

Кирүү акысы – 10-50 KGS

09:00 – 17:00

Дем алыш күнү жок

+996 706 54 58 87
Менин турума кош
Көркөм сүрөт музейи
Тургунбай Садыков атындагы Ош облустук көркөм сүрөт музейи жергиликтүү музейлердин эң жашы. Ал 2004-жылы жергиликтүү сүрөтчүлөрдүн демилгеси менен ачылган. Бул укмуштуудай музей кол өнөрчүлөрдүн тарыхый кварталында жайгашкан жана Абдулла-хан IIнин тарыхый жума мечит-рабатына чектешет. Көркөм сүрөт музейи мурунку Ош облустук край таануу музейинин имаратында жайгашкан. 1974-жылы экинчи кабатында экспозициялары бар административдик корпус курулган, бул жерде азыркы учурда көркөм сүрөт музейи жайгашкан.
Буга чейин бардык вернисаж, көргөзмө, перфоманстар Сүрөтчүлөр союзунун облустук бөлүмүнүн көргөзмө залында жана жалпы Кыргызстан боюнча Кара-Суу районунда кадимки колхоздо ачылган жалгыз картина галереясында өткөн. Музей ачылгандан кийин ага бул картина галереясынан 37 иш алынып келинген. Тилекке каршы, азыркы учурда бул галерея жабылган.
Көркөм сүрөт музейи өз маңызы боюнча Кыргызстандын түштүгүндөгү жалгыз музей. Музей коллекциясын 680ден ашык картина, скульптура, графикалык иштер жана колдонмо искусствосу түзөт. Жергиликтүү сүрөтчүлөрдүн дээрлик бардыгы музейге өздөрүнүн иштеринен акысыз түрдө эки даанадан өткөрүп беришкен.
Музейге белгилүү чеберлер Гапар Айтиев, Ольга Мануйлова, Аман Асранкулов, Баатыр Жалиев, Мырза Омуркулов, Леонтий Горбунов жана башка сүрөтчүлөрдүн эмгектери коюлган.
Ош шаарынын алгачкы сүрөтчүлөрүнүн бири Урумбай Ахуновдун иштери музей экспозициясында өзгөчө орунду ээлейт, анын ХХ кылымдын башындагы Оштун сүрөттөрү визуалдык архивдик күбө катары көрүнүп турат. Анын сүрөттөрүнөн шаардын тарыхын үйрөнүүгө болот, анткени сүрөтчү байыркы Ошту кылдаттык менен чагылдырган.
Музейде туруктуу түрдө ар түрдүү көргөзмөлөр жана перфоманстар өткөрүлүп турат. Азыркы замандын алдыңкы сүрөттөрүнөн тартып, Сулайман-Тоого арналган пейзаждуу тартуулардын көргөзмөсүнө чейин көрсөтүлөт. Оштук сүрөтчүлөрдүн оригиналдуу мүнөздө тартылган совет реализми стилиндеги иштери эң көп кызыгууну жаратат. Музейдин коллекциясы дайыма толукталып турат.

Жакындагы локациялар
-

Таш бетиндеги сүрөттөр
Оштун миң жылдык тарыхынын айкын күбөсү болгон петроглифтер Сулайман-Тоонун дээрлик бардык жеринде кездешет. Алар көбүнчө бардык беш чокунун түштүк, чыгыш, түштүк-чыгыш жана түштүк-батыш капталдарында кездешет.
-

Сулайман-Тоодогу чокулар жана үңкүрлөр
Сулайман-Тоо – узундугу 1 140 метр, туурасы 569 метр болгон, Фергана өрөөнүнүн түштүк-чыгыш бөлүгүндө, деңиз деңгээлинен 1 000 метрден ашык бийиктикте, Оштун тарыхый борборунда жайгашкан беш баштуу…
-

Рушан үңкүрүндөгү музей
1978-жылдын июль айынын ысык бир күнүндө Сулайман-Тоодо 752 чарчы метр экспозициялык аянттагы 13 үңкүрдө жайгашкан тарыхый-аймак таануу музейи ачылган!
-

Сулайман-Тоодогу От дарбазасы
Байыркы Ош улуу Сулайман-Тоосу менен сыйкырдуу жагымдуулукка ээ, түрдүү диндердин жана ишенимдердин жактоочуларын өзүнө тартып, зыяратчылар менен дервиштердин зыярат кылуучу жайы катары кызмат кылып келет.
Башка локациялар
-

Нөлдүк километр. Сулайман-Тоонун этеги
Сулайман-Тоонун түндүк этегинин алдындагы аянт дайыма ачык жана адамдар көп жүргөн жай болчу. 1970-жылдарга чейин мурунку жаңы музейдин, фонтандын жана аянтчанын ордунда кадимки махалла, ылай…
-

Памирге болгон жол Оштон башталат!
Оштогу өзгөчө эстеликтердин бири! Памир тракты – дүйнөдөгү эң бийик тоолуу жолдордун бири, 1894-жылы Россия империясынын армиясынын саперлору Мицкевич, Бураковский жана Зараковский тарабынан эски кербен…
-

Көпүрөлөр жана Ак-Буура
Ош – көп сандагы көпүрөлөрдүн жана көпүрөчөлөрдүн шаары. Биз шаарда сейилдеп жүрүп, көпүрөлөрдө сейилдеп жүргөнүбүздү сезбейбиз, алардын алдында көп сандагы каналдар жайгашкан. Көпүрөлөрдүн көпчүлүгү Ак-Буура…
-

Башталыш. Ош конушу
1967-жылы Ош облустук край таануу музейинин советке чейинки тарых бөлүмүнүн башчысы Елена Дружинина Сулайман-Тоонун түштүк этегинен теги жана жазуусу боюнча чуст маданиятына окшош керамика буюмдарынын…







