Эстеликтер алмашкан доорлордун символу сыяктуу

Оштун борбордук аянтында коммунисттердин жол башчысы Владимир Лениндин эстелиги дагы деле турат, ал 1985-жылдын май айында тургузулган. 11 метр бийиктиктеги эстелик 12 метрлик постаментте көтөрүлгөн. Долбоордун автору совет скульптор-монументчиси Николай Томский эстеликтин ачылышына бир жыл калганда каза болгон. Айтмакчы, Томский мурунку Советтер союзундагы Лениндин көптөгөн эстеликтеринин автору болуп саналат.

Ошто Лениндин эң биринчи эстелиги 1925-жылдын 1-майында шаардын эски бөлүгүнө клубдун алдына коюлган. Кийинчерээк аны Раззаков (мурунку Исфана) шаарына которушкан. Оштогу Лениндин башка эң белгилүү эстеликтери азыркы Алай ханышасы Курманжан Датканын эстелиги турган жерде жана православ чиркөөсүнүн алдында болчу.

Совет өкмөтүнүн башчысы Иосиф Сталиндин эстеликтери коммунисттик партиянын сталиндик маданиятты жокко чыгарган атактуу XX съездинен кийин шаар аянттарынан жана көчөлөрүнөн жок болуп кеткен. Алардын эң белгилүүсү ушундай эле аталыштагы көчөдө орнотулган болчу, азыр ал жерде “Өчпөс от” эстелик комплекси жайгашкан.

Сталиндин башка белгилүү эстелиги сейил бактын (Токтогул акындын урматына коюлган) борбордук кире беришинде болгон, ал Лениндин эстелигинин маңдайындагы постаментте турган. Азыр алардын орду гүл өстүрүлгөн чоң идиштерге айланган.

“Өчпөс от” комплексинин тарыхы кызыктуу, ал дагы совет бийлигинин идеологиялык каршылаштары менен болгон күрөштө каза болгон советтик аскер башчыларга арналган. Православ храмынын (совет мезгилинде Маданият үйү жана облустук филармония болгон) артында алардын аттары жазылган эстелик такталар орнотулган. Бүгүнкү күндө комплекстин бул бөлүгү 1986-жылы Чернобыль АЭСтеги кырсыкты жоюуга катышкан советтик жарандардын эстелиги болуп кайра жасалган.

2011-жылы православ храмынын түндүк дубалына “Энелердин көз жашы” мемориалдык комплекси курулган.

Бул квадратка орнотулган эстеликтерден шаардын ХХ кылымдын башынан тартып, азыркы күнгө чейинки тарыхын көрүүгө болот.

  • Алай тоолорундагы советтик шаар

    Советтик Ошко кош келиңиздер! Шаардын азыркы көрүнүшү негизинен совет мезгилде калыптанган. Бул пландарды 1930-жылдардын аягында ишке ашырууга экинчи дүйнөлүк согуш тоскоол болгон. Ошондуктан, Оштун толук…

  • Көпүрөлөр жана Ак-Буура

    Ош – көп сандагы көпүрөлөрдүн жана көпүрөчөлөрдүн шаары. Биз шаарда сейилдеп жүрүп, көпүрөлөрдө сейилдеп жүргөнүбүздү сезбейбиз,  алардын алдында көп сандагы каналдар жайгашкан. Көпүрөлөрдүн көпчүлүгү Ак-Буура…

  • Ош чеби

    Ош чеби 1919-жылы Россия падышалыгы убагындагы мурунку аскер казармаларынын ордуна курулган, “жаңы шаардын” дал борборундагы Курманжан Датка жана Ломоносов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан.

  • Эстеликтер алмашкан доорлордун символу сыяктуу

    Оштун борбордук аянтында коммунисттердин жол башчысы Владимир Лениндин эстелиги дагы деле турат, ал 1985-жылдын май айында тургузулган. 11 метр бийиктиктеги эстелик 12 метрлик постаментте көтөрүлгөн.…


  • Тешик-Таш

    Бул тээ илгертен бери сакталып келе жаткан базарга баруучу колориттик өтмөктөрдүн бири. Тээ алыскы убактарда жардагы таштуу жерлердин арасында жайгашкан турак жай кварталдарынан түшө турган…

  • Эң майда мантылар

    Майда манты – Ош ашканасынын вегетариандык тамактарынын эң белгилүүсү. Мурун аны көлөмүнө карап, «чычкан-манты» деп аташчу. Элдин арасындагы дагы бир аталышы «эки тыйын манты», анткени…

  • Орус православ чиркөөсү

    Михайло-Архангельский храмы – Орус православ архитектурасынын жалгыз эстелиги, XIX кылымдын аягында анын айланасында “жаңы шаар” деп аталган Оштогу славян коомчулугу калыптана баштаган.

  • Кол өнөрчүлөр

    Эски базар өз кол өнөрүнүн сырларын бекем сактаган кол өнөрчүлөр менен белгилүү, ал эми алардын буюмдарына ушул күнгө чейин жергиликтүү тургундардын суроо-талабы жогору. Алар буюмдардын…