
Навай-нан: түштүктүн даамдуу нандары
Кыргызстандын эч бир жеринде Оштогудай тандыр нандардын түрлөрүн кездештирүүгө болбойт. Бул жакта дээрлик ар бир кварталда тандырканалар бар, мында таң эртеден тартып, нан салгычтарда табитти ачкан ысык нандар турат. Аларды бышыруу үчүн набайчылар эртең мененки саат 3-4төрдө турушат, камыр жууруп, тандырларды кызытышат. Шаар кварталдарынын үстүндө таңдын атканын билдиргендей, таңкы таза аба менен ысык нандардын жыты жайылат.
Тандырканалар таң эртеден кечке чейин иштешет. Мусулмандардын Ыйык Рамазан айы убагында тандырканалар орозо кармоочулардын ыңгайлуулугу үчүн ооз ачарга чейин иштешет. Шейит-Дөбө кварталында орозо убагында жадагалса, атайын ооз ачар базар иштеп баштайт.
Ош нандарынын рецептурасы абдан жөнөкөй. Ага буудай уну, ачыткы жана туз эле кошулуп жасалат. Набайчылар аны камыр туруш менен жасоону сунуштайт, ошондо навай нандын даамы жакшы чыгат дешет. Майрамдарда жасалчу же башка нандардын түрлөрүнө сүт, сары май, чили мурчу, куурулган пияз, жука тууралган эттерди кошушат. Үлпөт тойлор үчүн мак кошулган чоң патыр нандарды бышырышат. Нандарга оюуларды түшүрүү үчүн чекичтер колдонулат, чекичтердин чоң ассортименти эски базарда сатылат.

Оштун нандары формасы жана көлөмү жагынан айырмаланат. Мисалы, чекелери калың болгон нандар бар, үйгө ала кетүү үчүн чайханаларда бул нандардын көңдөйүнө ашып калган палоону салып алууга болот.
Түрдүү кошулмалары жана рецептурасына жараша Оштун нандары абдан даамдуу жана жыпар жыттуу болот. Нандын үстүнө кунжут, мак себилет.
Даанышман Авиценна кунжуттун белгилүү касиеттерин билгендиктен, аны нандын бетине себүүнү сунуштаган деген уламыш бар. Тээ илгери адамдар чийки сууларды кайнатпай ичишкендиктен, дизентерия менен көп жабыркашкан. Авиценнанын сунушу менен нандын бетине кунжут сээп калышкан, бул дизентерияны кескин азайткан. Фергана өрөөнүндө, анын ичинде Ошто түрдүү уруктарды жана татымалдарды дары каражаты катарында көп колдонушкан.

Башка даамдар
-

Оштогу чыныгы самсалар!
Самса аш менен бирге оштун беш гастрономиялык брендине кирет. Ош ашканасын самсасыз элестетүү кыйын. Түштүк жана Түштүк-чыгыш Азияда жайылган самосалардан айырмаланып, Оштун самсасы бир топ…
-

Ош ашы
Аш – бул Оштун негизги тамагы! Бекеринен шаар менен тамактын аталышы окшош болбосо керек. Ошто Ташкент же Самарканд ашынан айырмаланган, аштын классикалык түрүн жасашат. Андижан,…
-

Навай-нан: түштүктүн даамдуу нандары
Кыргызстандын эч бир жеринде Оштогудай тандыр нандардын түрлөрүн кездештирүүгө болбойт. Бул жакта дээрлик ар бир кварталда тандырканалар бар, мында таң эртеден тартып, нан салгычтарда табитти…
-

Памил чай
Эгерде туура демделген көк чайдан ырахат алууну кааласаңыз, Ошко кош келиңиз! Мында жайдын эң катуу аптабында да шаар тургундары чынардын түбүндөгү секилерге отуруп алышып, ысык…
Башка локациялар
-

Эстеликтер алмашкан доорлордун символу сыяктуу
Оштун борбордук аянтында коммунисттердин жол башчысы Владимир Лениндин эстелиги дагы деле турат, ал 1985-жылдын май айында тургузулган. 11 метр бийиктиктеги эстелик 12 метрлик постаментте көтөрүлгөн.…
-

Орус православ чиркөөсү
Михайло-Архангельский храмы – Орус православ архитектурасынын жалгыз эстелиги, XIX кылымдын аягында анын айланасында “жаңы шаар” деп аталган Оштогу славян коомчулугу калыптана баштаган.
-

Рушан үңкүрүндөгү музей
1978-жылдын июль айынын ысык бир күнүндө Сулайман-Тоодо 752 чарчы метр экспозициялык аянттагы 13 үңкүрдө жайгашкан тарыхый-аймак таануу музейи ачылган!
-

Базардын тарыхы
Оштун эски базарынын жашы менен шаардын жашы бирдей. Бүгүнкү күндө жергиликтүү базарлардын көпчүлүгү жок болуп кетти, айрымдары өз локацияларын алмаштырды, эски базар гана доорлорду жана…








