Памил чай

Эгерде туура демделген көк чайдан ырахат алууну кааласаңыз, Ошко кош келиңиз! Мында жайдын эң катуу аптабында да шаар тургундары чынардын түбүндөгү секилерге отуруп алышып, ысык көк чайдан жайдары ичишет.

Оштогу чай маданияты Индия менен Кытайдан келген чай соодасын башкарган Пешавар жана Кашкар соодагерлеринин арты менен калыптанган. Фергана өрөөнүнө көк жана кара чайдын түрдүү сортторун ташышкан; альмура, альмурашиби, люнка, күмүшлюнка, пари-чай, навзугур, патта. Бүгүнкү күндө Оштун эски базарынан чайдын бул түрлөрүн сатып алууга болот, андан соң темир усталар чайханалардын чоң самоорлорун кантип жасай тургандыгын да көрүүгө болот.

Азыр сатыкка көк чайдын бардык түрлөрүнүн калдыктарын аралаштырып жана кыш массасына таңгактап жасалган түрлөрү да бар. Мындай чайлар арзан болгондуктан, чайхана ээлеринин арасында көп колдонулат. Оштун тургундары ага сүт жана сары май, кээ бирлери жыттуу гвоздика кошуп ичишкен.

Жүздөгөн жылдар өтсө да, көк чай Ошто белгилүү суусундук бойдон калууда. Белгилүү №95 көк чай жумшак жана жыпар жыттуу болгондуктан, ушул күнгө чейин жогорку суроо-талап менен колдонулат. Көк чай менен кара чайды аралаштырып демдеп ичкен тамак сүйүүчүлөр да бар, мындай чайды тамашалап, “раис-чай” деп атап коюшат.

Ошто кара чайды да, көк чайды да кантсыз ичишет. Кээде чайга күнкарама халвасын же сары нават кристаллдарын кошуп беришет. Айтмакчы, жергиликтүүлөр кара чайды “памил чай” деп айтышат. Бул сөз түрк тилиндеги сөздүктөрдүн эч биринде жок. Жүз жылдан ашык убакыт мурун жергиликтүү дүкөндөрдө “фамильный чайлар” сатылган, орус соодагерлери өз товарын ушинтип маркалашкан. Жергиликтүү тургундар “ф” тамгасын айтпастан, сөздүн түпкү айтылышын кыскартып, “памил чай” деген жаңы сөздү ойлоп табышкан. Ошентип, Фергана өрөөнүндө кара чайдын жаңы аталышы пайда болгон.

  • Навай-нан: түштүктүн даамдуу нандары

    Кыргызстандын эч бир жеринде Оштогудай тандыр нандардын түрлөрүн кездештирүүгө болбойт. Бул жакта дээрлик ар бир кварталда тандырканалар бар, мында таң эртеден тартып, нан салгычтарда табитти…

  • Ош ашы

    Аш – бул Оштун негизги тамагы! Бекеринен шаар менен тамактын аталышы окшош болбосо керек. Ошто Ташкент же Самарканд ашынан айырмаланган, аштын классикалык түрүн жасашат. Андижан,…

  • Шишкебектер!

    Кыргызстандын башка эч бир жеринде Оштогудай шишкебектердин түрү жок. Дээрлик ар бир кафеде шишкебектин бир нече түрүнө буйрутма берүүгө болот. Алар койдун кабыргасынан, куйрук майы…

  • Памил чай

    Эгерде туура демделген көк чайдан ырахат алууну кааласаңыз, Ошко кош келиңиз! Мында жайдын эң катуу аптабында да шаар тургундары чынардын түбүндөгү секилерге отуруп алышып, ысык…


  • Тешик-Таш

    Бул тээ илгертен бери сакталып келе жаткан базарга баруучу колориттик өтмөктөрдүн бири. Тээ алыскы убактарда жардагы таштуу жерлердин арасында жайгашкан турак жай кварталдарынан түшө турган…

  • Сулайман-Тоодогу От дарбазасы

    Байыркы Ош улуу Сулайман-Тоосу менен сыйкырдуу жагымдуулукка ээ, түрдүү диндердин жана ишенимдердин жактоочуларын өзүнө тартып, зыяратчылар менен дервиштердин зыярат кылуучу жайы катары кызмат кылып келет.

  • Алай тоолорундагы советтик шаар

    Советтик Ошко кош келиңиздер! Шаардын азыркы көрүнүшү негизинен совет мезгилде калыптанган. Бул пландарды 1930-жылдардын аягында ишке ашырууга экинчи дүйнөлүк согуш тоскоол болгон. Ошондуктан, Оштун толук…

  • Сулайман-Тоодогу чокулар жана үңкүрлөр

    Сулайман-Тоо – узундугу 1 140 метр, туурасы 569 метр болгон, Фергана өрөөнүнүн түштүк-чыгыш бөлүгүндө, деңиз деңгээлинен 1 000 метрден ашык бийиктикте, Оштун тарыхый борборунда жайгашкан беш баштуу…