
Алай тоолорундагы советтик шаар
Советтик Ошко кош келиңиздер! Шаардын азыркы көрүнүшү негизинен совет мезгилде калыптанган. Бул пландарды 1930-жылдардын аягында ишке ашырууга экинчи дүйнөлүк согуш тоскоол болгон. Ошондуктан, Оштун толук негизги реконструкциясы 1949-жылы башталган.
Совет архитекторлору Владимир Нусов жана Леонид Куцемелов жаңы планында бир кабаттуу курулуштарды реконструкциялоого жана шаардагы алгачкы кичи райондорду курууга басым жасашкан. Тилекке каршы, ошол кезде көптөгөн тарыхый объекттер, көбүнчө эски мечиттер жана медреселер бузулуп кеткен.
1965-жылы Ошто биринчи жолу ири панелдүү үйлөр пайда болгон. Аларды мурунку совет өкмөтүнүн башчысы Никита Хрущевдун урматына “хрущёвка” деп атап коюшкан. Ошентип, Ошто “Черемушка” (азыркы “Сулайман-Тоо”) аттуу биринчи кичи район пайда болгон, ал Москвадагы белгилүү кичи районго окшош болгон.
Оштун экинчи пландык реконструкциясы 1970-жылы башталып, ал Кыргыз ССРинин 50 жылдыгын белгилөөгө арналган. Анда Ленин (азыркы Курманжан Датка) жана Свердлов (азыркы Ленин) борбордук эки кош көчөлөрүнүн көрүнүшү дээрлик толугу менен өзгөрүлгөн. Сулайман-Тоонун түндүк этегиндеги эски кварталдардын ордуна монумент жана таштан жасалган ардак такта пайда болгон. Азыр ал жердеги үч кабаттуу боз үйдүн жанындагы фонтан бузулган. Ошол эле жылдары Ошто Ош аэровокзалынын жаңы имараты, эки театр жана башка көптөгөн объекттер курулган, алар стили боюнча Фрунзедеги имараттарга окшош болгон.
1983-жылы Ошто жергиликтүү асман тиреген имарат – шаардагы жалгыз лифти бар жети кабаттуу турак үй пайда болгон. Оштун жаштары улуулардын тыюуларына карабастан, лифт тейлөөчүлөр урушканга чейин лифтке түшүп ойношчу.
1985-жылы башкы планга түзөтүү киргизилген. Бирок СССР тарап кетип, ал план ишке ашпай калган. Белгилей кетүүчү нерсе, Ошту реконструкциялоо боюнча бардык пландардын авторлору жолоочуларга Сулайман-Тоо бардык тараптан көрүнүп турушу үчүн шаардын өзгөчө жайгашуусун эске алышкан.

Жакындагы локациялар
-
Ош чеби
Ош чеби 1919-жылы Россия падышалыгы убагындагы мурунку аскер казармаларынын ордуна курулган, “жаңы шаардын” дал борборундагы Курманжан Датка жана Ломоносов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан.
-
Алай тоолорундагы советтик шаар
Советтик Ошко кош келиңиздер! Шаардын азыркы көрүнүшү негизинен совет мезгилде калыптанган. Бул пландарды 1930-жылдардын аягында ишке ашырууга экинчи дүйнөлүк согуш тоскоол болгон. Ошондуктан, Оштун толук…
-
Мозаика доорлордун символу сыяктуу
Оштун айрым имараттарында сакталып калган монументалдык мозаика шаардын тарыхындагы совет мезгилинин визиттик картасы болуп саналат. Ошол мезгилдин рухуна толук канган мозаика паннолору Ошто биринчи жолу…
-
Памирге болгон жол Оштон башталат!
Оштогу өзгөчө эстеликтердин бири! Памир тракты – дүйнөдөгү эң бийик тоолуу жолдордун бири, 1894-жылы Россия империясынын армиясынын саперлору Мицкевич, Бураковский жана Зараковский тарабынан эски кербен…
Башка локациялар
-
Алай тоолорундагы советтик шаар
Советтик Ошко кош келиңиздер! Шаардын азыркы көрүнүшү негизинен совет мезгилде калыптанган. Бул пландарды 1930-жылдардын аягында ишке ашырууга экинчи дүйнөлүк согуш тоскоол болгон. Ошондуктан, Оштун толук…
-
Тешик-Таш
Бул тээ илгертен бери сакталып келе жаткан базарга баруучу колориттик өтмөктөрдүн бири. Тээ алыскы убактарда жардагы таштуу жерлердин арасында жайгашкан турак жай кварталдарынан түшө турган…
-
Токтогул атындагы сейил бак
Оштогу эң эски сейил бактардын бири, 1878-жылы генерал-губернатордун шаардык багы катары салынган. Ошол эле жылдары Ак-Бууранын сол жээгине чиркөө, казына, аскер казармалары жана дарыканасы бар…
-
Сулайман-Тоодогу чокулар жана үңкүрлөр
Сулайман-Тоо – узундугу 1 140 метр, туурасы 569 метр болгон, Фергана өрөөнүнүн түштүк-чыгыш бөлүгүндө, деңиз деңгээлинен 1 000 метрден ашык бийиктикте, Оштун тарыхый борборунда жайгашкан беш баштуу…