоподон турган ганч аралашмасынан жасалган өзгөчө тилке кыш колдонулган. Мындай кыш бат катып, орто кылымдагы усталарга имараттарды өзгөчө күч-аракетсиз куруу мумкүнчүлүгүн берген.

Совет мезгилинде мечит ар кандай чарба муктаждыктары үчүн колдонулган, бул анын абалына терс таасирин тийгизген. 1960-жылдардагы динге каршы жасалган кампаниялардын убагында совет архитектору Владимир Нусов аны бузулуудан сактап калган жана оңдоп-түзөө иштери үчүн алгачкы толук архитектуралык өлчөөнү жасаган. Археологдор тарабынан мечиттин маңдай жагынын чоң бөлүгү сакталып калган.

1963-жылы мечит Ош облустук тарыхый-аймак таануу музейинин карамагына архитектуралык эстелик катары өткөрүлүп берилген.  

1984-жылы археолог тарабынан мечиттин маңдай жагынын алдынан байыркы курулуштардын калдыктары табылган: түштүк жана батыш тарабынан эки кире бериш, көлмө жана башка курулмалар, михрабдын үстүндө жана каптал дубалдарда кара боек менен боелгон XIX кылымга таандык араб тилиндеги жазуулар.

Оңдоп-түзөөдөн кийин 1988-1990-жылдары мечитти мусулман коомчулугуна кайтарып беришкен. Азыркы учурда Оштогу тарыхый кварталда жума намазы окулуучу мечит болуп саналат.

  • Кол өнөрчүлөр кварталы

    Оштогу сүрөтчүлөрдүн шаардагы эң сүйүктүү кварталдарынын бири. Жергиликтүү пейзажисттердин арасында Сулайман-Тоодон кийинки эң белгилүү локация. Илгери мечит жана медреселер көп болгондугуна байланыштуу, Оштун бул бөлүгү…

  • Орто кылымдагы мончо

    Сулайман-Тоонун түндүк этегиндеги орто кылымдагы мончонун калдыктары 1984-жылы павильон куруу үчүн курулуш иштерин жүргүзүп жаткан убакта күтүүсүздөн табылган.

  • Халмурзай жана Мухаммедбай түрктүн медресеси

    Бүгүнкү күндө Навои, Курманжан Датка жана Ленин көчөлөрү менен белгиленген кварталдардан Оштун эски кварталдарынын белгилерин табуу кыйын. Ал өзүнүн тарыхый белгилерин дүркүрөгөн оңдоп-түзөөлөр башталган 1960-жылдары…

  • Мухаммад Юсуп Байходжа оглынын мечити

    Мухаммад Юсуп Байходжа оглынын мечити ХХ кылымдагы архитектуранын эстелиги, ал Навои көчөсүндө жайгашкан, Кыргызстандын түштүгүнө мүнөздүү кварталдык диний курулманын үлгүсүн көрсөтөт.


  • Эстеликтер алмашкан доорлордун символу сыяктуу

    Оштун борбордук аянтында коммунисттердин жол башчысы Владимир Лениндин эстелиги дагы деле турат, ал 1985-жылдын май айында тургузулган. 11 метр бийиктиктеги эстелик 12 метрлик постаментте көтөрүлгөн.…

  • Орус православ чиркөөсү

    Михайло-Архангельский храмы – Орус православ архитектурасынын жалгыз эстелиги, XIX кылымдын аягында анын айланасында “жаңы шаар” деп аталган Оштогу славян коомчулугу калыптана баштаган.

  • Көп түрдүүлүк

    Биз базарды шашпай, жайбаракат аралап чыгууну жыпар жыттуу көк чайдан баштоону сунуштайбыз. Базардын эски бөлүгүндөгү жергиликтүү чайханалардын бирине кириңиз. Жазылбаган салт боюнча базарга болгон саякат…

  • Алтын базар

    Эски базарга болгон саякатты Шейит-Дөбө тарыхый кварталындагы Ленин көчөсү тараптан өтүүчү эски өтмөктөн баштоону сунуштайбыз. Көчөдөн ал жак көрүнбөйт, өтмөк жарнама тактайлары менен тосулуп калган.…