Кирүү акысы – акысыз


06:00 – 20:00


Намаз убактысында жабык


Аял кишилер башын жабыш керек


Менин турума кош

Асаф ибн Бурхийдин күмбөзү

Асаф ибн Бурхийдин күмбөзү Сулайман-Тоонун түштүк-чыгыш этегинде жайгашкан, XVIII кылымда Фергана архитектура мектебинин салты менен курулган. Тарыхый хроникаларда мазар деп айтылып калган. Ислам дининде мазарлардын маданияты Х кылымдан тартып өнүгө баштаган, мында суфийлер өзгөчө ролду ойношкон. Көбүнчө алардын айланасына мечиттер, медреселер жана кербен сарайлар курулган.

Ош уездинин 1904-жылдагы жер жөнүндөгү документтеринде бул мазар үч мечиттен жана Асаф ибн Бурхийдин мүрзөсүнөн тургандыгы жазылган.  Уламыштарга таянсак, ал сөөгүн Ош шаарындагы тоонун этегине көмүүнү осуят кылган легендарлуу падыша Сулаймандын (Соломон) тилектештеринин бири болгон.

Тарыхчы Лев Зимин 1913-жылы жарыяланган “Мусульманское сказание об Оше” (Ош тууралуу мусулман айтымдары) эмгегинде ага мазардын ичине кирүүгө уруксат бербей коюшкандыгын эскерет. Мазардын кароолчусу ага Асаф ибн Бурхийдин мүрзөсүнүн үстүндө чоң таш бар экендигин айткан.

Күмбөздүн ички дубалдарынын бири Рамазанга айтылган тилек  жазылган “сулюс” стилиндеги жазуу менен кооздолгон, ал эми башкы эшиктин үстүндө көк түстөгү алтын тамгалар менен Сулайман жөнүндө хадис жазылган, эшиктин өзүнө Ахмед устанын аты оюлуп жазылган. Тилекке каршы, булардын бири да азыркы убакка чейин сакталып калган эмес.

1978-жылы күмбөздүн жанындагы башкы мечиттин имараты бузулган. Ага чейин ал консерва заводунун кампасы катары колдонулуп келген. 1980-1982-жылдары күмбөздү реконструкциялоонун биринчи планы иштелип чыккан. Анда күмбөздүн баштапкы көлөмү, маңдай жагы жана панжарасы калыбына келтирилген. Орто кылымдагылар перс тилинде  имаратты желдетүү жана жарыктын түз тийишинен коргоо үчүн колдонулуучу саймалуу терезе торчолорун панжара деп аташкан.

Күмбөздүн ачыла элек сыры ушундай. Ички казуулардын убагында археологдор арткы дубалдын алдынан өткөн “балаты” оюусу түшүрүлгөн XI-XII кылымдарга мүнөздүү кыш төшөмө табышкан, ал убакта мында караханиддер бийлик жүргүзүп турган.

  • Халмурзай жана Мухаммедбай түрктүн медресеси

    Бүгүнкү күндө Навои, Курманжан Датка жана Ленин көчөлөрү менен белгиленген кварталдардан Оштун эски кварталдарынын белгилерин табуу кыйын. Ал өзүнүн тарыхый белгилерин дүркүрөгөн оңдоп-түзөөлөр башталган 1960-жылдары…

  • Орто кылымдагы мончо

    Сулайман-Тоонун түндүк этегиндеги орто кылымдагы мончонун калдыктары 1984-жылы павильон куруу үчүн курулуш иштерин жүргүзүп жаткан убакта күтүүсүздөн табылган.

  • Мухаммад Юсуп Байходжа оглынын мечити

    Мухаммад Юсуп Байходжа оглынын мечити ХХ кылымдагы архитектуранын эстелиги, ал Навои көчөсүндө жайгашкан, Кыргызстандын түштүгүнө мүнөздүү кварталдык диний курулманын үлгүсүн көрсөтөт.

  • Кол өнөрчүлөр кварталы

    Оштогу сүрөтчүлөрдүн шаардагы эң сүйүктүү кварталдарынын бири. Жергиликтүү пейзажисттердин арасында Сулайман-Тоодон кийинки эң белгилүү локация. Илгери мечит жана медреселер көп болгондугуна байланыштуу, Оштун бул бөлүгү…


  • Орус православ чиркөөсү

    Михайло-Архангельский храмы – Орус православ архитектурасынын жалгыз эстелиги, XIX кылымдын аягында анын айланасында “жаңы шаар” деп аталган Оштогу славян коомчулугу калыптана баштаган.

  • Алтын базар

    Эски базарга болгон саякатты Шейит-Дөбө тарыхый кварталындагы Ленин көчөсү тараптан өтүүчү эски өтмөктөн баштоону сунуштайбыз. Көчөдөн ал жак көрүнбөйт, өтмөк жарнама тактайлары менен тосулуп калган.…

  • Памирге болгон жол Оштон башталат!

    Оштогу өзгөчө эстеликтердин бири! Памир тракты – дүйнөдөгү эң бийик тоолуу жолдордун бири, 1894-жылы Россия империясынын армиясынын саперлору Мицкевич, Бураковский жана Зараковский тарабынан эски кербен…

  • Алай тоолорундагы советтик шаар

    Советтик Ошко кош келиңиздер! Шаардын азыркы көрүнүшү негизинен совет мезгилде калыптанган. Бул пландарды 1930-жылдардын аягында ишке ашырууга экинчи дүйнөлүк согуш тоскоол болгон. Ошондуктан, Оштун толук…