Ош ашы
Аш – бул Оштун негизги тамагы! Бекеринен шаар менен тамактын аталышы окшош болбосо керек. Ошто Ташкент же Самарканд ашынан айырмаланган, аштын классикалык түрүн жасашат. Андижан, Маргилаң жана Өзгөндө жасалган аштардын вариациялары менен окшоштугу бар.
Ош ашынын сыры “девзира” сортундагы күрүчтө. Бул жеңил жылмаланган күрүчтүн сортторунун жалпы аталышы, бул ыкма анын сууну сиңирүү жөндөмүн жогорулатат, бул аш жасалуучу күрүчтүн абдан маанилүү сапаты.
Кара-Дарыя жана Жазы дарыяларынын жайылмаларындагы темирдүү топурактарда өскөн Өзгөн “девзирасынын” мүнөздүү өзгөчөлүгү – бул анын данын бойлой созулган узунунан кеткен кызыл сызык. Ошондон улам бул күрүчтүн түсү кызгылт түстөн күрөң түскө чейин болот. Ак “девзира” же чунгар күрүчү да бар (Баткен облусунун Чоң-Кара жергесинде өсөт), ал бермет, ачык күрөң жана жалтырабаган саргыч түстө болот.
Күрүч сатып алууда дайыма сатуучудан күрүчтүн нымдуулукту кандай сиңире тургандыгын жана аш жасоо үчүн аны качан сууга чылап коюу керек экендигин тактап алууну эсиңизден чыгарбаңыз.
Ош ашын кафелерден табуу кыйын, анткени аны чайханаларда жасоо адатка айланган. Бул жерде Оштун башкы тамагын даярдоочу чайханалардын эки түрү бар. Биринчиси, ашты алдын ала макулдашылган убакытка даярдап беришет, экинчисинде ашты сиз өзүңүз даярдасаңыз болот. Бул үчүн сиз бардык керектүү кошулмаларды өзүңүз алып келип, отун жана казандын ижарасы үчүн акы төлөйсүз.
Чайханаларда 1 кг күрүчтү бир нече адамга эсептөө менен буйрутма беришет, буга эт жана май, сары сабиз кошулат. Кээде бул суммага бир нече табак “шакарап” (помидор жана пияздан жасалган салат) кошуп беришет. Чайханаларда тамактануу үчүн секиси бар бөлмөнү же ачык жайдагы орундуктарды беришет. Бул жерге азык-түлүк, салат, шириндиктерди жана суусундуктарды кошо ала келсеңиз болот. Эч кандай тыюулар жок. Ошондуктан, оштуктар кечки убакытты чайханаларда өткөрүүнү жакшы көрүшөт.

Башка даамдар
-
Эң майда мантылар
Майда манты – Ош ашканасынын вегетариандык тамактарынын эң белгилүүсү. Мурун аны көлөмүнө карап, «чычкан-манты» деп аташчу. Элдин арасындагы дагы бир аталышы «эки тыйын манты», анткени…
-
Памил чай
Эгерде туура демделген көк чайдан ырахат алууну кааласаңыз, Ошко кош келиңиз! Мында жайдын эң катуу аптабында да шаар тургундары чынардын түбүндөгү секилерге отуруп алышып, ысык…
-
Ош ашы
Аш – бул Оштун негизги тамагы! Бекеринен шаар менен тамактын аталышы окшош болбосо керек. Ошто Ташкент же Самарканд ашынан айырмаланган, аштын классикалык түрүн жасашат. Андижан,…
-
Навай-нан: түштүктүн даамдуу нандары
Кыргызстандын эч бир жеринде Оштогудай тандыр нандардын түрлөрүн кездештирүүгө болбойт. Бул жакта дээрлик ар бир кварталда тандырканалар бар, мында таң эртеден тартып, нан салгычтарда табитти…
Башка локациялар
-
Нөлдүк километр. Сулайман-Тоонун этеги
Сулайман-Тоонун түндүк этегинин алдындагы аянт дайыма ачык жана адамдар көп жүргөн жай болчу. 1970-жылдарга чейин мурунку жаңы музейдин, фонтандын жана аянтчанын ордунда кадимки махалла, ылай…
-
Рушан үңкүрүндөгү музей
1978-жылдын июль айынын ысык бир күнүндө Сулайман-Тоодо 752 чарчы метр экспозициялык аянттагы 13 үңкүрдө жайгашкан тарыхый-аймак таануу музейи ачылган!
-
Алтын базар
Эски базарга болгон саякатты Шейит-Дөбө тарыхый кварталындагы Ленин көчөсү тараптан өтүүчү эски өтмөктөн баштоону сунуштайбыз. Көчөдөн ал жак көрүнбөйт, өтмөк жарнама тактайлары менен тосулуп калган.…
-
Кол өнөрчүлөр
Эски базар өз кол өнөрүнүн сырларын бекем сактаган кол өнөрчүлөр менен белгилүү, ал эми алардын буюмдарына ушул күнгө чейин жергиликтүү тургундардын суроо-талабы жогору. Алар буюмдардын…