

Кирүү акысы – 50-70 KGS

Жайында 09:00 – 20:00

Кышында 09:00 – 17:00

Дүйшөмбү

+996 703 57 27 77
Менин турума кош
Сулайман-Тоодогу чокулар жана үңкүрлөр
Сулайман-Тоо – узундугу 1 140 метр, туурасы 569 метр болгон, Фергана өрөөнүнүн түштүк-чыгыш бөлүгүндө, деңиз деңгээлинен 1 000 метрден ашык бийиктикте, Оштун тарыхый борборунда жайгашкан беш баштуу акиташ калдыгы.
Тоонун биринчи чокусу Сулайман чокусу деп аталат (кээде Буура деп аташат, бул котормосунда «төө» дегенди билдирет), бийиктиги – 1 162 метр. Анда Бабурдун бөлмөсү, ага катарлаш белгилүү Бел-Таш (бир нече жолу ылдый сыйгаланып түшө турган таш) жана Кол-Таш (же Бешик-Таш деп аташат) жайгашкан. Ошол эле жерде Чака-тамаар (демек, «тамчылап туруучу дегенди билдирет») тоонун эң табышмактуу үңкүрү бар, ал жакка сойлоп гана кирүүгө болот. Үңкүрдүн түбүнө чейин сойлоп кирүүгө бардыгы эле батына бербейт.
Экинчи чоку – Шор чоку, бийиктиги – 1 141 метр. Тоонун чокусунда туздуу катмарлар болгондуктан, ушинтип аталып калган. 1960-жылдары туздуу чокуну тик учактан реактив менен тазалашкан, анда түштүк тарабындагы тоонун этегин айланып өткөн Жаннат-Арык («Райский арык») толугу менен жабылган. Мунун баары тоого зыярат кылууга тыюу салуу үчүн жасалган. Бул жерде Кызыл жана Чилтенкана үңкүрлөрү жайгашкан, анын дагы бир аталышы Тешик-Таш, анын үч кире бериши бар.
Үчүнчү чоку – Рушан чокусу, бийиктиги – 1 175 метр. Бул Сулайман-Тоонун эң бийик чокусу, анын боорунда белгилүү үңкүрлөрдөгү музей жайгашкан. Тоонун кыры абдан курч, ал ислам дининдеги рухтар Бейишке бара турган чачтай ичке жана кылычтын мизиндей курч Сырат көпүрөсүн элестетип турат. Бул жерде Тепе жана Эшен үңкүрлөрү жайгашкан.
Төртүнчү чоку – Каттама-Таш чокусу, бийиктиги – 1 145 метр, ал катмарлуу таштарды элестетип турат.
Бешинчи чоку Келинчек («келин») же Ээр-Тоо жана Кекилик учар чокуларынан турат, Келинчек чокусу формасы жагынан ээрге окшош, ал эми Кекилик учар чокусу кекиликтер учуучу чоку болуп саналат. Бийиктиги – 1 119 метр.

Жакындагы локациялар
-

Рушан үңкүрүндөгү музей
1978-жылдын июль айынын ысык бир күнүндө Сулайман-Тоодо 752 чарчы метр экспозициялык аянттагы 13 үңкүрдө жайгашкан тарыхый-аймак таануу музейи ачылган!
-

Могол империясынын негиздөөчүсү Бабурдун бөлмөсү
Бул Сулайман-Тоодогу эң белгилүү тарыхый эстелик! Бул Индустан жарым аралындагы моголдордун империясынын негиздөөчүсү Захир ад-дин Мухаммед Бабурдун бөлмөсү. Мусулмандар бул бөлмөнү зыяратчылар ибадат кылуучу жана…
-

Сулайман-Тоодогу чокулар жана үңкүрлөр
Сулайман-Тоо – узундугу 1 140 метр, туурасы 569 метр болгон, Фергана өрөөнүнүн түштүк-чыгыш бөлүгүндө, деңиз деңгээлинен 1 000 метрден ашык бийиктикте, Оштун тарыхый борборунда жайгашкан беш баштуу…
-

Сулайман-Тоодогу От дарбазасы
Байыркы Ош улуу Сулайман-Тоосу менен сыйкырдуу жагымдуулукка ээ, түрдүү диндердин жана ишенимдердин жактоочуларын өзүнө тартып, зыяратчылар менен дервиштердин зыярат кылуучу жайы катары кызмат кылып келет.
Башка локациялар
-

Навай-нан: түштүктүн даамдуу нандары
Кыргызстандын эч бир жеринде Оштогудай тандыр нандардын түрлөрүн кездештирүүгө болбойт. Бул жакта дээрлик ар бир кварталда тандырканалар бар, мында таң эртеден тартып, нан салгычтарда табитти…
-

Темир усталардын катарлары
Темир усталардын катарлары миң жыл мурункудай эле Ак-Бууранын жээгинде, эски базардын эң колориттүү бөлүгүндө жайгашкан. Ар бир күнү эртең менен бул жерден дөшүгө тийген балканын…
-

Абдулла-хан IIнин мечит-рабаты
Абдулла-хан IIнин мечит-рабаты XVI кылымдагы Шейбаниддер доорундагы тарыхий-архитектуралык эстелик, ал Сулайман-Тоонун түндүк этегинде жайгашкан, болжолдуу түрдө 1580-жылы Бухарадан Ошко чейинки, Хорезмден Хорасанга чейинки эбегейсиз чоң…
-

Кол өнөрчүлөр
Эски базар өз кол өнөрүнүн сырларын бекем сактаган кол өнөрчүлөр менен белгилүү, ал эми алардын буюмдарына ушул күнгө чейин жергиликтүү тургундардын суроо-талабы жогору. Алар буюмдардын…








