

Кирүү акысы – акысыз

10:00 – 16:00

Дем алыш күнү жок
Менин турума кош
Темир усталардын катарлары
Темир усталардын катарлары миң жыл мурункудай эле Ак-Бууранын жээгинде, эски базардын эң колориттүү бөлүгүндө жайгашкан. Ар бир күнү эртең менен бул жерден дөшүгө тийген балканын катуу үндөрү угулат. Темир устачылык көп жылдык салт менен көбөйгөн тактык, эпчилдик жана чыдамкайлуулукту талап кылат, бул сапаттарсыз темир уста болууга болбойт.
Ар бир сокку керектүү чекитке жасалышы керек. Чынында темир устанын бир балкасынын салмагы орточо эсеп менен үч килограмды түзөт, ал эми сапаттуу буюм жасоо үчүн кеминде миң сокку урулушу керек.
Оштук темир усталар көп санда чыгуучу буюмдарды жана жеке буюмдарды жасашат. Алар кичине кетмен, чоң кетмен, кычкач, кол орок, балта, чалгы, айры, мык, така жана курулуш дүкөндөрүнөн таба албай турган жергиликтүү дыйкандарга керектүү башка көптөгөн буюмдарды жасашат. Кафелер үчүн чоң мантыкаскандарды жана чайханалар эле эмес, шаар тугундары да сатып алуучу көлөмдүү самоорлорду да жасашат. Кыргызстандагы эң даамдуу самсаларды жасай алган жергиликтүү ашпозчуларга керек болгон атайын буюмдарды темир усталар гана жасай алышат!
Оштун темир усталарынын таанымал буюмдарынын ичинде белгилүү бычактар өзгөчө орунду ээлейт. Бул кооз саймаланган бычактарды жасоо үчүн бир нече күн керектелет, ал эми бычактын мизин туура курчутууну уста жылдар бою үйрөнөт. Жергиликтүү темир усталарда сатыла турган даяр буюмдар дайыма болот. Бирок, алардын сатуудан баш тартып, аярлап сактаган бычактары да бар.
Мурун дээрлик ар бир бой жеткен эркек кишинин атайын куурунда булгаары салгычка салынган бычак илинип жүрчү, алар бул бычактар менен эт бөлүшүп, малдарды союшкан.
Мындай бычактардын сабын салттуу түрдө топоздун мүйүзүнөн жасашып, аны баалуу жана жарым-жартылай баалуу асыл таштар менен кооздошкон. Бычактын мизине ыйык жазуунун цитаталарын чегишип, этникалык стилдеги оюуларды жана устанын аты-жөнүн түшүрүшкөн.
Темир усталар – эски базардын салттарын сактоочулар. Алар кайсы мезгилге жана башкаруучуга карабастан, өз иштерин улантып келишет.

Жакындагы локациялар
-

Көп түрдүүлүк
Биз базарды шашпай, жайбаракат аралап чыгууну жыпар жыттуу көк чайдан баштоону сунуштайбыз. Базардын эски бөлүгүндөгү жергиликтүү чайханалардын бирине кириңиз. Жазылбаган салт боюнча базарга болгон саякат…
-

Темир усталардын катарлары
Темир усталардын катарлары миң жыл мурункудай эле Ак-Бууранын жээгинде, эски базардын эң колориттүү бөлүгүндө жайгашкан. Ар бир күнү эртең менен бул жерден дөшүгө тийген балканын…
-

Кол өнөрчүлөр
Эски базар өз кол өнөрүнүн сырларын бекем сактаган кол өнөрчүлөр менен белгилүү, ал эми алардын буюмдарына ушул күнгө чейин жергиликтүү тургундардын суроо-талабы жогору. Алар буюмдардын…
-

Алтын базар
Эски базарга болгон саякатты Шейит-Дөбө тарыхый кварталындагы Ленин көчөсү тараптан өтүүчү эски өтмөктөн баштоону сунуштайбыз. Көчөдөн ал жак көрүнбөйт, өтмөк жарнама тактайлары менен тосулуп калган.…
Башка локациялар
-

Нөлдүк километр. Сулайман-Тоонун этеги
Сулайман-Тоонун түндүк этегинин алдындагы аянт дайыма ачык жана адамдар көп жүргөн жай болчу. 1970-жылдарга чейин мурунку жаңы музейдин, фонтандын жана аянтчанын ордунда кадимки махалла, ылай…
-

Улуттук драма театры
Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театры Кыргызстандагы ири жана православ театрларынын бири. Театр 1972-жылы түзүлгөн, театрдын жаңы имараты курулганга чейинки эки жылдын ичинде артисттер…
-

Ош ашы
Аш – бул Оштун негизги тамагы! Бекеринен шаар менен тамактын аталышы окшош болбосо керек. Ошто Ташкент же Самарканд ашынан айырмаланган, аштын классикалык түрүн жасашат. Андижан,…
-

Ош чеби
Ош чеби 1919-жылы Россия падышалыгы убагындагы мурунку аскер казармаларынын ордуна курулган, “жаңы шаардын” дал борборундагы Курманжан Датка жана Ломоносов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан.






