
Тарыхый Ош
Эски Ошко кош келиңиздер! Биргеликте Сулайман-Тоонун этегин бойлоп, анын тарыхый бөлүгүндө тарыхый жазууларда жана хроникаларда айтылып калган эски шаардын рухун сезүү үчүн орто кылымдагы сырлар менен таанышып чыгалы.
Ош өзгөчө жерде жайгашкандыгынан улам, көптөгөн кылымдар бою Фергана өрөөнүндө жашаган көчмөн жана отурукташкан элдердин руханий маданиятынын ордосу болгон. Сулайман-Тоо элдин тартылуу борбору болуп саналган. Анын этегинде алгачкы орто кылымдан тартып жыйырманчы жүз жылдыкка чейинки тарыхтын эстеликтери жана архитектурасы сакталып калган.
Биз саякатыбызды Асаф ибн Бурхийдин күмбөзүнөн баштайбыз, андан кийин тоонун этек жагындагы төшөлгөн чыйыр жол менен орто кылымдагы мончонун урандыларына барабыз. Андан соң Абдулла-хан IIнин мечит-рабатына, шейбаниддердин жалгыз эстелигине барабыз. Андан чыгып, кол өнөрчүлөрдүн колориттүү кварталы аркылуу Навои көчөсүнө чыгабыз, ал жактан Юсуф Байходжа оглынын мечити алдыбыздан тосуп чыгат, бул качандыр бир кезде Фергана өрөөнүндө кеңири жайылган кайталангыс жыгач архитектурасынын жалгыз эстелиги болуп саналат. Саякатыбыздын акыркы жери Курманжан Датка жана Навои көчөлөрүнүн кесилиши болот, мурун бул жерде медреселер менен мечиттердин бүтүндөй бир тарыхий кварталы жайгашкан болчу.
Турдун локациялары
- Халмурзай жана Мухаммедбай түрктүн медресесиБүгүнкү күндө Навои, Курманжан Датка жана Ленин көчөлөрү менен белгиленген кварталдардан Оштун эски кварталдарынын белгилерин табуу кыйын. Ал өзүнүн тарыхый белгилерин дүркүрөгөн оңдоп-түзөөлөр башталган 1960-жылдары жоготкон. Мечит, медресе жана кербен сарайлардын эски имараттары совет стилиндеги жаңы типтеги имараттарга алмашылган.
- Мухаммад Юсуп Байходжа оглынын мечитиМухаммад Юсуп Байходжа оглынын мечити ХХ кылымдагы архитектуранын эстелиги, ал Навои көчөсүндө жайгашкан, Кыргызстандын түштүгүнө мүнөздүү кварталдык диний курулманын үлгүсүн көрсөтөт.
- Кол өнөрчүлөр кварталыОштогу сүрөтчүлөрдүн шаардагы эң сүйүктүү кварталдарынын бири. Жергиликтүү пейзажисттердин арасында Сулайман-Тоодон кийинки эң белгилүү локация. Илгери мечит жана медреселер көп болгондугуна байланыштуу, Оштун бул бөлүгү кээде “шейхтердин кварталы” деп аталчу.
- Орто кылымдагы мончоСулайман-Тоонун түндүк этегиндеги орто кылымдагы мончонун калдыктары 1984-жылы павильон куруу үчүн курулуш иштерин жүргүзүп жаткан убакта күтүүсүздөн табылган.
- Асаф ибн Бурхийдин күмбөзүАсаф ибн Бурхийдин күмбөзү Сулайман-Тоонун түштүк-чыгыш этегинде жайгашкан, XVIII кылымда Фергана архитектура мектебинин салты менен курулган. Тарыхый хроникаларда мазар деп айтылып калган.

Башка локациялар
-

Эң майда мантылар
Майда манты – Ош ашканасынын вегетариандык тамактарынын эң белгилүүсү. Мурун аны көлөмүнө карап, «чычкан-манты» деп аташчу. Элдин арасындагы дагы бир аталышы «эки тыйын манты», анткени…
-

Көпүрөлөр жана Ак-Буура
Ош – көп сандагы көпүрөлөрдүн жана көпүрөчөлөрдүн шаары. Биз шаарда сейилдеп жүрүп, көпүрөлөрдө сейилдеп жүргөнүбүздү сезбейбиз, алардын алдында көп сандагы каналдар жайгашкан. Көпүрөлөрдүн көпчүлүгү Ак-Буура…
-

Памирге болгон жол Оштон башталат!
Оштогу өзгөчө эстеликтердин бири! Памир тракты – дүйнөдөгү эң бийик тоолуу жолдордун бири, 1894-жылы Россия империясынын армиясынын саперлору Мицкевич, Бураковский жана Зараковский тарабынан эски кербен…
-

Навай-нан: түштүктүн даамдуу нандары
Кыргызстандын эч бир жеринде Оштогудай тандыр нандардын түрлөрүн кездештирүүгө болбойт. Бул жакта дээрлик ар бир кварталда тандырканалар бар, мында таң эртеден тартып, нан салгычтарда табитти…
-

Эстеликтер алмашкан доорлордун символу сыяктуу
Оштун борбордук аянтында коммунисттердин жол башчысы Владимир Лениндин эстелиги дагы деле турат, ал 1985-жылдын май айында тургузулган. 11 метр бийиктиктеги эстелик 12 метрлик постаментте көтөрүлгөн.…
-

Асаф ибн Бурхийдин күмбөзү
Асаф ибн Бурхийдин күмбөзү Сулайман-Тоонун түштүк-чыгыш этегинде жайгашкан, XVIII кылымда Фергана архитектура мектебинин салты менен курулган. Тарыхый хроникаларда мазар деп айтылып калган.
-

Памил чай
Эгерде туура демделген көк чайдан ырахат алууну кааласаңыз, Ошко кош келиңиз! Мында жайдын эң катуу аптабында да шаар тургундары чынардын түбүндөгү секилерге отуруп алышып, ысык…
-

Ош ашы
Аш – бул Оштун негизги тамагы! Бекеринен шаар менен тамактын аталышы окшош болбосо керек. Ошто Ташкент же Самарканд ашынан айырмаланган, аштын классикалык түрүн жасашат. Андижан,…








