Кирүү акысы – акысыз


10:00 – 16:00


Дем алыш күнү жок


Менин турума кош

Базардын тарыхы

Оштун эски базарынын жашы менен шаардын жашы бирдей. Бүгүнкү күндө  жергиликтүү базарлардын көпчүлүгү жок болуп кетти, айрымдары өз локацияларын алмаштырды, эски базар гана доорлорду жана мамлекеттерди өзгөртүп, Ак-Бууранын жээгинде жайгашуу менен өзүн өзгөртпөй келе жатат.

XIX кылымдын аягында жергиликтүү базарларда 8 миңден ашык адам кол өнөрчүлүк менен, ал эми 4 600 адам соода менен алектенген. Эски базарда 1911-жылы 1 300 соода орундары болгон. Базардын Оштогу башка соода аянтчалары менен биргеликте товар жүгүртүүсү Биринчи дүйнөлүк согуштун башындагы курс менен алганда бир нече миллион рублди түзгөн.

Совет убагында базарлар жоюлган эмес, алар мамлекеттик-жеке мамилелердин татаал тутумунун бир бөлүгү болуп саналган. Ал кезде аларды “колхоз рыноктору” деп атап башташкан. Алар төмөнкүчө бөлүнгөн: азык-түлүктүк; аралаш, мында айыл чарба азыктары да, өнөр жай товарлары да сатылган; мал-тоюттук, мында тирүү жандыктар, тоок жана алар үчүн тоюттар сатылган. Оштогу эски базар базарлардын аралаш тибине кирген.

1986-жылы Ош базарынын соода аянты 12 гектарга жакын болуп, анда 1 750 соода орундары, 500 павильон болгон. Базарда сактоочу жай, тез бузулуучу азыктарды сактоо үчүн алты муздаткыч, ошондой эле 68 орундуу мейманкана бар болгон. 1980-жылдары эски базар реконструкцияланып, борбордук кире беришке чоң арка курулган. Азыркы учурда аны павильондор тосуп калгандыктан көрүнбөй калган. Бардык тышкы алмашууларга жана өзгөртүүлөргө карабастан, ички бөлүгү чакан базарларга бөлүнүп, классикалык чыгыш базары бойдон сакталып калууда. Миң жыл мурункудай эле өзүнүн соодагерлерин жана кардарларын күтүүнү улантып жаткан эски базардын ачык түстөрүн, кайталангыс колоритин жана ар түрдүүлүгүн сезүү үчүн базарды аралап, көрүп келели. Сапарыңызды ушул күнгө чейин сакталып калган кире беришинен баштаңыз.

  • Темир усталардын катарлары

    Темир усталардын катарлары миң жыл мурункудай эле Ак-Бууранын жээгинде, эски базардын эң колориттүү бөлүгүндө жайгашкан. Ар бир күнү эртең менен бул жерден дөшүгө тийген балканын…

  • Базардын тарыхы

    Оштун эски базарынын жашы менен шаардын жашы бирдей. Бүгүнкү күндө  жергиликтүү базарлардын көпчүлүгү жок болуп кетти, айрымдары өз локацияларын алмаштырды, эски базар гана доорлорду жана…

  • Алтын базар

    Эски базарга болгон саякатты Шейит-Дөбө тарыхый кварталындагы Ленин көчөсү тараптан өтүүчү эски өтмөктөн баштоону сунуштайбыз. Көчөдөн ал жак көрүнбөйт, өтмөк жарнама тактайлары менен тосулуп калган.…

  • Көп түрдүүлүк

    Биз базарды шашпай, жайбаракат аралап чыгууну жыпар жыттуу көк чайдан баштоону сунуштайбыз. Базардын эски бөлүгүндөгү жергиликтүү чайханалардын бирине кириңиз. Жазылбаган салт боюнча базарга болгон саякат…


  • Орус православ чиркөөсү

    Михайло-Архангельский храмы – Орус православ архитектурасынын жалгыз эстелиги, XIX кылымдын аягында анын айланасында “жаңы шаар” деп аталган Оштогу славян коомчулугу калыптана баштаган.

  • Токтогул атындагы сейил бак

    Оштогу эң эски сейил бактардын бири, 1878-жылы генерал-губернатордун шаардык багы катары салынган. Ошол эле жылдары Ак-Бууранын сол жээгине чиркөө, казына, аскер казармалары жана дарыканасы бар…

  • Шишкебектер!

    Кыргызстандын башка эч бир жеринде Оштогудай шишкебектердин түрү жок. Дээрлик ар бир кафеде шишкебектин бир нече түрүнө буйрутма берүүгө болот. Алар койдун кабыргасынан, куйрук майы…

  • Сулайман-Тоодогу чокулар жана үңкүрлөр

    Сулайман-Тоо – узундугу 1 140 метр, туурасы 569 метр болгон, Фергана өрөөнүнүн түштүк-чыгыш бөлүгүндө, деңиз деңгээлинен 1 000 метрден ашык бийиктикте, Оштун тарыхый борборунда жайгашкан беш баштуу…